Жылына чет өлкөгө 150 тоннага чейин кыргыз балын экспорттойбуз — "Аман-Гринфуд" компаниясы

Жылына чет өлкөгө 150 тоннага чейин кыргыз балын экспорттойбуз — "Аман-Гринфуд" компаниясы

Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө жылына 150 тоннага чейин кыргыз балын чыгарган "Аман-Гринфуд" компаниясы Кыргызстандагы эң ири бал экспортчулардын бири. Акча айлантуусу 90 млн сомду түзгөн компаниянын адистеринен балдын өзгөчөлүктөрү, ишкана тууралуу маалыматтарды сурадык.

Динар Абдыкадырова, сапатты көзөмөлдөө боюнча менеджер.

— Өндүрүштүн толук процессин айтып берсеңиз, балды региондордон кантип чогултасыздар? Кайсы региондон көп келет?

Бал өндүрүү процесси талаадан, башкача айтканда, гүлдөр өскөн жерлерден башталат. Бал аарычылар/аарыкечтер чогултуп берген балды биздин компания чыпкалап, идиштерге куюп даяр өндүрүм катары кардарларга тартуулайт.  Ишенимдүү, көп жылдан бери иштешип келе жаткан бал аарычылардан жана жаңыдан иштешип баштоону каалагандар менен да иштешебиз. Өндүрүлгөн балынан үлгү алып келишет жана ал үлгү өзүбүздүн лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөндөн кийин гана кампага алынат. Өндүрүштүн толук процесси эл аралык ИСО 22 000 жана ИСО 9001 стандарттарынын талаптарына жооп берет. "Аман-Гринфуд" компаниясы бул стандарттар менен иш алып барган бал жана бал аарычылык өндүрүмдөрүн даярдаган Кыргызстандагы бирден бир компания десек жаңылышпайбыз. Кыргызстандын дээрлик бардык региондорундагы бал аарычылары  менен иштешебиз. Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынан көбүрөөк келет.

— Көбүнчө экспортко чыгарасыздарбы же ички рыноккобу? Сыртка эң көп кайсы өлкөгө кетет?

Компания негизинен сыртка экспорт менен алектенет. Бирок быйыл ошол экспортко кетип аткан балды жана бал азыктарын  ички рынокко да чыгаралы деп жатабыз. Жылына экспортко 100-150 тоннага чейин кетет жана көбүрөөк АКШга жөнөтөбүз.

— Кимдер менен келишимиңиздер бар?

Быйыл Кытай менен келишимдер жанданды. Андан тышкары, Араб мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея, АКШ менен келишимдер бар.

Темирболот Бекболот уулу, камсыздоочу:

Сыртка экспорт кылыш кыйын, Кыргызстанга товарлар кандай кирет билбейм, бирок биз башка мамлекетке чыгарып жатканда алар аябай кылдаттык менен текшеришет. Биз алардын бүт койгон талаптарына жооп беришибиз керек. Бал кардарыбызга жетип, ал кайра бизге кат жөнөткөнгө чейин чыдамсыздык менен күтүп турабыз. "Балды алдык, документтер баары туура, сапаты жакшы" дегенден кийин гана журналдарга түшүрөбүз. Баса, бал балчыдан келгенден баштап, кайсы өлкөгө барганга чейинки бардык аракеттер журналга жазылат. Мисалы, банканы ким жууду, ким тазалады, капкагын ким бурады, балды ким куйду, ошонун баары аттарына, саатына чейин жазылат. Кийин бир ката чыга турган болсо, ошол журналдан кимден кеткенин табабыз.

Бал кайра кайтарылып келе турган болсо, биздин компаниянын эле эмес, Кыргызстандын балын жаман көрсөтүп койгон болобуз. Алар "Аман Грин Фуддун балы начар экен" дебейт, дароо эле "Кыргызстандын балы начар" деп жалпы айтып коюшат. Ошондуктан бул жактан кылдаттык менен текшерип жөнөтүшүбүз керек.

— КРнын кайсы регионунун балдары кымбат сатылат жана региондордун балдары бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Мисалы, Нарын менен Оштун балынын айырмалары кандай?

Назгүл Ишенбаева – лаборатория жетекчиси:

Бардык региондордун балы бааланат, ар биринин өзүнүн өзгөчөлүгү жана аны жакшы көрүп жегендер бар. Бал бири-биринен ботаникалык курамы, органолептикалык касиети менен айырмаланат. Ар бир регионду мүнөздөй турган өзүнүн гүлдөрү (бал бере турган) болот, ошондон балдын даамы да, түсү жана жыты ошондон көз каранды. Нарын менен Оштун  балы ботаникалык курамы менен гана айырмаланат.

Ак крем/каймак түрүндөгү балдын да, суюк кызыл балдын да өзүнүн кардарлары бар жана суроо талап бирдей эле. Кыргызстанда эспарцеттин ак балы көп өндүрүлгөнүнө байланыштуу жана дүйнөдөгү башка ак балдардан (акация, беде, пахта ж.б. ) айырмаланып турганы үчүн жакшы бааланат. Ар бир кыркымдын балы ошол кезде гүлдөгөн гүлдөрдүн ширеси менен өзгөчөлөнөт жана экөө тең эле баалуу болот. Кытай, АКШ, Араб өлкөлөрүндө  кыргыз балына жана бал азыктарына суроо талап чоң.

— КРда бал бизнесинин потенциалы кандай? Сиздер дагы канча көлөмгө чыксак деп план кылып жатасыздар?

Бал бизнесинин потенциалы чоң. Чет элдик  кардарлар көп, бирок кыргызстанда бал аз.  Жылына 400-600 тоннага чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн тоют базасын жакшыртуу  керек.

— Жылдык акча айлануунуздар кандай? Бул канчалык кирешелүү бизнес?

Азырынча 90 млн сом оборот менен иштейбиз. Бирок андан да көп соодага чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Бал аарычылар үчүн кирешелүү эле бизнес.

Мындан тышкары окуңуз

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен. Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон. 2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га,

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң