Навид Накви: 2020-жылы дагы 700 миң кыргызстандык жакырчылыкка кириптер болду

Навид Накви: 2020-жылы дагы 700 миң кыргызстандык жакырчылыкка кириптер болду

2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адамдар кириптер болду. Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч. Кантип мурдагы абалга кайтсак болот же өлкөнүн экономикасын кантип колдойбуз? Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк Банктын КРгы баш кеңсесинин өкүлү Навид Накви айтып берет.

БДБтын негизги миссиясы жакырчылык менен күрөшүү жана дүйнөдөгү бул категориядагы калктын деңгээлин 3%га кыскартуу болуп эсептелет. Бирок ошол эле кезде, Кыргызстанда жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны 20%ды түзөт. Бул дээрлик 1.5 миллион адам. Пандемиянын айынан дүйнөлүк экономиканын төмөндөшү жана башыбыздан өткөрүп жаткан КРгы саясий-экономикалык кризисти эске алганда, өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуунун келечеги кандай болмокчу?

– Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынан тартып, миграция маселесине чейин өлкөгө чоң сокку урду. Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, кичине, экономикасы кызмат көрсөтүү, мигранттардын акча которуусунан жана жаратылыш ресурстарынан көз каранды Кыргызстан – акыркы жылдардагы өнүгүүнүн жакшы жетишкендиктерин жокко чыгарып кое алгыдай болгон дүйнөлүк пандемиянын негативдүү таасиринде калды.

Болжолдуу анализ көрсөткөндөй, аталган кризистин масштабы 30 жыл илгери СССР кыйрагандагы социалдык-экономикалык катаклизм менен барабар болуп жатат.

 COVID-19 кризиси жакырчылыкты кыскартуудагы негизги фактор – калктын эмгек кирешесине таасир этти. Буга кошумча инфляциянын айынан калктын төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп, бул кырдаал жарандардын көбүн аярлуу катмарга түртүп койду.

2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өстү, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адамдар кириптер болду. Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч.   

Кыргызстан БДБтын тобуна 1992-жылы кошулду. Андан бери банк 2.04 млрд доллардан ашык финансылык колдоо көрсөттү. Бул арада кандай ири долбоорлор ишке ашты жана кайсынысын ийгиликтүү болду деп айтууга болот? Ишке ашырып жатканда маселе жараткан долбоорлор болдубу жана анын себептери эмнеде?

– Бүткүл Дүйнөлүк Банк 30 жылдан бери КРнын өнүгүү тармагындагы өнөктөшү болуп келет. БДБ колдогон долбоорлор мамлекеттик башкаруудагы финансылык колдоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорттук инфраструктуралар, таза суу менен камсыз кылуу, сугат иштери, айылдарды өнүктүрүү тармактарында маанилүү жыйынтыктарга жетишти.

Ал портфелдердин ичинен Кыргызстандагы Табигый кырсыктарга туруштук берүү долбоору (75 млн $), Таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны колдоо долбоору (59.5 млн $), Регионалдык экономикалык өнүктүрүү долбоору (60 млн $), «Келечек үчүн билим берүү долбоору» (50 млн $) эң ири долбоорлор болуп эсептелет.

Эң эле ийгиликтүүсү – айыл жерлериндеги таза суу менен камсыз кылуу жана санитария долбоору, жерлерди жана кыймылсыз мүлктөрдү регистрациялоо долбоору, Борбордук Азиядагы гидрометеорологияны модернизациялоо долбоору, жаратылыш кырсыктарын азайтуу долбоору, билим берүү тармагындагы глобалдык өнөктөштүк сыяктуу долбоорлор болду.  

Долбоорлорду ишке ашырууда тоскоол болгон жалпы мүнөздөгү маселелер бар. Биринчиден, бул долбоордун күчүнө кирүүсүн кечиктирүү: БДБтын директорлор кеңеши кабыл алган долбоорду КРнын бийлиги карап чыгып, күчүнө киргенге чейин көп убакыт өтүп кетет. Бул процедура өтө эле көп ички макулдашуулардан өтөт, анткени мамлекеттик структураларда кадрлар бат-бат алмаша берет.

COVID-19 илдети башталгандан тартып, БДБ Кыргызстанга 160.15 млн $ өлчөмүндө жардам көрсөттү. Анын ичинен 22.15 млн $ шашылыш медициналык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган, 138 млн $ – калктын жакыр катмарларына, андан сырткары пандемиянын кесепетинен жабыр тарткан ишканаларга берилген. Сиздин оюңузча, каражат канчалык туура бөлүнгөн? 

– Кризистин тез темп менен келгенин эске алсак, БДБ «Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтууга кеткен күтүлбөгөн чыгымдар» компонентин активдештирип, учурдагы долбоорлордун алкагында 9 млн $ бөлгөн. 12.15 млн $ насыяларды жана гранттарды тезинен берүү үчүн тездетилген каржылоо механизминин алкагында берилген, андан сырткары, ЮНИСЕФтин жардамы менен ишке ашкан пандемия менен тез арада күрөшүү Фондунан 1 млн $ каралган.

Пандемия менен күрөшүүгө колдоо көрсөткөн 22.15 млн $ КРна ооруну аныктоо үчүн лабороторияларга алынган жабдыктарга жана негизги медициналык товарларга, белгилүү медициналык мекемелердин оперативдүү ремонтуна жана кошумча адистерди тартып келүүнү каржылоого кеткен.

2020-жылы жакыр жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана кичи бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн БДБ Кыргыз Республикасына 138 млн $ бөлүп берген. 

«Социалдык тутуму жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттердин планы» (50 млн $) долбоору жокко чыгарылды. Микро-кичи жана орто бизнес ишканаларына кошумча жардам долбоору (50 млн $) жана үчүнчү айылдык инвестициялык долбоорун кошумча каржылоо (17 млн $) долбоорлорунун күчүнө кириши күтүүлүдө. CASA-1000 COVID-19 боюнча жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору (21 млн $) күчүнө кирип, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырып жатат.

  • Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган долбоорлорго мониторинг жүргүзүү системасы боюнча айтып берсеңиз.

Бүткүл Дүйнөлүк Банктын статьяларына ылайык, «бөлүнгөн бардык насыялар максаттуу жумшалууга тийиш жана кандай гана абал же саясий кырдаал жаралбасын же экономикалык эмес мүнөздөгү таасирлерге карабастан, насыялардын үнөмдүү, таасирдүү колдонулуу чаралары көрүлүүсү кажет» деп белгиленген.   

Бул талаптарга жана БДБтын башка кабыл алган эрежелерине ылайык, инвестициялык долбоорлорго насыя алуучулар үчүн сатып алуулар жөнүндө, товарлардын, жумуштардын, консультациялык эмес жана консультациялык кызматтардын, толук каржыланган же Дүйнөлүк банктан жарым каржыланган долбоорлор үчүн атайын жоболор кабыл алынган.

Мындан сырткары, долбоорлорду аткаруучу агенттиктер БДБка кетирилген чыгымдардын наркы, алардын категориясы тууралуу кенен жана үзгүлтүксүз финансылык отчетторду берип турууга милдеттүү. Ошондой эле агенттиктер долбоорду ишке ашыруу убагындагы тастыктоочу документтердин баарын сактоого жана аларды Дүйнөлүк банктын адистери же аудитордук фирмалар талап кылган кезде көрсөтүүгө милдеттенишет.

Эгерде антикризистик чаралар тууралуу айта турган болсок, алардын кайсыны көбүрөөк пайдалуу болуп жатат жана кайсы өлкөлөр бул маселелер менен ийгиликтүү күрөшүүдө?

– 2021-жылдын 30-мартында БДБ Европа региондору жана Борбордук Азия боюнча өзүнүн экономикалык отчетун жарыялады. Анда COVID-19 пандемиясы жана саясий туруксуздук Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык келечегин солгундатып койгонун көрүүгө болот. Орто мөөнөттүү өсүү божомолдору пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу төмөн. ИДӨдүн деңгээли пандемияга чейинки абалына 2023-жылы гана кайтып келиши мүмкүн, бирок ИДӨдүн ар бир жаранга карата нормалдуу абалга келишине көп убакыт талап кылынат.

Кризистен чыгуу үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Банк төмөндөгү чараларды сунуштайт.

Биринчиден, саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чечип, калкты тезирээк эмдөөдөн өткөрүш керек. Эмдөө экономиканын калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Экинчиден, жакыр жана жардамга муктаж болгон калктын катмарына тиешелүү жардамдар берилиши зарыл.  Болжолдоолорго ылайык, 2021-2022-ж.ж. жакырчылыктын деңгээли жогору боюнча кала бермекчи, себеби, пандемиянын кесепеттери үй-чарбачылыгына таасирин тийгизе берет. Социалдык жардам көрсөтүү системасына күч келет, анткени калктын аз камсыз болгон топторуна социалдык төлөмдөр берилиши керек. Кризистин кесепеттеринен калкты мурдагы абалына келтириш үчүн, социалдык коргоо программалардын көбөйтүлүшү талап кылынат.   

Үчүнчүдөн, микро-, кичи жана орто ишканалардын тезирээк финансылык туруктуу абалга келишине жана жумуш орундарын түзүүсүн камсыз кылыш үчүн аларга колдоо керек. Ковидден кийинки кризис менен ийгиликтүү күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн баары ушундай антикризистик чараларды колдонуп жатышат.  


Жогорудагы маек «Сорос-Кыргызстан» Фондунун финансылык каржылоосу жана «СоцЭкоИнициатива» коомдук бирикмесинин «Кыргыз Республикасына сырттан берилген жардамдардын ачыктыгы» долбоорунун алкагында даярдалды.

Read more

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Балык запастарын калыбына келтирүү максатында Талас районундагы жайлоодо жайгашкан Түз-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларына дагы 20 000 севан форелинин чабактары кое берилди. Бул демилге Талас регионалдык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгы тарабынан «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Экологдордун айтымында, тандалган

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызпатенттен алтын казуучу өндүрүштүнкалдыктары — кектерди курулуш тармагында кайра пайдалануу технологиясына автордук укук объектисин каттоо тууралуу күбөлүк алды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Бул окуя компаниянын туруктууөнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди өнөр жай өндүрүшүнө киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Кектердин экологиялык коопсуздугу илимий жактан да

«Альянс Алтын» Таластын  санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

«Альянс Алтын» Таластын санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

Таластагы райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 405 миң сомдук жаңы эмеректер жана жабдуулар алынды. Долбоорду «Альянс Алтын» каржылаган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. «Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Адилет Токторбаев билдиргендей, ишканага материалдык-техникалык базаны жакшыртууга колдоо көрсөтүү боюнча департаменттен расмий кайрылуу түшкөн. Буга байланыштуу керектүү жабдуулар менен камсыз

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

27-мартта «Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу тоо кен ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Компаниядан белгилешкендей, демилге корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында ишке ашып, компания Жерүй алтын кенин иштетип жаткан аймактагы билим берүүнү колдоого багытталган. Мектептерге заманбап компьютерлер, интерактивдүү панелдер жана принтерлер берилди. Компания