Бир кочкору 50 миң доллар турган фермер Тилек Тыналиев менен маек

Бир кочкору 50 миң доллар турган фермер Тилек Тыналиев менен маек

Бир кочкору 50 миң долларды чапчыган, кардарлары Өзбекстан, Казакстан, Россиядан бери издеп келген Тилек Тыналиев кыргыздын асыл тукум арашан койлорун багып сатат.

Ишкер Media Тилек Тыналиев менен баарлашып, анын мал чарбасы, асыл тукум койлорунун породалары жана аларды багуудагы өзгөчөлүктөргө кызыгып, бир катар суроолорун берди.  

Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кантип мал чарбачылыгы менен алектенип калдыңыз?

Мен өзүм 1973-жылы Жети-Өгүздө туулгам. Мектепти бүткөндөн баштап эле колхозго жасалма уруктандырууга койчу болуп кирип, ошондон баштап эле малда жүрөм. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгү эле кой багуу менен өттү. Мал базарларга чыгып, арашан койлорунун сатылганын, асыл тукум малдын өзгөчөлүктөрүн көрүп кызыгып жүрдүм. Мындан сегиз жыл мурда бир эркек козу алдым, 14 миң сом беле, ал учур үчүн кымбат баа болчу. Аны 6-7 ай баккандан кийин жакшы акчага саттым. Ошондон баштап уйларымды, жөнөкөй койлорумду сатып, асыл тукум мал ала баштадым. Төрт жыл аябай каттуу иштедик.

Учурда канча коюңуз бар жана эң кымбаты канча турат?

Учурда жүз элүүдөн ашык койлорубуз, кочкорлорубуз бар. Азыр бир кымбат кочкорубуздун болжолдуу баасы 50 миң доллардын тегерегинде болуп турат.

Ал кочкордун өзүнүн жылдык чыгымы канча?

Кочкорлор жыл бою сарайда кармалат. Андыктан кочкорго чыгым койго салыштырмалуу көбүрөөк кетет. Ал дагы жемдин, чөптүн кайсы региондо канчадан экенине байланыштуу болот. Он күнгө чөптү 250 сомдон алабыз, 22 сомдук арпадан күнүнө 1.5 кг беребиз, кошумча картошка, сабиз сыяктуу жашылчалар берилет. Ветеринардык кызматтарды кошкондо мен жылдык чыгымын 25 миң сомдун тегереги деп эсептедим.

Сиз мал чарбачылыгы тармагында аябай популярдуу экенсиз, анын себеби эмнеде?

Биз видеого көбүрөөк тартабыз жана малдын тышкы келбетине, сулуулугуна басым жасайбыз, ошол себептен болушу мүмкүн.

Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда ушундай асыл тукум малды көбөйтүү менен мал чарбасы тармагын алдыга жылдырууга канчалык мүмкүнчүлүктөр бар жана ага эмнелер керек?

Кыргызстандын арашан асыл тукум койлору жакынкы чет мамлекеттерде аябай баркталып, баасы да жакшы болуп жатат. Анткени чоңдугу, сулуулугу, төл бериши, сарайда кармап багууда салмак кошуудагы өзгөчөлүктөрү бааланып жатат. Келечекте аябай эле жакшы болот го деген ойдобуз, анткени жылына экиден мамлекет жаңы кардар болуп катталып, ала башташты.

Мурда жалаң Казакстан алса кийин Украина да алып жаткан, бирок азыр согушка байланыштуу токтоп калды, учурда Россия менен Өзбекстан алып жатат. Кытай, Монголия мамлекеттеринен аябай кызыгуу болуп сурап жатышат, бирок чек ара, жол маселеси эле чечилбей жатат. Буюрса, чечилип калса чет мамлекеттен кардарлар көбөйөт деп үмүттөнүп жатабыз. Кыргызстанда уйду да, жылкыны да чет мамлекеттен алып келебиз, бизден чыгып жаткан азыр жалгыз ушул кой болуп жатат.

Мамлекет тарабынан кандай колдоо болсо жакшы болмок?

Жаңы чыгып жаткан фермерлерди колдоого алып, асыл тукум чакан чарба статустарын берсе жакшы болмок. Мамлекетке эч кандай деле нааразычылыгым жок, алар колдон келгенин жасап жатышат, биз эми өзүбүз эле иштешибиз керек да, ийгилигибиз өзүбүздөн көз каранды.

Кимдер, эмнеге алышат мындай кымбат кочкорлорду?

Аргындаштыруу, койлорду асылдандыруу максатында алышат. Мисалы, бир кочкорду орточо 50 койго кошсо, жакшы козулар түшүп берет, төл жакшы болот. Ошол төлдүн эсебинен кымбат алынган кочкор тез эле өзүн актап кетет.

Мурда казак, өзбектерге сатканга аракет кылчубуз, азыр коңшу айылдар, жергиликтүү эл эле кызыгып алып жатышат. Жылдан жылга кочкор кошкондо түшкөн төлдү базарга сатканда дагы канчалык пайда түшөрүн көрүшүп, кызыккандар көбөйдү.

Сиз айткан арашан койлорунун түпкү мекени каякта?

Бул тажиктин куйруктуу гиссар койлорун эдилбай, авган, жергиликтүү кыргыз койлору менен аргындаштыруудан келип чыккан. Арашан койлорунун 30-40 жылдык тарыхы бар деп изилдеп жатышат. Бул койдун өзгөчөлүгү - чоңдугунда, сулуулугунда, төл беришинде.

0:00
/

Бул биздин аталардын эмгеги, ошолор кочкор кошуп, кочкор алмаштырып, аргындаштырып отуруп ушул арашан койлору чыккан экен. Чүйдө, Ысык-Көлдө, Таласта жакшы өнүккөн. Эң кымбат кочкорубуз дагы ушул арашан породасындагы кочкор.

Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Аманчылык болсо, дагы жакшы кочкорлорду коюп, дагы аргындаштырып, дагы жылыш жасасак деген ойдобуз. Кыргыздын асыл тукум коюн дүйнө тааныса, чет өлкөлөргө да асылдандырганга чыгарсак жакшы болмок. Бир кой сойсоң, 25 кг эт берип жаткан болсо, жакшы кой сойсоң 50-60 кг эт берет. Сыртта мигрант болуп жүргөн балдарыбыз ушул койчулук менен деле алектенип, жашоолорун бул жактан мекенинде өткөрсө дейм.  

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты