Биз туристтерге улуттук буюмдарды сатуу аркылуу атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз — Караколдогу сувенир дүкөнүн негиздеген Альбина Алимова

Биз туристтерге улуттук буюмдарды сатуу аркылуу атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз — Караколдогу сувенир дүкөнүн негиздеген Альбина Алимова

Каракол шаарында сувенир дүкөнүн ачып, туристтерди улуттук буюмдар аркылуу кыргыздардын маданияты, каада-салты менен тааныштырып, атамекендик кол өнөрчүлөргө кошумча киреше табууга жардам берип келген Альбина Алимова ИШКЕР MEDIA басылмасына кызыктуу маек куруп берди.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайсы жерде туулгансыз, кайсы жакта окудуңуз?

— Мен Каракол шаарында туулганмын. Бул жерде билим алгандан кийин Санкт-Петербург жана Вена шаарларында окудум.

— Туризм тармагына кантип келип калдыңыз?

— Биздин Каракол шаарында өнөктөш бизнесибиз, тагыраак айтканда, конок үйүбүз бар эле. Кийинчерээк биз аны сатып жибергенден кийин башка тармакта иштеп жүрдүм. Ал конок үй сатылгандан кийин деле мурдагыдай эле башка өлкөдөн келген туристтерге консультация берчүмүн. Акыркы үч жылда бул тармакта активдүү окуп, иштеп жүрөм. Атүгүл, атайын сертификатка ээ маданий гид жана тренер болдум.

— Кара-Колдогу "Этномир" дүкөнүн качан ачтыңыздар? Кимдин идеясы эле?

— Пандемия учурунда мен декретте элем, аябай оор болду. Чек аралар жабылганда ичимде кандайдыр бир нааразычылыктар болду, бирок дүйнө кайра ачылат деген үмүттө сувенир дүкөнүн ачууну чечтик. Башында шаарда, өлкөдө бир да турист жок болсо, сувенир дүкөндү эмне кылабыз деп менин үй-бүлөм түшүнгөн жок. Бирок менин идеямды жолдошум колдоп, 2020-жылы августта дүкөндү ачтык.

— Улуттук буюмдарды заказ менен жасатасыздарбы же өздөрү алып келип өткөрө беришеби?

— Ар ким өзүнүн жумушун жасаш керек. Биз өзүбүздүн кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын баалуулуктарын, өлкөнүн жана элдин маданияты менен каада-салты жөнүндө кантип айтып бергенди жана аны сатканды билебиз. Биз өзүбүздүн усталарыбызды, дизайнерлерибизди, ата мекендик товарларыбызды, буюмдарыбызды жарнамалайбыз. Ушундай жол менен биз өлкөбүздү таанытып жатабыз. Биздин сыймыктана турган, бүткүл дүйнөгө көрсөтө турган жаратылышыбыз бар, бирок эң баалуусу – бул эл, анын чеберчилиги, каада-салттарга, жашоого болгон сүйүүсү.

Буюмдарды бизге өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы усталар буйрутма менен жасашат. Анан албетте, Каракол жана анын айланасындагылар да алып келишет. Заказ боюнча белектерди кооздоп, таңгактаганды үйрөндүк. Биз жөн эле сатпайбыз, туристтерге үч тилде өз продукциябыз, кол өнөрчүлөрүбүз, шаардын тарыхы, биздин өлкөдө көрүш керек болгон нерселердин же кыдыра турган жерлердин бардыгын айтып беребиз. Биз ар кандай маалымат менен жардам берип келебиз. Эгер товар колубузда жок болсо анда туристтерди айылдарга, кол өнөрчүлөрүбүзгө жөнөтөбүз. Туристтин өлкөбүзгө кайра кайтып келип, өзү менен кошо башкаларды да ала келүүсү үчүн жакшы таасирлер менен кетиши биз үчүн маанилүү.

Мисалы, бир жолу Германиядан келген турист белгилүү бир өлчөмдөгү шырдак издеп калды, ал бизде да, шаарда да жок экен. Ал Казакстан тарапка Түп району аркылуу жөнөп калганда биз ага Ичке Суудан шырдак жасагандарды таап бердик. Ал издегенин таап, сатып алганына аябай сүйүнүп бактылуу болду.

"Thank you so much for your help! You are a really great person. It was really nice to meet the woman and her very kind family. You really made me happy", - деп жазды ал турист.

— Кара-Колдо кышкы туризм жакшы, бирок сиздерде кайсы мезгилде соода жакшы болот?

— Караколдо туризм жыл бою болот. Биздин дүкөнгө болсо туристтер кышында деле, жазында деле келе беришет.

— Дүкөнгө келген чет элдик турист орточо канча акчага соода кылат?

— 800-1000 сомдун тегерегинде.

— Дүкөн менен атамекендик кол өнөрчүлөргө да киреше табууга жардам берет экенсиздер, алар бир айда канча буюм өткөрүшөт сиздерге?

— Айтуу кыйын, биз 0туздан ашык чебер-усталар менен иштешебиз. Ар кимисине өзүнчө көлөм жана суроо-талап бар. Кээде бир шырдактан 50 даана тапочка же 200 кийиз оюнчукка чейин алабыз.

— Дүкөндү ачууга канча каражат кетти? Азыр жылдык акча айлантууңуздар канча?

— Мен дүкөндү ачууга канча акча жумшадык так санды айта албайм, анткени азыркыга чейин каражат салабыз жана насыя төлөп келебиз, болжолдуу 3 млн сомдон ашык кетти. Азырынча акча айлантуу 1 млн сомдон ашпайт. Бирок жылдын аягына чейин биз өсүштүн оң динамикасын көрөбүз го деп ойлойм.

— Быйыл жайкы туризм кандай болду? Жылдан жылга туристтер көбөйүп жатабы?

— Бул жылы турист көп болду, агымы да көбөйүп жатат. Ал эми туристтер келген өлкөлөрдүн тизмеси да кеңейип жатканы жакшы. Быйыл Австралиядан, Эквадордон, Сингапурдан, Малайзиядан, Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн туристтер келишти. КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер да көп.

Ал эми туристтерди кабыл алган өлкөлөрдүн тизмеси кеңейип жатканы жакшы. Быйыл Австралиядан, Эквадордон, Сингапурдан, Малайзиядан, Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн туристтер келген. КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер көп.

— Дүкөндө кандай товарларды жакшы алышат, эмнеге суроо-талап бар?

— Табигый кийизден жана жибектен жасалган буюмдарды, Ысык-Көлдүн балын, тоо чөптөрүнөн табигый чайларды жакшы алышат. Сөзүмдүн аягында кошумчалай кетейин, жергиликтүү товарларды сатып, кол өнөрчүлөрүбүздү, өндүрүшчүлөрүбүздү колдоо маанилүү.

Сүрөт: Влад Ушаков

Мындан тышкары окуңуз

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media
Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди. Бул жаңы ыкма менен сатып алган товарыңыздын акысын POS-терминалдын камерасына карап эле төлөй аласыз. Банк картасын же смартфонду алып чыгуунун, QR-кодду сканерлөөнүн кереги жок. Кардардын өздүгү тастыкталгандан кийин төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт. "Жылмаюу менен төлөө" кызматынын

Ишкер Media
Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт. Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап

Ишкер Media