Швейцариялык инвестор Ысык-Атада балык тоюттарын өндүргөн завод ачты. Кубаттуулугун айына 600 тоннага жеткирүүнү пландашууда

Швейцариялык инвестор Ысык-Атада балык тоюттарын өндүргөн завод ачты. Кубаттуулугун айына 600 тоннага жеткирүүнү пландашууда

Ысык-Атада экологиялык таза балык тоюттарын өндүргөн завод ачылды. Аталган заводду «Максимум Фиш» ЖЧКнын негиздөөчүлөрү швейцариялык инвестор Гублер Даниэл Макс жана КРнын жараны Русланжан Аскаров ачышкан.

Economist.kg заводдун негиздөөчүлөрүнүн бири Русланжан Аскаров менен байланышып, заводдун кубаттуулугу, ишмердиги тууралуу бир катар суроолорду берди. Белгилей кетсек, аталган завод кийинки жылы азыктарын экспортко чыгарууну көздөөдө.
Заводду ачуу идеясы эмнеден улам келип чыкты?

Заводду ачуу чечими кокустан эле келип калган жок. Көп өлчөмдөгү балыкты өстүрүү үчүн биринчи аны жем менен камсыздоо керек. Андыктан сапаттуу, арзан тоют чыгарган заводду ачууну ойлонуп жүргөнбүз. Инвестор да бул ишти эртелетүүнү демилгеледи.

Тоюттарды Кыргызстандын ички рыногунда эле сатасыздарбы же экспортко чыгарасыздарбы?

Биздин тоюттар толугу менен ички рынокту камсыздоого багытталган. Бирок Европадан, Россиядан биздин чыгарган азыкты сатып алууга кызыккан кардарлар чыгууда. Бирок экспортко чыгууну кийинки жылдын аягына пландап жатабыз, анткени кубаттуулугу айына 500-600 тоннаны түзгөн дагы эки заводду ачабыз. Азыр жумушчуларды окутуп, даярдап жатабыз. Ушул айдын аягына чейин 150-200 тонна жем чыгарабыз.

Заводду ачууга каражатты кайдан алдыңыздар? Инвесторлор ким?

Жабдыктарды орнотуп, балык өстүргөн чарбалар менен тоюттарга мониторинг жүргүзүп, заводду алып, аны ишке киргизүүгө 700 миң доллар кетти. Долбоордун инвестору болуп, Швейцария жараны Даниэл Гублер саналат.

Кыргызстанда балык чарбасы учурда кандай абалда?

Жалпысынан балык чарбасы тармагындагы тенденцияны айта турган болсок, жакынкы жылдары бул аябай эле сапаттуу жака өзгөрөт. Олку-солку абалдан көбүрөөк системалуу, туруктуу өнүгүү багытына өтөт. Мындай жыйынтыкка Айыл чарба министрлигинин астындагы балык чарба департаментинин активдүү иш-аракеттери себеп болууда деп айтсак болот.

Чет элдик атаандаштар өндүрүшчүлөрдүн бааларынан сиздердин продукциянын баа айырмачылыгы кандай? Арзанбы же кымбатбы?

Баа саясаты тууралуу айта турган болсок, эң сапаттуу деп эсептелген европалык балык тоюттары 210 сомдун (кг) тегерегинде турат, сапаты дал эле ошондой биздин азык 135 сом болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр