Мал чарбачылыгы да туура технологияны талап кылат — ишкер Азамат Маданбеков

Мал чарбачылыгы да туура технологияны талап кылат — ишкер Азамат Маданбеков

Тоют өндүрүп, асыл тукум саандуу уйларды чет өлкөдөн алып келип, сүт фермасын ачып, өзүнүн табигый продукциясын өндүрүп эле тим болбой, башка фермерлердин ишин жеңилдетиш үчүн аларга атайын автоматташтырылган жабдууларды, ошондой эле саандуу, эттүү породадагы малдарды Кыргызстанга алып келүүгө жардам берген "Бермет" дыйканчылык чарбасынын жетекчиси, ишкер Азамат Маданбеков ИШКЕР MEDIA басылмасына өтө кызыктуу маек куруп берди.

Кыргызстандын мал чарбачылык тармагынын потенциалы жогору, бирок ишкер Маданбеков айткандай, ага да туура технологияны колдоно билүү зарыл.

— Сүт фермаңыз, мал чарбачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— Биздин сүт жана мал, ошондой эле дыйкан чарбачылыгыбыз Бишкектин Ленинский айылында жайгашкан. Өзүбүздүн жерибиз бар, ал жерде чөп өстүрүп, өзүбүздүн малдарыбыз үчүн жем даярдайбыз. Саан уйларыбызды өзүбүздүн органикалык тоюттарыбыз менен багабыз. Саандан алынган сүтүбүздү өзүбүздүн өндүрүштө иштетип, органикалык сүт азыктарын чыгарабыз. Бул биздин үй-бүлөлүк бизнес чарба десек болот. Кыскача айтканда, өзүбүздүн сүт продукциябызды нөлдөн баштап өзүбүз өндүрөбүз.

— Каяктарда сатылат азыктарыңыздар жана ассортимент кандай?

— Түрк айранын, каймак, сүзмө чыгарабыз. Биздин каймактай Кыргызстанда каймак жок. Ысык нанды биздин каймак менен жесең, айтпай эле коеюн, укмуш даамдуу болот.

2005-жылы иним менен сүт чарбасын баштадык. Башында көп деле өндүрө алчу эмеспиз, бирок аз сүт менен эч нерсе болбойт экенин түшүндүк. Чет өлкөлөргө чоң фермаларга чыгып көрүп, саандуу уйлар тууралуу окуп, көрүп, изилдей баштадык. Жумушка, өндүрүшкө, фермага кандай мамиле кылыш керектигин түшүндүк.

Ар бир жумуш туура технологияны талап кылат. Эгерде сен анын технологиясы менен жасабасаң, ал жоголуу коркунучуна кабылат, туура технология колдонгондо гана циркуляция жүрөт.

Биз буга 2014-жылы келдик. Фермабызды оңдоп, Канададан голштин породасындагы 27 уй алып келдик. Бирок ал породаны биз жок кылдык, анткени ал дүйнөдөгү сүт берүү жагынан номур биринчи уй болгону менен аны багуу ушунчалык кыйын. Бул порода укмуш шартта гана жашай алат, малкана өтө таптаза жана жем базасы күчтүү болуш керек. Бизде тоют күчтүү болгону менен белгилүү бир компоненттер — минералдар, витаминдер жетишсиз. Ушуга окшогон көйгөйлөр көп, бул порода менен иштөө кыйын болгондуктан биз башка породаларды карап көрүүнү, Кыргызстан үчүн туура породаны тандоого Европага бардык. Анан чехиялык симментал породасына токтодук.

— Симментал породасы эмнеси менен айырмаланат экен?

Ал күчтүү, сүт, эт жагынан кирешелүү. Эгер туура баксаң, сүттү голштин породасындай эле берет. Биз аларды алып келгенден мурда ферманы толугу менен европалык стандартта автоматташтырдык, жабдууларды алдык. Менин бир эле малчым бар, ал элүүдөй баш малды карап да, эс алып да жетишет. Бир эле саанчы эже бар, бүт баарын өзү саайт. Уйдун эмчектерин автоматташтырылган саачуу аппаратка кошот, бүткөндө кайра алып коет, система толук өзү кылат. Технология деген ушул.

— Чехиядан канча уй алып келдиңиздер?

— Бул породаны көбөйтүү үчүн 36 баш уй алып келдик. Сүт өндүрүшүн болсо мурда эле пландаган элек. Мындай сапаттагы сүттү кардарлар өздөрү издеп келишет. Өзүңдүн соода маркаңды чыгаруу — бул өзүнчө эле азарт. Булардын баарын сен жараттың, сеники. Биз жерге чөп эгебиз — тоют чыгат, аны даярдап малга беребиз — ал сүт берет, биз аны алып өндүрүшкө жөнөтөбүз — ал жерден продукт чыгат. Бул — чыныгы азарт. Карасаңыз, толук цикл жүрүп жатат. Акырында продукт адамдардын колуна тиет. Биздин өзгөчөлүгүбүз — башынан аягына чейин байкоо жүргүзүп, аны контролдой алгандыгыбызда.

— Сүт өндүрүшүңүздө канча адам иштейт?

— Болгону үч адам.

— Алар жетишеби ошончо көп малды карап, сүттү иштеткени?

— Эс алганга да жетишишет. А мен болсо сапатына, тоютуна көңүл бурам. Эмнеге биз толук түрк өндүрүшүнүн автоматташтырылган жабдууларын алганбыз, анткени мен өзүм Түркияда он жылдан ашык окуп, иштеп жүрдүм, алардын сүт азыктары мага абдан жакчу. Уюткуну дагы ошол жактан алып келгенбиз, Кыргызстанда ал бизде гана бар. Даам берүүчү ашыкча нерселерди, ферменттерди кошпойбуз. Сычуг уюткусун алып келгенбиз, ал музоолордун ашказанындагы бактериялардан алынгандыктан өтө табигый болуп саналат. Андыктан биздин фермадан Кыргызстандагы эң органик сүт азыктары чыгат деп ишенимдүү айтам. Ошондой эле мен антибиотиктерди да көзөмөлдөп турам, эгерде биз бир уйду дарылап баштасак, аны өзүнчө базага бөлөбүз, анын сүтүн кошпойбуз, аны колдонууга болбойт. Буга кошумча мен фермерлерге өзүмдүн фермама койгон жабдууларды Түркиядан алып келип берем. Кимде канчадан, сапаттуу, арзаныраак баарын билем.

— Өндүргөн продукцияңызды сатуу менен ким алектенет, киреше кандай?

— Мен жетекчи катары өзүм көзөмөлдөйм. Дүкөндөр менен өзүм эсептешем. Биз өндүрүштү өзүбүз колго алганыбыз эле чоң плюс, жөн эле сүт өткөргөнгө караганда, аны кайра иштетип, даяр азык кылып, баасын коюп саткан жакшы да. Мал чарбачылык — бул биздин ишмердүүлүгүбүздүн бир багыты, андан тышкары, биз тоют даярдап алыстагы райондорго дагы сатабыз. Ал эми технология менен болсо фермерлерге жеңил, комфорт болсун деп алектенебиз, ошол эле учурда ал бизге киреше да алып келет.

Жогоруда айткандай, бүт жумушту анын технологиясы менен жасашың керек, ошондо гана утасың, ал жемишин берет. Бизде кандай, бирөөдөн угуп алышып, видеосун көрүп алып эле, ал жөнүндө толук изилдебей эле барып жасай беришет. Натыйжасы ойлогондой чыкпайт. Фермерлердин жумушу оор, технологиясын үйрөнүш керек.

Кошумча, мен биздин фермерлерге чет өлкөдөн мал дагы алып келип берем, 1 миңден ашык асыл тукум мал алып келдим. Ютубда менин каналым бар, ошол жерде фермерлерге бекер консультация берем, 2 миңдей катталуучум бар, бул жакшы көрсөткүч, мен жарнама деле жасабайм, алар өздөрү эле кызыгып көрүшөт, сурашат. Кадимкидей эле аларды окутам. Мисалы, вотсапта дагы группам бар, ал жактан да кеңеш берем. Аларга чет өлкөдөн мал алып келип бергенден кийин аны кантип караш керек, маалыматтык коштоо кылып байланышып турам.

— Европадан малды кантип алып келесиз?

— Евроскотовоз менен, биринчи ал жактан дүйнөлүк стандарт боюнча карантинге киришет, карантинден чыгат, документтери, медкарталары даярдалат. Азыр жолдо дагы эки фура келе жатат, бирөөсү Ысык-Көлгө кетет, экинчиси Чүйдө калат.

— Бир уй канча турат?

— Алынып келиши менен 2740 евро турат. Анын ичине жол киреси, камсыздандыруу, документтери кирет. Кунаажындар бул жерден да карантин этабын, андан кийин адаптациядан өткөн соң гана туушат.

— Ал кунаажындар бул жактын букалары менен кошулса башка порода чыгып калбайбы?

— Ошондуктан мен дароо аларга өзүнүн породасынын уруктарын алып келем жана аны жасалма уруктандырабыз. Мен бул иштерди жакшы билем, антпесең породаны жоготуп алышың мүмкүн. Сен башкаларга бул малды алып келип бергенден кийин аларга да үйрөтүшүң керек.

— Малдарды кандай шартта багасыздар?

— Мурда ачык жерде кармачубуз, кийин европалык стандарт менен жабык жерде кармай баштадык. Бир күндө бир уй 30 литр сүт берет.

— Бул тармакка кантип келип калдыңыз, каяктан билим алдыңыз, айтып берсеңиз?

— Мен түрк лицейин бүтүргөнмүн. Түркияда менеджментти, андан соң аспирантурада финансы башкарууну окуп, кийин эл аралык компанияда иштедим. Жетекчилик кызматка жеттим, андан соң регионалдык менеджер болдум. Ошол убактарда иним Кыргызстанда ушул тармакта жүргөн болчу. Мен университетте окуп жүргөндө эле каржылачумун, ал болсо ферманы баштаган. Эртеби кечпи туулган жериме кайтарымды билчүмүн. Мен кайтканда бул жерде бир жумушум болсун дечүмүн. 2014-жылы бул жакта каттуу аварияга кабылдым. Бир жыл кыймылдабай жатып калдым. 3-4 жыл реабилитацияга кетти, жаны жок болуп калган буттарымды бассейнге барып жатып жан киргиздим. Бассейндин эң терең жерине барып түшчүмүн, себеби адамда өзүн өзү сактоо инстинкти коркунуч болгондо ойгонот, чөгүп кетпеш үчүн мээ сигнал берет, ошентип акырындап буттарымды иштеткенди үйрөндүм. Ошондон баштап мекенимде калып, мал, сүт, тоют, технология тармагына кирип кеттим.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач