Эмне үчүн Кыргызстанда Zara жана H&M дүкөндөрү жок? Маркетологдун жообу

Эмне үчүн Кыргызстанда Zara жана H&M дүкөндөрү жок? Маркетологдун жообу

Бишкектеги соода түйүндөрүндө барган сайын көптөгөн кийим дүкөндөрү ачылууда. Бирок алардын ичинде Zara жана H&M сыяктуу белгилүү дүйнөлүк бренддер жок. Коңшу Алматы шаарында эле бир канча дүкөндөр бар. Ушундан улам эмнеге Кыргызстанда жок деген суроо туулат.

Dordoi-Plaza соода борборунун маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Батма Казакбаева бул суроолорго мындай деп жооп берди.

«Акыркы төрт жылда казакстандык базарга Zara жана H&M сыяктуу башка дагы дүйнөлүк бренддер кирди. Тааныштарыбыз эмнеге биздин соода борборлорубузда Zara дүкөнүнүн жоктугу тууралуу көп сурашат», – деп жазган ал өзүнүн фейсбук баракчасында.

Анын айтканына караганда, Zara бренди Massimo Dutti, Pull&Bear, Stradivarius, Oysho жана Bershka сыяктуу бренддер тиешелүү болгон испаниялык Inditex Group компаниясына таандык.

Казакбаева бул бренддерди алып келүүгө мүмкүн болбой жаткан негизги үч себепти айтып өттү.

  • Бишкектеги СБ нун аянтынын өлчөмү Inditex компаниясынын талаптарына жооп бербейт.

«Акыркы жолу сүйлөшүүлөр жүргөндө алардын шарттарынын бири – ижарага берилүүчү аянттын өлчөмү 50 миң кв.м болуш керектиги айтылган. Анткени алар дароо эле бир канча бренд менен киришет. Бир дүкөнгө жок эле дегенде 500 кв.м керектелет», – дейт маркетолог.

Бишкектеги эң чоң соода борборунун аянты – 35 миң кв.м, тагыраак белгилеп кете турган болсок, Global Building Area (GBA) жана ижарага жарактуу — Global Leasing Area (GLA). Компаниянын шартында GBA-50 миң кв.м, GBA-85 миң кв.м болуш керек.

  • Төлөм жөндөмдүүлүгү жана калк. Дүкөн ачаардан мурда алар кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалга изилдөө жүргүзүшөт.

«Биздин шаардагы калктын саны 1 гана миллионду түзөт жана алардын төлөө жөндөмдүүлүгү да жогору эмес. Алар дүкөнүн ачаардан мурда он жолу ойлонушат. Анткени алар үчүн башкысы – кирешени өстүрүү жана пайда көрүү болуп саналат», – деп түшүндүрөт ал.

  • Соода борборлор өздөрү да алар менен иштешүүгө даяр эмес.

Ижарага берүүчүлөр менен алуучулар ортосунда эки түрдүү карым-катнаш болот: туруктуу ижара акысы жана товар айлануудан түшкөн пайызды бөлүшүү.

«Чоң объекттер кредитке курулгандыктан, мындай келишимдерге кол коюу – тобокелге салгандык менен барабар. Анткени келечектеги кэш флоуну эсептен чыгыш кыйын. Эгерде сатык аз боло турган болсо, киреше да аз болот. Мындай учурда кредитке миңдеген долларларды төлөп жана СБ нун да чыгашаларын жаап туруш керек. Бирок биз багынбастан, башка жолдорун издейбиз. Жакын арада, шаардыктарды жакшы жаңылыктарыбыз менен сүйүнтөбүз деген ниеттебиз», – деп жазган автор өзүнүн постунда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) — сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүп берүүчү система  менен иштеген кафелерге текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагындагы олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Жогорку технологиялар паркы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча резидент компаниялардын жалпы кирешеси 17,1 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 50%га көп. Аталган мекеменин резиденттеринин экспорту 2025-жылы 16,3 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешенин 95,3%ын түзөт. Салыштырмалуу, 2024-жылы экспорт 10,67 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 93,

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди

Өткөн жылы Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунан бюджетке 701,9 миллион сом салык түрүндө түшкөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди. Салыктын негизги бөлүгүн виртуалдык актив кызмат көрсөтүүчүлөрү — алмашуу жайлары жана криптобиржалар камсыз кылган. 2025-жылы алар 495,76 млн сом төлөшкөн, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсе көп.

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты

Өткөн жылы виртуалдык активдер рыногундагы жалпы жүгүртүү 31 млрд доллардан ашканын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын отчетунда айтылат. 2025-жылы крипторыноктогу операциялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ал эми мыйзамдуу сектор жаңыдан калыптана баштаган 2022-жылы жүгүртүү болгону 8 млн долларды түзгөн. Транзакциялардын жалпы саны 2,1 миллиондон ашкан.