Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel корпорациясы жаңы башкы директор Лип-Бу Тан баштаган штаттарды оптимизациялоо боюнча масштабдуу программасынын алкагында кызматкерлердин санын дээрлик 35 500 адамга кыскартканы Tom’s Hardware басылмасы жазды. 

Компаниянын Баалуу кагаздар жана биржалар үчүн даярдаган акыркы отчету боюнча 3 айда эле бул корпорацияда 20 миң 500 кызматкер кыскартылган. 

2025-жылдын сентябрь айынын аягында Intelдин персоналдарынын жалпы саны 88 мин 400 адам болгон. Башында Лип-Бу Тан уюшулган структураларды жана орто звенодогу менеджерлерди кыскартарын билдирген. Бирок, кыскартууларга миңдей инженерлер жана техникалык адистер да туш болгон. Орегон объектисиндеги кыскаргандардын 8%ы менеджерлер экени айтылууда. 

Кыскартуулар чыгашаларды кыскартуулар менен коштолгон. 2025-жылдын III кварталында эле изилдөөлөр менен иштеп чыгуулар бюджети 800 млн долларга азайган.

Эске салсак, буга чейин АКШ Intelдин 10% акциясына ээ болгону айтылган. 

Intel — дүйнөдөгү микросхемаларды чыгарган ири өндүрүүчү компаниялардын бири жана анын чиптери мунай менен барабар турган стратегиялык ресурс болуп эсептелет. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media