Швейцариянын колдоосу менен Алайдын кол өнөрчү аялдары Европадан дүңүнөн буюртмаларды алышууда

Швейцариянын колдоосу менен Алайдын кол өнөрчү аялдары Европадан дүңүнөн буюртмаларды алышууда

Кыргызстанда чыгарган товарларынын сапаты жогору, дизайны заманбап, ошол эле кезде кыргыздын нукура кол өнөрчүлүгүндөгү оймо-курактардын элементтерин камтыган, көз жоосун алган аксессуарларды, сувенирлерди, кийимдерди, шырдактарды, үй буюмдарын чыгарган By Alay деген бренд бар.

ИШКЕР MEDIA аталган брендге кызыгып, Bai Alai программасынын институционалдык жана маркетинг өнүктүрүү боюнча эксперти,
бизнести өнүктүрүү боюнча консультант Жоомарт Омоновго бир канча суроолору менен кайрылды.

— Бул долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайт деп айттыңыздар. Ошол тууралуу кенен айтып берсеңиз.

— Бул кол өнөрчүлүк багыты Швейцариянын Bai Alai программасына кирет. Хельветас уюму тарабынан Ага Хан Фонду менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн демилгеси жана колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — түштүк аймактарда, тагыраак айтканда, Алай жана Чоң Алай райондорунун экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, кол өнөрчүлүк тармагында киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү түзүү болуп саналат.

Цех Алайдын Гүлчө жана Чоң Алайлын Дароот-Коргон айылдарында жайгашкан. Бул долбоорго быйыл 10 жыл болот. Бул убакыт аралыгында долбоор 320дан ашык кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирди. Убагында долбоордун каржылык колдоосу менен цехтер ачылып, By Alay бренди түзүлүп, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана ишкердикке тарбиялоо үчүн өлкөнүн мыкты адистери тартылган. Учурда кол өнөрчүлөр таанымал буюмдарды жасап, өлкө ичинде көптөгөн соода түйүндөрүнө ээ, Европадан 30 миң доллардан ашык дүңүнөн буйрутмаларды алып, eBay, Wildberries сыяктуу соода аянттарына чыгышууда. Коом жакында туруктуу болуп, кол өнөрчүлөр каржылык колдоосуз эле өз күчтөрү менен бизнес жүргүзө алышат деп пландалууда.

— Долбоорго катышкан айымдар канчалык пайда көрүшөт?

— Учурда кол өнөрчүлөр ай сайын 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин киреше алышууда. Бирок, долбоор аларга туруктуу бизнести кантип жүргүзүү боюнча окутууга көбүрөөк көңүл бурат.

— Чыккан продукцияны ким дүкөндөр менен сүйлөшүп, ким сатыкка чыгарат?

Жумуштардын көпчүлүгү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча команда түзгөн жана эксперттерди чакырган Helvetas башкы институционалдык аткаруучу уюмунун жардамы менен ишке ашат. Мен бул долбоорго институционалдык жана маркетингдик өнүгүүсү боюнча эксперт болуу бактысына ээ болдум жана туруктуу бизнес-процесстерди өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы соода түйүндөрүн ачууга, базарларга чыгууга жардам бердим.

— Мен өзүм ушул бренддин фанатымын жана эки жылдан бери сумкаларын көтөрүп жүрөм. Аябай эле саппаттуу, бирок баасы башкаларга салыштырмалуу арзан. Мунун себеби эмнеде?

Бир жагынан кол өнөрчүлөрдү иш менен камсыз кылуу негизги максат болгондуктан, айлыктан тышкары, маржаны азыраак кошуп жатабыз. Экинчи жагынан, бул биздин тактикабыз, кол өнөрчүлөр буюртмаларды тез кабыл алууну үйрөнүүгө көнүү үчүн көбүрөөк өндүрүп, көп сатышыбыз керек. Келечекте, балким, баа саясатын өзгөртөбүз.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач