Кыргызстандын балыгы Россияга эмнеси менен жакпай калды? — эксперттин жообу

Кыргызстандын балыгы Россияга эмнеси менен жакпай калды? — эксперттин жообу

Россиянын Россельхознадзору ушул жылдын февраль айында Кыргызстандагы бардык балык чарбаларынын азыктарын сертификациялоону токтотууну талап кылып, россиялык алуучуларга экспорттоого тыюу салган.

Economist.kg КР Балык чарбалар ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаев менен Кыргызстандын балык азыктарына орус тараптын дооматтарынын себептерин жана экспортко тыюу салуу өлкөнүн балык тармагына кандай таасирин тийгизерин талкуулады.

КРнын балык чарбасына Россиянын таасири кандай?

Эксперттин айтымында, Кыргызстандын балык тармагы негизинен экспорттун эсебинен өнүгүп жатат. Ал эми продукциянын негизги сатып алуучусу Россия болуп эсептелет.

"Россиянын рыногу биздин экспорттун 90%ын түзөт. Ал эми РФ алган баа менен жергиликтүү базар мындай турсун, Казакстан да албайт. Бул балыкка төлөнүүчү максималдуу баа болуп саналат. Ал эми Россияга балык экспорттоо 16-февралда алар тыюу салганга чейин эң сонун жөнгө салынган болчу", — дейт Досаев.

Россельхознадзор Кыргызстандын балыктарынан эмнеге күмөн санады?

Ассоциациянын директорунун айтымында, акыркы бир жылда Кыргызстандан Россияга экспорттун агымы абдан көбөйгөн. Алар балыктын мынчалык көлөмдө Кыргызстанда өстүрүлгөнүнө ишенбей, компаниялар башка өлкөлөрдөн сатып алып, Кыргызстандын атынан кайра Россияга жеткирип жатат деп шектене башташкан.

"Россия тогуз кыргызстандык компаниядан күмөн санады. Биринен антибиотиктерди, башкаларынан листерияларды табышты, калгандарында болсо түрү дал келбейт экен, мисалы, Кыргызстанда кездешпеген чоң балык бар деп текшерүү менен келүү каалоосун билдиришти. Ошол эле учурда алар экспортко чыгып жаткан көлөмдү чындап эле биз өстүрүп жатканыбызды текшергиси келишкен.
Россельхознадзор январь айында текшерүү менен келүү өтүнүчү менен кат жазган, бирок биздин ветеринардык кызмат эч кандай реакция кылган жок. Россия бир ай бою жооп күтүп, жооп албагандан кийин экспортту токтотту", — деди Досаев.

Негизги көйгөй эмнеде?

Олег Досаев белгилегендей, КР ветеринардык кызматында ачыктан-ачык эле көйгөйлөр бар. Кыргызстан Россияга балык жеткирип жаткан жылдары жергиликтүү Ветеринардык кызмат балык өндүрүүчү да, кайра иштетүүчү да цехтери жок көптөгөн компанияларды ишке киргизди.

"Бул компаниялар жөн гана каттоодон өтүшкөн. Ветеринардык кызмат аны жасап, Россельхознадзордун реестрине киргизген. Орус тарап беш-алты жылдан бери ага ишенип келди. Бирок алар экспорттун болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн көргөндө, алардын рыногуна кандай балыктар келерин текшерип көрөлү дешти", — деди эксперт.

Буга чейин Россельхознадзордун кызматкерлери КРга келгенде алты жергиликтүү компания текшерүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат чыккан. Айыл чарба министрлиги болсо алар текшерүү маалында иштебегендиктен текшерүүдөн баш тартышканын ырастаган эле. Ал эми ассоцациянын директору башкача ойдо экенин билдирди.

"Бул компаниялардын айрымдарында текшерүү үчүн көрсөтө турган эч нерсеси жок болчу. Алардын эч кандай өндүрүшү жок. Алар Кытайдан реэкспорт менен алектенип, ал жактан продукция алып келип, стикерлерди кайра чаптап, жергиликтүү өндүрүш деп Россияга сатышчу. Биздин ветеринардык кызмат муну көзөмөлдөй алган жок, анткени балык чарба департаменти менен эч кандай байланыш жок жана алар бул жерде ким балык багып жатканын билишпейт. Билбестен эле документтерди бере беришкен», — деди Досаев.

Листерия менен антибиотик канчалык коркунучтуу?

Эксперт бүт дүйнөдө балык антибиотиктер менен өстүрүлөрүн жана бул эч кандай коркунучтуу эмес экенин айтат.

"Балыктын курамында антибиотиктин болушу нормалдуу эле. Бирок анын нормадан максималдуу деңгээлде жогору болушу татаал маселе, көбүнчө ал жөн гана манипуляция элементи катары колдонулат. Листерияга келсек, ал бардык жерде бар. Колдо, столдордо, туткаларда", — деди Досаев.

Эксперт бактерия көп өлчөмдө болсо, ич өткөк сыяктуу кээ бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин, бирок жалпысынан айтканда, листериядан эч ким каза болбогонун жана ал анчалык деле олуттуу нерсе эмес экенин айтты.

"Кыргызстанда балык муздаганда ал таза болот. Бирок Россияга жеткенде, эки-үч күндөн кийин, анын үстүндө мындайча айтканда, налет пайда болуп, ал жылуу тазалоо менен дарылоодон кийин жок болот. Демек, биздин балыктардан листерияны табуу да жөн гана манипуляциянын куралы. Ал антибиотиктер сыяктуу эле продукциянын экспортун жабуу үчүн эле колдонулган", — деди Досаев.

Россияга балык экспортоого тыюу Кыргызстанга кандай таасир этет?

Эксперттин айтымында, тыюу салуу өлкөнүн балык чарбасына катуу сокку болду. Ал азыркы кырдаалда ишканалардын көбү жөн эле жабылат деген ойдо. Негизги рынок Россия Федерациясы болуп келгендигин эске алганда, экспортко тыюу салынгандыктан, көптөр келечегин көрө алышпайт. Эми балыкты кайда сатабыз?

"Өнөр жай иш жүзүндө кыймылсыз, шал болуп калды. Экспорт — бул капиталдын агылып келиши болчу. Ал эми өндүрүш 2 айдан бери токтоп турат. Жемге акча корото беребиз, же балыкты толугу менен чыгарып, тоңдурушубуз керек. Бирок тоңдурулган балык базарда дайыма эле суроо-талапка ээ боло бербейт", — деди Досаев.

Россияны башка рынок менен алмаштырса болобу?

Олег Досаев Кыргызстандын балык тармагы башка өлкөлөргө, атап айтканда, Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) көңүл бурушу керектигин айтат.

"Коңшу мамлекеттердин рыногу жарабайт. Өзбекстан өтө тар жана кичинекей багыт, Тажикстан менен Түркмөнстан дагы. Казакстан балык менен өзүн өзү камсыдайт. Кытай менен БАЭ гана калды. Башка бардык рыноктордо биз атаандаштыкка туруштук бере албайбыз", — деди ал.

Эксперт иш жүзүндө башка базарларды багындыруу өтө кыйын экенин кошумчалады. Мисалы, Кытай бардык өлкөлөргө каалаганын экспорттойт, бирок Кытайдын рыногуна бирөөнүн кириши абдан кыйын. Айрыкча тамак-аш продуктыларына өтө жогорку талаптарды коюшат.

"Ошондуктан Россиясыз кыйын эле болот. Албетте, алардын рыногун башкасы менен алмаштырууга болот, бирок буга жылдар кетет. Тилекке каршы, ал кезде көптөгөн балык чарбалар өз иштерин токтотуп коюшат", — деп жыйынтыктады Досаев.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Россельхознадзор Кыргызстандагы эки ишканадан балык азыктарын алып келүүгө коюлган убактылуу чектөөнү алып салды. Бул «Аква пром» жана «Тянь-Шань фиш» чарбалары. Мындай чечим Россельхознадзордун адистери тарабынан 25-апрелден 26-апрелге чейин уюмдарды видеотекшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Reuters агенттигин Россиянын бюджетине мунайдан жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, былтыркы жылдын ушул январь айына салыштырмалуу 46%га азаярын билдирди. Бул көрсөткүч 2020-жылдын август айынан берки эң төмөнкү деңгээл. Ал учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап кескин төмөндөгөн. Учурда муна менен жаратылыш газынын кирешеси Россиянын

Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 27 МВт болгон "Папан" чакан гидроэлектр станциясынын курулушу улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда төмөнкү иштер аткарылды: * Гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жол курулду; * Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө суу алуучу курулманы куруу үчүн

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгын

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көлөмдүн ичинде азоттук жер семирткичтер жазгы талаа иштерине 96,2 миң тонна, фосфордук — 71,5 миң тонна, калийдик — 15,2 миң тонна түзөт. 2026-жылдын 20-январына карата