Мафия, коррупция, революциялар. Жумадыл Эгембердиев «Шоро» компаниясынын калыптануусу тууралуу

Мафия, коррупция, революциялар. Жумадыл Эгембердиев «Шоро» компаниясынын калыптануусу тууралуу

1992-жылы май айында Кыргызстандын базарында биринчи жолу максым суусундугу пайда болгон. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрү ага-ини Таабылды жана Жумадыл Эгембердиевдер сатууга алып чыккан 80 литр суусундук эки саатта эле түгөнүп калган.

Ага-инилер эч кандай акчасыз жана имараты, өнөктөшү жок эле жумушун башташкан. Бүгүнкү күндө болсо «Шоро» эң ири жана ийгиликтүү ата-мекендик компания болуп эсептелет.

Компаниянын негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев Economist.kg сайтына компаниянын өнүгүү этаптары, андагы кыйынчылыктар жөнүндө маек куруп жана өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу өзүнүн көз караштары, ойлору менен бөлүштү.

Китеп жана «Шоронун» калыптануусундагы ачуу чындыктар

Мен компаниянын калыптанышындагы ачуу чындыктар тууралуу китеп жазып жатам. Мындай иштерди жасаш үчүн жөндөмдүүлүк, талант керек экен, агам ошондой адам эле, белгилүү публицист эле. Бирок мен деле компаниянын тарыхын жакшы билем, дайыма кайнаган окуялардын арасында болуп келдим.

Ачуу чындык, биринчиден, менин өзүмө тиешелүү болду. Мен жөнөкөй эле айылдык бала болчум, убакыт өтүп чоң компания түптөдүм. Бул үчүн узак жолду басып өтүш керек болду. Биз агам экөөбүз башкача элек, бирок бизнес бизди өзгөрттү, албетте, жакшы жагына десем болот.

Жумушта дайыма талаш-тартыштар болуп турчу, бирок ошол талкуудан чындык жаралат экен. Жыйынтыгында, баары өсүүгө, өнүгүүгө алып келди. Биз эч качан байлык үчүн тартышпадык, бул биздин кичинебизден берки принциптерибиз эле.

Айсбергдин үстү тарабы – агамдын жумушу болчу, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзчү, саясат жана ушул сыяктуу сырткы жумуштарды бүтүрчү, ал эми айсбергдин ичи – мен аткарган кара жумуш эле.

Балалыгыбыздан бери эле жумуштарды бөлүп алчубуз, ал менин сабактарымды кылат, мен болсо үй тиричилигин жасайм. Жыйынтыгында, экөөбүз тең ыраазы болуп калчубуз.

Китебимде болсо өлкөнүн экономикасы, саясатчылардын башаламан жасаган иштери тууралуу жазып атам. Булар жөнүндө канча айтсаң да сөз түгөнбөйт. Эч бир чиновник бизнестин маңызын түшүнбөйт, болбосо, бүт жакшы жашоонун убайы ошол бизнестен келет эмеспи.

Бизнес бул саан уй сыяктуу, аны жакшылап асыраш керек, ишкерлер көбүрөөк салык төлөш үчүн аларга жакшы шарттарды түзүп берүү зарыл. Биздин бийлик болсо өзүнүн жөнөкөй функциясын да түшүнбөйт. 

Чиновниктер тарабынан жасалган басымдар жөнүндө

Албетте, идеалдуу эч нерсе болбойт, кээде туура эмес эсептеп коесуң, ал баарында эле болот. Бирок сен канча таза иштеп атсаң деле текшерүүчү келип, баары бир жумурткадан кыр табат. Ишиңден кынтык издеп туруп алганда айла жок бергенге туура келет. Мына ошентип эле коррупция гүлдөйт.

Биз өзүбүз туулгандан эле мамлекеттик ишкерлер – булар бай адамдар деген түшүнүктө болобуз. «Ал бажыканада иштейт», «ал тергөөчү», демек, кымбат машине минип жүрүш керек дейбиз. Ошон үчүн баары ошондой жумушта иштегиси келип атпайбы. 

Бизде үч жолу революция болду, бирок ошол революция элдин аң-сезиминде болуш керек эле. Бул эми узак мөөнөттү талап кылган кыял боюнча калып атат. Коомчулук менен иштешүүгө чоң эмгек талап кылынат.

Бийлик – элге таандык, ал өзүнүн укуктарын эл өкүлдөрүнө бериш керек. Коомчулук кимди тандаса, демек, ошого татыктуу. Бул мурда эле айтылган, андыктан адамдар өздөрү өзгөрүшү керек.

Компаниянын ичиндеги революциялар тууралуу

Биз агам экөөбүз ишкерликти баштаганда эч нерсе билчү эмеспиз. Жумушка туугандарды, кошуналарды, тааныштарыбызды алчубуз. Бирок алар максымды сатканга ишенишчү эмес. Биз бүт тааныштарыбызды чогултуп алып иштеп баштаганбыз.

Эки-үч жылдан кийин киреше түшө баштады. Мына ошондо мафия пайда болду, Ысык-Көлдө, Суусамырда, Талас жана башка жерлерде. Уурулук көбөйүп, акчабызды, суусундуктарыбызды уурдата баштадык. Мен уурдагандардын баарын кармап жүрдүм, алар болсо кайра эле өзүбүздүн туугандар болуп чыкты. Аларды эмне кылса болот деп бир жыл ойлондум, акыры жумуштан айдап салдым. Апам таарынып журдү, бирок жумуш ошону талап кылып жаткан болчу.   

Кийин мен кантип сынак өткөрүш керек, жумушчуларды баалоо, өстүрүү, коллективге мотивация берүү тууралуу HR багытында окуп баштадым. Кийин сатуу, товарды алга жылдыруу, маркетинг боюнча да окудум. Ошентип 10 жылымды окуп, билим алууга жумшадым. Ал эми биз жаңы баштаганда болсо бизнес тууралуу эч нерсе билчү эмеспиз, жөн гана максымды кайнатып эле сата берчүбүз.

Азыр жумушка алып жатканда болсо, биринчи кезекте, адамдын инсандык баалуулугунун багытын, андан кийин гана билими жана тажрыйбасына карайбыз.

2003-жылдары болсо керек эле, биздин айдоочуларыбыз иш таштоого чыгып, бир күндө баары жумушка чыкпай коюшту. Эгерде бир күндө товарды жеткирүүгө 10-15 литр бензин керектелсе, алар 40 литр куюп алышчу. Ошентип бензин уурдашчу.  Директорлорду, специалисттерди, бүт коллективди чогулттум да, рульга отуруп, товарды шаарга таркаткыла дедим. Бир жума ошентип иштедик, бул учурда жаңы айдоочуларды да алдык. Бул чечим жөнүндө аябай көп ойлондум, айдоочулардын арасында жакшы балдар да көп болчу, аларды кайра жумушка алдым.   

Кийинчерээк 2008-жылдары дагы бир жолу кадрларды алмаштырдык, бирок анда топ-менеджерлер кетти. Себеби, жетекчилерди алмаштырайын деп чечтим. Компания өсүп баратты, жумушчулар андан калбаш керек эле, анткени дал ошолор компаниянын тагдырын чече турган стратегиялык чечимдерди кабыл алышмак. Ал эми коллективде кээ бирөөлөр болсо окуп, өсүшчү эмес же башка эле жумуштар менен алектенишчү. Жумушка берилип иштешчү эмес. Ошентип жетекчилерди алмаштырып, бат эле жаңы команда топтоп алдым.

Кыйынчылыктар тууралуу

Он жыл ичинде стратегиядагы билимдин баасын билбегенимден 26 млн $ жоготтум. Биринчи күндөн баштап 1992-жылдан 2003-жылдарга чейин бир стакан суусундукту 2 сомдон сатчубуз. Ошентип эч эле акча болбой, баарыбыз карызга батып кеткенбиз. Жайында иштеп табабыз – кышында карыз алабыз.

Ошондо чыгымдарды жабыш үчүн бааны көтөрүш керектигин түшүндүм. Ал кезде «Шоро» дагы бренд болуп калган болчу. Максым чай же суудан кымбатыраак туруш керек эле. Сервис кылып, ыңгайлуулукту жараттым да, акырын жыл сайын бааны көтөрө баштадым.

Эмнеге бизнесмендер бийликке бараары тууралуу

Баарыбыз көргөндөй эле бизнес – бул алсыз звено. Аярлуу болгондуктан анын кызыкчылыктарын коргош үчүн ишкерлер саясатка барууга мажбур болуп  жатышат. Бул нерсенин өзү коррупция. Алар жалпы бизнестин эмес, өзүнүн компаниясынын гана кызыкчылыктарын коргоо үчүн барып атышат. Бирок саясатка приципиалдуу барбай, ар ким өз жумушу менен алектенгени туура дегендер деле бар.

Учурдагыдай саясатчылар менен келечекти кура албайсың. Ар ким өз көмөчүнө күл тартуу менен эле убара. Биз баарын көрүп турабыз го.

Жаш ишкерлерге  кеңеш

Мен эко-резорт «Кара-Булакты», агам «Супараны» курду. Булардын баарын биздин маданиятты, ата-бабаларыбыздан калган үрп-адаттарды кайра жандандыруу максатында кылдык. Жашоодо өзүңдүн бир миссияң болуш керек.

Акча табуунун көп жолдору бар, бирок алардын баары менен эле кетүүнүн кажети жок.

Бир нерсе жасаардан мурда «Мен киммин?» «Менин максатым эмне?» деген суроолорду өзүңө бер. Бул суроолорго жооп бергенден кийин гана өжөрлөнүп, тырышчаак болуп, жоопкерчиликтүү иште жана урмат-сыйга татыктуу бол. Ал эми бизде учурда кандай? Баары бажыканада иштегиси келет.

Компаниядан кеткенден кийинки жашоо туралуу

Мен беш жылдан бери иштебейм, компанияны жээним менен уулум карайт. Компаниядан кеткенден кийин өзүм жана ден соолугум менен алектене баштадым. Мурда күнүнө 12 сааттан иштечүмүн, балдарымды да көрбөй калчу элем. Үйгө түнөгөнү эле келип, таң атпай эрте жумушка кетет элем.

Азыр болсо өзүм менен алектенип, дүйнө кезип, саякаттап баштадым. Мурда кайсы бир технологияны же жабдыктарды издегени барчумун, азыр болсо жөн гана үй-бүлөмдү алып жөнөп калам. Түрдүү өлкөлөрдү, адамдарды, маданияттарды көргөн сайын өсүүнүн чеги жок экенине таң калам.  

Мен азыр өзүмдү бир жер төлөөдөн чыгып, жарыкты көргөн адамдай эле сезип жүрөм. Мурда компаниянын ийгиликтерине сүйүнүп эле жүрө берчүмүн, азыр болсо дүйнө чексиз экенин көрүп атам. Учурда уулум менен жээним компнанияны башкаруу жоопкерчилигин алгандан бери, биз агам экөөбүз канчалык эмгек кылып иштегенибизди түшүнүп жатышат.

Кыргызстандын келечеги тууралуу

Кыргызстан байып кетсе болот, бизге алтындын деле кереги жок. Көмүрдү деле казуунун зарылчылыгы жок. Биздин байлыгыбыз – биздин тоолорубуз. Ички дүң продуктубузду 10 жыл ичинде ар бир адамга 10 миң долларга чыгарсак болот.

Туризм 5 млрд $, айыл-чарба болсо ондогон миллиард доллар киреше алып келе алат. Биздин мөңгүлөрүбүз бар, бул деген түгөнбөс энергия, дарыялар – даяр электр энергиясы болуп атпайбы.

Он жылдан кийин эч бир кыргыз көмүр жакпаш керек. Баскычты бассаң, автоматтык түрдө жылып башташ керек, комфорт болушу зарыл. Ошондо шаарды түтүн каптабайт. Бүт баарын электр энергиясына өткөрүш керек.

Биз электрокарларды чыгарып, калк экологиялык транспортко өтүш үчүн салыксыз сатышыбыз керек. Дизель менен жүргөн машиналарга болсо, чоң салыктарды салыш керек. Бүт баары биздин колубузда, ким тоскоол боло алат? Биз эгер мындай долбоорду Илон Маскка айта турган болсок, ал дароо эле бул жерде өзүнүн заводун куруп салат.

Бизде болгону 7% гана түз жерлер, эртеңден тартып бул территорияга курулушка тыюу салыш керек, батыштагыдай баарын тоолордун этектерине салсак, сонун көрүнөт.

Биз келечекти ойлонбойбуз. Эгер бүт түздүктөргө курулуштар түшүп кетсе, азык-түлүк кантет? Эч кайсы мэр Бишкектин өнүгүүсүнүн стратегиясын билбейт, алар жер сатканды эле билишет. Баары кыска мөөнөттүү маселелер менен алек, келечекке карап кабыл алынган чечимдер жок.

Кыргызстан – бай өлкө, болгону бизде уурулар көп.  

Read more

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл. КРнын финансы системасы кантип түзүлгөн

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл. КРнын финансы системасы кантип түзүлгөн

2024-жылдын 20-августунда КРнын Улуттук банкы “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Монета чыгаруу Кара-Кыргыз автономиялык облусунун (ККАО) түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чыгарылды. Кыргызстандын финансы-банк системасынын келип чыгышы дал ушул саясий субъекттен башталат. Economist.kg бул тармак кантип өнүгүп, эгемендүүлүк менен улуттук валюта кыргыз

Олимпиадага барган балбандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Олимпиадага барган балбандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Таласта Париж жайкы олимпиадасынын катышуучулары, балбандарын тосуп алуу, аларга сый урмат көрсөтүү иш чарасында Альянс Алтын компаниясынын колдоосу менен балбандардын алгачкы машыктыруучуларына100 000 (жүз миң сом) акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, олимпиаданын катышуучуларынын башкы машыктыруучуларына 150 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мээрим Жуманазарованын атасы, алгачкы

Таластын башчысы Жерүй алтын кенине барды

Таластын башчысы Жерүй алтын кенине барды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев 2024-жылдын 10-августунда Жерүй алтын кенине барды. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишкансынын маалымат кызматы билдирди. Анда облус башчысы кендин бүгүнкү абалын жана аны иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, алтын ылгоодогу экологиялык талаптардын сакталышын жана жумушчуларга түзүлгөн заманбап шарттарды

Россиядан Кыргызстанга акча которуп квартира утуп алыңыз

Россиядан Кыргызстанга акча которуп квартира утуп алыңыз

Россиядан Кыргызстанга бат-бат акча которуп турасыңарбы? Анда сизде Бишкек шаарынан батир жана акчалай сыйлыктарды утуп алууга толук мүмкүнчүлүк бар, анткени «Компаньон Банкы» Россиядан Кыргызстанга акча которууларды жөнөтүүчүлөрү үчүн акцияны баштайт! 2024-жылдын 1-августунан 2025-жылдын 31-майына чейин ар бир которуу укмуштуудай байгелерди утуп алууга сизди жакындатат. Ал эми шарттары абдан оңой! «Компаньон