Кыргызстанда балык сатуу канчалык кирешелүү жана эмне үчүн кымбат европалык балык жеми жергиликтүү тоюттан жакшыраак — интервью

Кыргызстанда балык сатуу канчалык кирешелүү жана эмне үчүн кымбат европалык балык жеми жергиликтүү тоюттан жакшыраак — интервью

Балык өстүрүү Кыргызстандагы айыл чарба ишкерлеринин арасында кеңири таралган бизнес. Бирок бул тармакта да кээ бир нюанстар бар. Балык чарба ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаев Economist.kg басылмасына берген маегинде тармактын өнүгүүсү, тоют тандоонун өзгөчөлүктөрү жана жергиликтүү рынокто балык сатуу кирешелүүбү же жокпу, ошол тууралуу айтып берди.

Өндүрүш көлөмү

Досаев билдиргендей, Балык чарбалар ассоциациясына 60ка жакын ишкана кирет. Бирок Кыргызстанда балык өндүрүү менен алектенген уюмдардын жалпы саны алда канча көп – 350гө жакын. Алардын арасында жеке чарбалар жана жеке ишкерлер бар.

«Акыркы он жылда Кыргызстанда балык өнөр жайы абдан тез өнүгүп жатат. Себеби, бизде форель өстүрүүгө өзгөчө жакшы шарттар түзүлгөн. Көптөгөн майда балыктардын түрлөрү, ошондой эле ылайыктуу суу бар. Мындан тышкары көлмөлөрдө, бассейндерде, садоктордо жана башкаларда өндүрүш технологиясы жакшы иштейт», — деди ал.

Досаев кошумчалагандай, балык чарбалары Кыргызстандын ички муктаждыктарын оңой эле жабат. Мисалы, 2022-жылы 20 миң тонна балык өндүрүлгөн. Эгерде бул көлөмдү шарттуу 6 млн адамга бөлсөк, анда ал киши башына 3.3 килограммдан чыгат, ал эми керектөө 1.5-2 кг түзөт.

Баалар жана киреше

Досаев белгилегендей, Кыргызстанда балыктын килограммы 400 сомдун тегерегинде сатылууда. Анын пикири боюнча, бул баа балык өндүрүүчүлөрдүн балык өстүрүү, тоют жана чабакка кеткен чыгымын жабат.

«Ошондой эле тобокелчиликтер да бар. Балык бир жарым жылдан эки жылга чейин чоңоет жана, демек, бул мезгилде ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан муну да эсепке алуу керек. Жалпысынан, логистиканы жана кайра иштетүүнү эсепке албаганда, бүгүнкү күндө 400 сом балыктын килограммына алгылыктуу баа», — деп жыйынтыктады ал.

Тоют маселеси: кымбат европалык же арзан жергиликтүү жем жакшыбы?

Буга чейин Кыргызстанда балык тоютун чыгаруучу бир катар заводдор ачылган. Economist.kg эксперттен алар жергиликтүү чарбаларды жем менен камсыз кыла алабы же кымбат баалуу импортко көз карандыбы деп сурады.

Ассоциациянын директору балык азыгынын арасында форель азыгы өзгөчө экенин айтты. Мисалы, осетр жана карп балыктарынын азыгында 20га жакын ингредиент болсо, форелдин азыгында 80-90 ингредиент болушу керек.

«Бул ингредиенттердин 60%га жакынын Кыргызстандан тапса болот, калган 40%ы сырттан келген жогорку сапаттагы ингредиенттер. Аларга балык уну, башка химиялык элементтер, балык майы кирет. Дал ушул заттар жакшы балык продукциясын алууга мүмкүндүк берет, бизде андай заттар жок», — деди Досаев.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоют өндүрүү бул жөн гана ингредиенттерди гранула кылып чыгаруу. Дүйнөдө эң сонун тоютту онго жакын гана компания чыгарат жана алардын баары Европада жайгашкан.

«Мунун баары Кыргызстанда өндүрүлгөн тоют сапаты боюнча европалыктардан айырмаланарын айгинелейт. Демек, мындай тоютта өстүрүлгөн балыктар да башкача болот. Албетте, мындай продукцияга да керектөөчүлөр табылат. Бирок көпчүлүк балык чарбалары сапаты начарлап кетпеши үчүн европалык жемдерди колдонууга аракет кылышат», — деп жыйынтыктады Досаев.

Read more

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

Талас районундагы Кара-Ой менен Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы өрттү өчүрүүгө «Альянс Алтын» кен ишканасы жардам берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, Кара-Ой айылынын тургундары 20-мартта өздөрүнүн айылы менен Сасык-Булак айылынын ортосунда өрт чыкканын билдиришкен. Жарандардын айтымында, өрт бат эле куураган өсүмдүктөргө жайылып, Талас дарыясынын жанындагы алма бакка жеткен.

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен