Кыргызстанда быйыл 281,2 миң тонна таш көмүр, 2,04 млн тонна күрөң көмүр өндүрүлдү

Кыргызстанда быйыл 281,2 миң тонна таш көмүр, 2,04 млн тонна күрөң көмүр өндүрүлдү

2025-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 281,2 миң тонна таш көмүр казылып алынганын жана бул көлөм былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 32%га аз экени статистикалык маалыматтарда көрсөтүлдү. 

Ошол эле мезгилде күрөң көмүр өндүрүү 2,04 млн тоннага жетип былтыркыга караганда 23,7%га көп болгон. 

Адистердин айтымында, күрөң көмүрдү өндүрүү жылытуу сезонунун жакындап келатышына жана ички керектөөлөрдүн өсүп жатышына байланыштуу. 

Учурда Кара-Кече көмүр кенинде бир тонна көмүрдүн баасы 2 460 сом болсо, Бишкекте 5800 сомдон сатылып жатат. Мамлекет быйыл көмүрдүн баасын 6 600 сомдон ашырууга тыюу салган. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты