"Идеал-Фарм" ишканасы бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат даярдайт

"Идеал-Фарм" ишканасы бир күндө 24 тонна  дезинфекциялоочу каражат даярдайт

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын “Идеал-Фарм” филиалы өндүргөн фармацевтикалык продукциялар Россия, Казакстан, Армения жана Беларуска экспорттолуп жатканын жетекчиси Изат Конокбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, филиалда 95 пайыздагы медициналык спирт эритмеси, антисептикалык жана парфюмерия-косметикалык каражаттар өндүрүлөт. 

 “Биздин каражаттар ички рынокко да чыгат. Бирок, суроо-талап азыраак болгондуктан өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлөт. Сырьену “Кара-Балта спирт заводунан” алабыз. Завод күнүнө 5 литр көлөмдө 4 миң 800 бөтөлкө антисептикалык каражат чыгат. Эгер литр менен эсептегенде бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат куюлат. Ал эми парюфмерия-косметикалык каражат күнүнө орточо эсеп менен 100 миллиграммдан 80 миң даана бөтөлкө чыгарылат”,- деди ал.

 Акыркы үч айда бул филиал 300 млн сомдон ашык продукцияны экспорттогон. Өндүрүштүн көлөмү өсүп, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары түзүлүп, товарды туруктуу жеткирүү жолго коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып