Бизнесте бир эрежени эстен чыгарбаш керек: инвестицияңарды коргогула — Сергей Пономарев

Бизнесте бир эрежени эстен чыгарбаш керек: инвестицияңарды коргогула — Сергей Пономарев

Сергей Пономарев дээрлик отуз жылдан бери ишкердик чөйрөсүндө эмгектенип келет жана 20 жылын бизнестеги укуктарды коргоо тармагына арнаган. Биз эксперт менен Кыргызстанда аялдардын ишкердиги кандай өнүгүп жатканы, аялдар өз укуктарын канчалык деңгээлде билишери жана кандай бизнес тармактары дагы эле бош тургандыгы тууралуу маектештик.

Аялдардын ишкердиги олку-солку болгон 90-жылдарда калыптана баштаган. Кээ бир эркектер жумушунан ажырап, эртеңки күнгө ишенбей, заман баш аламан болуп, аялдар үй-бүлөнүн жоопкерчилигин өздөрүнө алып, соода менен алектене баштаганын эксперт эскерип өттү. Ошондуктан да "Дордой" базарында эркек менен эки аялдын фигурасын чагылдырган скульптуранын орнотулушу бекеринен эмес.

«Бул эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында чакан бизнесте байкалды. Балким, бүгүнкү күндө да абал ушундай. Ошол жылдардагы базар экономикасы эң сонун мектеп болду. Көптөгөн кыргызстандык кыз-келиндер базардан баштапкы капиталдарын таап, ресторан, туризм жана кийим тигүү бизнесине инвестиция салышты. Маселен, жеңил өнөр жай тармагында негизинен аялдар эмгектенишет, республикабызда бул тармакта бардыгы болуп 200 миңге жакын адам иштейт. Ошондой эле аялдар банк жана камсыздандыруу тармагында да бар", — дейт эксперт.

Бизнес-акыйкатчы институтунда иштеген тажрыйбасына токтолуп, ал компаниялардын жетекчилери, албетте, юридикалык жардам алуу үчүн көз карандысыз уюмга да кайрылышканын белгиледи.

«Бизнесте бир эрежени эстен чыгарбаш керек: инвестицияңызды коргоңуз. Эгер сиз бизнеске акча, убакыт, күч, ден соолук жумшасаңыз, бирок инвестицияңыз корголбосо, аны жоготуп алышыңыз мүмкүн. Андыктан аялдарыбыз өз укуктарын билүүсү абзел. Бул үчүн адам укугун коргоочу уюмдар, бизнес-ассоциациялар бар, ал чөйрөгө аралашып, байланыштарды, кошумча көндүмдөрдү өнүктүрүү жана толук кандуу юридикалык колдоо алуу үчүн кошулушат. Кыргызстан, тилекке каршы, азырынча бизнестин укуктарын коргоодо чоң ийгиликтери менен мактана албайт жана аны ким жетектеп жатканы – аялбы же эркекпи – айырмасы жок. Бизге бизнес жүргүзүү жеңил, телефондук мыйзам бизде көбүрөөк иштейт, патриархалдык чөйрө сүйлөшүүлөргө, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу деген стереотиптер бар. Жарым-жартылай чындап эле чектен чыккан учурлар болот, бирок убакыттын өтүшү менен алар толугу менен жок болот, анан баары бирдей укукка ээ болот", — дейт Сергей Пономарев.

Анын айтымында, бизнес ачуу ар дайым кыйын, бирок бул аны жасоо мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Ал эми жетекчи аялдар муну иш жүзүндө далилдеп келе жатышат — жылдан-жылга республикада кыргыз аялдары жетектеген ишканалар көбүрөөк пайда болууда.

"Жалпысынан бизнес ачууга бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми өлкөдө акчасыз, байланышсыз эч нерсе болбойт деген ишеним туура эмес. Бүгүнкү күндө кыргыз ишкерлери миллиондогон долларлык компанияларды нөлдөн баштап өз өлкөсүндө эле эмес, чет өлкөлөрдө да түзүп жатышат. Мындай ийгиликтүү окуяларды угуу ар дайым жагымдуу", — деп кошумчалады ал.

Ишкер аялдар ийгиликтүү боло ала турган дагы кандай сфералар бар деген суроого эксперт туризм тармагын белгиледи.

"Мамлекет макроэкономикалык мыйзамдардын жана экономиканын сегменттеринин деңгээлинде соода сыяктуу толуп кеткен тармактарды аныктаса абдан жакшы болмок. Бул жерде сөзсүз түрдө бирөө кыйрайт. Бирок, ошондой эле бош жактар, биринчи кезекте туристтик багыт бар. Туризм жөн эле мейманкана эмес. Бул жерде транспорттон баштап, тейлөө тармагына чейин кубаттуу инфраструктура курулган, менин оюмча, ал дагы 100% толо элек. Бирок кандайдыр бир долбоорго инвестиция салаардан мурун уникалдуу сатуу сунушуңузду аныктап, ички жана тышкы чөйрөнү изилдеп, атаандаштардын күчтүү жактарын талдап чыгышыңыз керек, бизнеске кирип жатканда эң негизгиси – өзүңүн күчүңө ишенүү", — деп жыйынтыктады сөзүн Сергей Пономарев.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media