Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бирок эң мыкты даамдагы азыктарды чыгарган ишкерлер бар

Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бирок эң мыкты даамдагы азыктарды чыгарган ишкерлер бар

Нарында бизнес кылуу кыйын — калк аз, рынок чектелүү. Бул тууралуу ИШКЕР MEDIA басылмасына маек курган, жарым фабрикат азыктарды чыгарган "Бай Нарын" ишканасынын негиздөөчүсү Нурлан Шаршенов айтып өттү.

Ат-Башыдан чыккан ишкер КУУнун Экономика факультетин бүтүргөн жана  2003-жылдан баштап эт менен иштейт, тагыраак айтканда, Нарындан Бишкекке эт ташычу.

"2019-жылы Нарында "Бай Нарын" деп эт дүкөн, анын жанына пельмен чыгарган цех ачтым. Ал жерде фрикадельки, котлет, чучук, ышталган чучук чыгарабыз. Буюртма менен манты деле жасайбыз. Цехте 5 адам, башкаларды да кошкондо, жалпысынан тогуз адам иштейт", — деген Шаршенов алар чыгарган продукция накта, экологиялык жактан таза, ар кандай кошулмалары жок экенин айтты.

Негизинен чыгарган азыктарын Нарындын ичинде эле өткөргөн Шаршенов ишмердүүлүгүн 200 миң сом менен баштаган жана учурдагы жылдык акча айлантуусу 5 млн сомдун тегерегинде.

"Нарында бизнес кылуу өтө кыйын. Калк аз, элде акча жок, карызга дегендер көп. Кубатттуулугун көтөрсөм болот эле, бирок Нарында ошол эле жетишет. Рынок чектелүү", — деди ал.

Ал Бишкекке азыктарын жөнөтөт, бирок өзүн-өзү актабай келет, анткени кардарлар билишпейт.

"Бишкекте таратып сатып жатышат, бирок өтө аз кетет. Эки жылдан бери эле жөнөтүп жатабыз, бирок чыгымын актабай жатат. 100 миң сомдун эле тегерегинде, сатуу көтөрүлгөн жок. Ал эми "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу чоң соода түйүндөрүнүн шарттары каттуу экен, кайтарым болот экен, бир сатыкка чыгарган соң артынан запаста тонналап туруш керек экен", — деди ал.

Бир жагынан, борборго чоң көлөмдө жөнөтүү үчүн өндүрүшүн чоңойтууга арзан пайыз менен насыя алайын десе, "РСК" банкынан 6% менен алган 5 млн сом кредитин жаап бүтө элек.  

"Мындай кредиттер жыл сайын эле келип турат экен. Нарында өндүрүшчүлөр аз. Бизде негизинен мал чарбачылык да. Эт тармагы жакшы", — деген "Бай Нарын" ишканасынын негиздөөчүсү эми быштак, каймак, айран чыгарайын деп киришип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон

Жумгалда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Жумгалда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Жумгал районунда 10 млн 830 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Башкы прокуратура билдиргендей, мындай иштер жер ресурстарын

Бишкек – Нарын – Торугарт жолун суу катпады

Бишкек – Нарын – Торугарт жолун суу катпады

1-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек–Нарын – Торугарт унаа жолунун 273–275-чакырымында жана Сары-Булак–Соң-Көл унаа жолунун 0 – 3 –чакырымдарында жолдун айрым тилкелерин суу каптады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жерине атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштерин №14 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жүргүзүүдө. Учурда