Жалал-Абад облусунда күн панелинин жардамы менен ичүүчү таза суу чыгарылды

Жалал-Абад облусунда күн панелинин жардамы менен ичүүчү таза суу чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Арал айылынын Майда-Мундуз тилкесинде алгачкы жолу күн панелдеринин жардамы менен иштеген ичүүчү таза суу чыгаруу системасы орнотулганын облустагы президенттин өкүлчүлүгү “Кабар” маалымат агентигине билдирди. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, долбоор 2025-жылдын июль айында башталып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.  Ага жалпы 6 млн 833 миң сом каражат жумшалып, натыйжада 300 кожолук таза суу менен камсыз болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси Тилек Текебаев аталган долбоор “жашыл энергияны” колдонуу менен таза суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун артыкчылыктуу үлгүсү экенин белгиледи. 

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 32 айыл жана 3 шаарда таза суу долбоорлору ишке ашырылып жатканын кошумчалады. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында алардын ичинен 5 айылда иштер толук аяктап, эл ичүүчү таза суу менен камсыз болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media