32 жаштагы Бегимжан Молдобаева Ысык-Көлдө койдун жүнүнөн органикалык жер семирткич чыгаруучу завод куруп жатат

32 жаштагы Бегимжан Молдобаева Ысык-Көлдө койдун жүнүнөн органикалык жер семирткич чыгаруучу завод куруп жатат

Койдун жүнүнөн органикалык жер семирткич чыгарууга камданып, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда завод куруп жаткан КАNАТО ЖЧКнын негиздөөчүсү 32 жаштагы жеке ишкер Бегимжан Молдобаева ИШКЕР MEDIA менен маектешип, эгер аталган завод иштеп баштаса, дыйкан жана мал чарбачылыгындагы фермерлерге канчалык пайда алып келери тууралуу айтып берди.

Кесиби боюнча экономист Бегимжан Молдобаеванын Бишкектен 420 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Ат-Башынын Кара-Булуң айылында жүндү кайра иштетүүчү Kanato Infinitely ECO деген ишканасы дагы бар. Ал жерден күнүнө 8-10, жумасына 70тей кийиз чыгат. Ал кийиздерди шырдак жасагандар, боз үй көтөргөндөр алышат.

Ал эми кийизге жарабай калган жүндөрдөн кантип арылуунун жолун изилдеп отуруп, андан жер семирткич чыгарса болоорун түшүнүп, учурда аны иштетүү үчүн завод курууга киришкен. Анткени койдун жүнүн өрттөгөн жерге жети жылдай чөп чыкпай калат, ал эми аны кайра иштетсең, калий, кальций, азотко бай жер семирткич чыгат.

"Мен 32 жаштамын, эки жогорку билимим бар. Кыргыз Экономикалык университетин жана КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөнмүн. Экономика министрлигинде иштеп жүрүп, бизнеске кеттим. Бизнести 2017-жылы баштадым, Нарында жүн иштетүүчү цех ачтым. Жылына ал жерде 20 тоннадай жүн иштетилет. Ал цехте алтыдан тогуз адамга чейин иштейт, ал көбүрөөк сезондук жумуш болгондуктан, жүндү кыркым кезинде сатып алабыз, калганын өзүбүздүн фермабыздан алабыз. Акыркы 3 жылдан бери жүндөн жер семирткич чыгарууга аракет кылып, азыр заводду салып бүтүрдүк. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 800 чарчы метр болуп салынды. Учурда жабдууларды алууга аракет кылып, каржылоо караштырып жүрөм", — дейт ал.

— Жүндөн кантип жер семирткич чыгарасыз?

— Жүндөн органикалык жер семирткич чыгат. Азыр койлордун баары эле орой жүндүү болуп кетпедиби, анын жоготуштун айласын таба албай жүрдүм эле, анткени Нарында цехте кылчык жүндөр иштетилбей калып калат. Же аны өрттөп сала албайсың же таштандыга таштап сала албайсың. Ошондуктан бул идеяны караштырып, бир жылдай изилдеп жүрүп, кийин бизнес план жаздым. Ошентип азыр заводду куруп бүттүк, эми жабдууларды алышыбыз керек.

— Ким каржылады заводдун курулушун?

— Заводдун курулушуна Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 14 млн сом каражат берди. Каржылоону көп убакыт издеп жүрдүм, каражат аталган фонддон табылгандыктан, завод да ошол жакка салынды.

— Жер семирткичке жүндүн өзүн эле иштетесиздерби же кандайдыр бир кошулмалар кошулабы? Технологдор барбы?

— Өзүнүн технологиясы бар, эксперимент кылып чыгарууга аракет кылып жатабыз. Бирок жүн өзү деле органикалык жер семирткич болуп бере алат, анда азот, калий, кальций сыяктуу жетиштүү элементтер бар. Кыргызстанда мындай ишкана жок, жадагалса, Борбор Азия чөлкөмүндө деле жок экен, ошого биринчилерден болуп чыгарууга аракет кылып жатам.

— Чыккан жер семирткичтерди колдонуп көргөндөр барбы?

— Азыркы убакта мындай жер семирткичтерди бардык өсүмдүктөргө — бактардан баштап кичине картошкаларга чейин колдонушат экен. Дүйнө жүзүндө көптөн бери эле колдонулуп келет экен.

Баары эле органикалык тамак-ашка өтүп жатышпайбы, ошол себептен биз дагы чыккан продукцияны бардык органикалык стандарттарга тууралап, сертификациядан өткөргөнгө аракет кылабыз. Келечеги жакшы деп ишенем, анткени жердин да структурасы өзгөрүп, түшүм бербей арыктап баратат. Жүн менен семирткичтерди салганда ал жерге сиңип, жер менен жер болуп кетип, аны байытып, калыбына келтирет экен.

— Бул канчалык кирешелүү бизнес, мисалы, жүндүн кг канчадан аласыздар?

— Жүндүн кг базар баасында он сомдон алабыз. Аны алып фермерлерге да жардам көрсөтөбүз, анткени орой жүндүн баары ыргытылат, өрттөлөт, ал өрттөлгөн жерге жети жылдан ашык чөп чыкпайт, жер деградация болот. Ушул сыяктуу экологиялык көйгөйлөрдү чечкенге да жардам бермекчибиз. Анан калса, жүндөр ар кайсы жерде самсаалап жатып, бүт жакта таштанды болууда. Ошонун баарын жоготуп, аны иштетип, кайра түшүм алууга пайдасын тийгизген продукция чыгарсак деген ниеттебиз. Мал чарбачылыгына дагы, дыйкан чарбачылыгына дагы жакшы болот эле. Бизнес планда жүн 15 сомдон алынат деп жазганбыз. Жер семирткич болуп иштелип чыккандан кийинкиси 50-70 сом болот. Себеби, жабдуулар да кымбат, салык, эмгек акы — баары биригип ушундай баага чыгат. Завод ачылса, жыйырма бештей адам жумуш менен камсыз болот.

— Кубаттуулугу кандай болот?

— Биз ала турган жабдуу саатына 400-600 кг жүн иштете алат. Ошондо максимум менен эсептегенде чийки зат жетип турса, күнүнө 4 тоннага чейин чыгара алат. Бул эми биринчи эле жабдуубуз болот, дагы жакшы иштеп кетсек Кыргызстандын баарын камтыганы аракет кылат элек.

— Сизге жардам берген, идеяңызды колдогондор кимдер?

— Менин командам — бул менин ата-энем, үй-бүлөм, андан сырткары, мени колдогон чогуу жүргөн адамдар бар. Бирок документация жагына өзүм эле чуркайм. Мен азыр Ысык-Көлдө жүргөндүктөн, ата-энем Нарындагы цехти иштетип жатышат.  

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.