Бизнести социалдык тармактар аркылуу кантип алдыга жылдырууга болот? – Нускама

Бизнести социалдык тармактар аркылуу кантип алдыга жылдырууга болот? – Нускама

Акыркы беш жылда сооданы интернет ресурстарысыз элестетүү мүмкүн болбой калды. Айрыкча, Кыргызстанда ар бир дүкөндүн жок дегенде Инстаграмда өзүнүн профили бар. Учурда адамдар бутиктерден, ири соода борборлорунан же базарлардан буюм издеп убактын жана энергиясын  короткусу келбегени түшүнүктүү. Анткени интернет дүкөнүнөн эле карап, баасын сурап, андан кийин гана максаттуу түрдө дүкөнгө барып же үйгө жеткирүү кызматы менен алуу кыйла жеңил болуп калды.

Бишкектеги популярдуу аялдар кийим дүкөндөрүнүн кожойкеси дүкөнгө кардарлардын 70%дан ашууну социалдык тармактар аркылуу келээрин айтты. Башкача айтканда, онлайн режиминде инвестициялоо өзүн актайт. Бирок бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү үчүн жарайбы? Кандай күч, убакыт жана акча жөнүндө сөз болуп жатат? Бизнес тармагын социалдык тармактар ​​аркылуу илгерилетүүдө кандай факторлорду эске алыш керек?

Бул тууралуу социалдык тармактар ​​аркылуу сооданы илгерилетүү боюнча эксперт Салтанат Жумакалый кызы кеп кылат.

Социалдык тармактар жарнамалоо үчүн ыңгайлуу жер

Бүгүнкү күндө SMM (Social Media Marketing – англис тилинен которгондо социалдык тармактардагы маркетинг) – бизнестеги эң популярдуу тармактардын бири деп эсептейт эксперт. Маркетингдин милдети – өнүмдүн, кызматтын, компаниянын аталышы жөнүндө маалыматты жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү жана сатылып жаткан товардын сатылышын көбөйтүү үчүн керектөөчүлөргө пайдалуу жана маанилүү мүнөздөлгөн өнүмдүн касиеттери жөнүндө маалымат берүү.

Көчөдөн, телевизордон көргөн, радиодон уккан жарнамалар маркетингдин бир багыты болуп саналат. Социалдык тармактардын пайда болушу жана өнүгүшү менен маркетинг бул тармактарды жарнамалык каналдар катары карай башташты.

Ошентип, SMM – бул социалдык медиа платформаларында жүргүзүлүүчү ар кандай маркетинг формасы.

Учурда интернет сайттар тездик менен өнүгүп жатат, маселен, эки жыл мурда «Одноклассникиде» көп отурсак, эми Instagram, Facebook, WhatsApp, TikTok, Pinterest, Telegram, YouTube жана башка платформаларды активдүү колдонуп жатабыз. Бул тармактар ​​аркылуу маркетинг өзүн ар кандай жолдор менен көрсөтүп жатат, тагыраак айтканда, расмий жарнамалык кампаниялар аркылуу же «Жарнама» деп белгиленген басылмалардан, катталуучулары көп блогерлер аркылуу өзүн таанытуу жолдору менен ишке ашырылууда.

Бизнес ээлери үчүн кардарлары отурган туура социалдык тармакты тандоо маанилүү. Мисалы, жаңы TikTok тармагы өспүрүмдөр арасында көбүрөөк популярдуулукка ээ болсо, Фейсбукту көбүнчө улуу муун колдонот. Ошондой эле, платформанын популярдуулугун эске алуу керек. FB жарнамалык кеңсесинин 2021-жылга карата берген маалыматы боюнча, 2.5 млн кыргызстандыктар Инстаграмды, 750 миңден ашууну Facebook жана 700 миңден ашууну «Одноклассники» тармагын колдонушат.

Өз аудиторияңды табуу

Бардык социалдык тармактарда бир эле учурда жарнамалоого аракет кылбаңыз. Эгерде сиздин бизнесиңизди көтөрүүгө маркетинг фирмасын жалдоого же өзүңүздүн мобилдик командаңызды түзүүгө жана ушул платформалардын бардыгына катышууга акчаңыз болсо дагы, колдонуучулардын жеке мүнөзүнө байланыштуу бул ар дайым эле жакшы идея боло бербейт.

Товарларды сатуу үчүн бир гана Instagram жетиштүү, анткени каналдагы ар кандай узундуктагы жана көлөмдөгү фото жана видео материалдардын жардамы менен өнүмүңүздү сонун көрсөтүүгө болот. Instagram ар дайым өнүгүп турат, демек, эгер эки жыл мурда кызмат 30 секундага чейин видео жүктөөгө мүмкүнчүлүк берсе, учурда ал 60 мүнөткө чейин толук видеолорду жайгаштыра алат. Мындан тышкары, бул тармак жарнамалык убакытты сатып алууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, сиздин билдирүүңүздү белгилүү бир аудиторияга мүмкүнчүлүгүңүз жеткен убакытта көрсөтөт. Тармактардагы жарнаманын бул багыты таргетинг деп аталат.

Фейсбук социалдык тармагын бизнести илгерилетүү көз карашынан карап көрөлү. Ага аналитикалык маалыматты же лонгридге (анг., узак окууга арналган материалдан) артыкчылык берген улуу муун отурушат. Бул жерде сиз тийиштүү сүрөт жана видео колдоосу менен чоң тексттерди жарыялай аласыз. Ошондой эле акы төлөнүүчү жарнак мүмкүнчүлүгү бар.

«Бирок мен сизге активдүү кызыкдар болгон группалар аркылуу кыйыр түрдө алга жылууну сунуштайт элем. Мисалы, 30 миңден ашуун адамды камтыган «Покупай кыргызское» кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тобу Фейсбукта өтө активдүү иштешет. Бир группа сизге ушундай кеңири аудиторияга өз продуктуңуз жөнүндө акысыз айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берет», – дейт Салтанат Жумакалы кызы.

Эгерде продукт өспүрүмдөрдүн кызыгуусун туудурса, мисалы, сиз чет элдик университеттерге кирүү үчүн англис тили курстарын сунуштасаңыз, анда сиздин аудиторияңыз TikTok тармагында отурушат. Ал жерден даяр шаблондорду колдонуп, видео тартып, түзөтө аласыз. Бул тармак бир топ жаңы болгондуктан, каалаган контент сунушталат, башкача айтканда, колдонуучунун каналында видеонун мазмуну менен чыгууга мүмкүнчүлүктөр көп. Ал эми Инстаграмда болсо тармактык алгоритмдер сизди эң ​​мыкты көрүнүштөргө жеткирүү үчүн бир аз көбүрөөк күч-аракет жумшашыңыз керек.

Жалпысынан социалдык тармактарда бизнести илгерилетүүнүн төмөнкү артыкчылыктары бар:

– Арзан

Маркетингдин башка түрлөрүнө салыштырмалуу социалдык тармактар ​​өтө арзан. Аккаунттарды түзүү жана дээрлик бардык платформаларда жайгаштыруу акысыз. Ошондой эле, жарыялоону жайгаштыруу, жаңылыктар менен бөлүшүү жана аны абоненттерге жайылтуу мүмкүнчүлүгү үчүн акча талап кылынбайт. Сиздин билдирүүңүздүн аудиторияңызга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн ар кандай акы төлөнүүчү жарнамалык варианттар бар. Мисалы, Facebook белгилүү бир географиялык жерде жашаган колдонуучуларга жарнамаларды багыттоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Кардарлар менен түз байланышта болуу

Социалдык медиа ишканаларга максаттуу аудиторияны тартууга жана кардарлар менен байланышты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Постту жайгаштырып, аудиторияңыз аны көрөт деп үмүттөнүүнүн ордуна, адамдар менен түздөн-түз байланышта болуп, алардын суроолоруна жооп берип, мамиле кылсаңыз болот.

– Кардарлар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу мүмкүнчүлүгү

Кардарлар менен баарлашуу жана өз ара мамиле куруу менен кардарларыңыз жөнүндө көбүрөөк маалымат аласыз. Көпчүлүк адамдар жеке маалыматтары, табиттери, жактырган нерселери тууралуу социалдык тармактардагы профилдеринен билдиришет, бул бизнестин базасы үчүн абдан маанилүү.

Кемчиликтери

– Көп убакыт талап кылат

Бизнес көз карашынан алганда социалдык медиа маркетингдин негизги көйгөйү, бул укмуштай убакытты талап кылышы мүмкүн. Тармактык маркетинг кампаниялары бул бир жолку иш-чара эмес, аларды узак убакыт бою иштеп чыгуу керек. Ири компаниялар маркетингдин бул түрүн эффективдүү колдонушат, анткени маркетинг компанияларын башкарууну көптөгөн кызматкерлерге ишенип берүүгө ресурстар бар. Көптөгөн чакан ишканаларда мындай ресурстар жок.

– Түз жарнактын эффективдүүлүгү төмөнүрөөк

Коомдук медианы колдонгон ишканалар, албетте, өнүмдөрүн же кызматтарын сатууну көздөшөт. Бирок, ачык жарнамаларды байкоо оңой. Ачык сатуу аракеттери социалдык медианы илгерилетүүнүн тымызын формалары сыяктуу натыйжалуу болбойт. Ошондуктан маркетингди натыйжалуу колдонуу үчүн компаниялар социалдык медиа коомчулугунун мүчөсү катары кабыл алынышы керек. Оригиналдуу контент жана аудиториянын катышуусу буга жардам берет.

– Коомчулуктун сын-пикирлерин жана хакердик чабуулдарды күчөтөт

Коомдук медианын мүнөзүн эске алганда, ишкерлер бул жерде жарнамалоонун тобокелдиктерин билиши керек.

Коомдук баракча кардарлардын, мурдагы кызматкерлердин же атаандаштардын терс билдирүүлөрүнүн (чыныгы жана жалган) кол салуусуна туш болушу мүмкүн. Хакерлер туура эмес маалыматты жайылтуу же башаламандыкка жол берүү үчүн сиздин баракчаңызга кол салуу ыктымалдыгы жогору. Ушул кырдаалдардын бардыгы сиздин компанияңыздын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн.

Баасы

Ушул факторлордун бардыгын эске алуу менен, сиз социалдык медиа контентин өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр болушуңуз керек. Тармактарда колдонуучуларды сактап калуу үчүн, сапаттуу графиканы жана мазмундуу текстти камтыган контентти өндүрүү керек. Мисалы, өнүмүңүздүн кызыктуу фотографиялык кадрларын түзүү үчүн кесипкөй фотографты жалдасаңыз болот.

Лентаны кооз жасоо үчүн, графикалык дизайн кызматтары талап кылынышы мүмкүн. Кызыктуу жана окула турган текст жазууга сизге копирайтер  жардам берет.

Мунун бардыгы убакыт жана күч жагынан кымбатка тургандыктан, белгилүү бир жөндөмдөрдү жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү талап кылат. Бизнеске көп учурда социалдык тармактарды тейлөө боюнча жумуштарды алып барган SMM адистери чакырылат.

SMM жүргүзгөн адам товарларды жана кызматтарды онлайн каналдарда сатуу үчүн талап кылынган бардык нерселер менен алектенет, ачык жарнамаларды жайгаштырабы, социалдык тармактардагы баракчаларды биргелешип илгерилетүү үчүн блоггерлер, кардарлар, өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрөт. Ошондуктан көпчүлүк учурда, кайсы бир белгилүү блоггер товардын атын атап кетиши SMM адистери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болуп саналат. Сүрөттөр, видеолор, пайдалуу тексттер менен толтурулган кооз каналдар SMMчилердин же дагы өнүккөн базарларда айткандай, диджитал-маркетологдордун ишинин натыйжасы.

Аталган адистер сапаттуу иш алпарса, бизнесте жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Ийгиликтүү жумуштар көбүрөөк потенциалдуу сатып алуучуларды алып келет, компаниянын жана өнүмдүн маалымдуулугун жогорулатат, өнүмдөрдүн же кызматтардын сатылышын көбөйтөт, тезирээк кайтарым байланышты камсыз кылат, ар бир адамга өзүнүн эксперт же ой лидери катары кадыр-баркын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2021-жылга карата Бишкектеги эки социалдык тармакты: Инстаграм жана Фейсбукту жүргүзүү үчүн бир бизнестин болжолдуу чыгымдарын эсептеп көрөлү. Сиз жаңы эле коомдук тамактануу жайын ачтыңыз жана өзүңүздү базарда тааныштырышыңыз керек деп коёлу.

Чыгымдардын аталышыБаасы
SMM-адисин жумушка алуу15 000 сом (айына)
Бир профессионалдуу фотосессия3000 сом
Мекеменин артыкчылыктары тууралуу 2-3 профессионалдуу видеоролик10 000 сом
Тармактагы акы төлөнүүчү жарнамалар1000 сом
Блогерлер менен кызматташуу5000 сом

Ошентип, ушул эки социалдык тармакта жарнаманы ийгиликтүү баштоо үчүн 34 миң сом жана андан ашык каражат талап кылынышы мүмкүн (бюджетиңизге жараша). Бирок, баардыгы сиздин көз карашыңызга, мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жана каалоолоруңузга байланыштуу болот, ошондуктан тапшырманы досторуңузга жана тааныштарыңызга же SMM адисине тапшыруу менен чыгымдардын каалаган түрүн кыскартууга болот.

Социалдык тармактардагы иштериңизге ийгилик каалайбыз!

Read more

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Талас районундагы дарыяларына дагы 20 миң форелинин чабактары кое берилди – долбоорду «Альянс Алтын» колдооду

Балык запастарын калыбына келтирүү максатында Талас районундагы жайлоодо жайгашкан Түз-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларына дагы 20 000 севан форелинин чабактары кое берилди. Бул демилге Талас регионалдык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгы тарабынан «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Экологдордун айтымында, тандалган

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызпатенттен алтын казуучу өндүрүштүнкалдыктары — кектерди курулуш тармагында кайра пайдалануу технологиясына автордук укук объектисин каттоо тууралуу күбөлүк алды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Бул окуя компаниянын туруктууөнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди өнөр жай өндүрүшүнө киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Кектердин экологиялык коопсуздугу илимий жактан да

«Альянс Алтын» Таластын  санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

«Альянс Алтын» Таластын санэпид борборуна жабдууларды жана эмеректерди жаңыртты

Таластагы райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 405 миң сомдук жаңы эмеректер жана жабдуулар алынды. Долбоорду «Альянс Алтын» каржылаган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. «Альянс Алтын» ишканасынын өкүлү Адилет Токторбаев билдиргендей, ишканага материалдык-техникалык базаны жакшыртууга колдоо көрсөтүү боюнча департаменттен расмий кайрылуу түшкөн. Буга байланыштуу керектүү жабдуулар менен камсыз

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

«Альянс Алтын» Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды

27-мартта «Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы 11 мектепке санариптик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу тоо кен ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Компаниядан белгилешкендей, демилге корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында ишке ашып, компания Жерүй алтын кенин иштетип жаткан аймактагы билим берүүнү колдоого багытталган. Мектептерге заманбап компьютерлер, интерактивдүү панелдер жана принтерлер берилди. Компания