Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Министрлер Кабинети фермерлерди колдоо жана ички рыноктогу фасоль бааларын турукташтыруу максатында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКга төө буурчак (фасоль) сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Фермерлерден фасолдун килограммын 95 сомдон сатып алууда. Бул баа башка сатып алуучулардын сунуштарынан (92 сом) жогору болуп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

Маалыматка караганда, Таласта фасоль эгүү аянты акыркы жылдары өсүп, 2025-жылы 55,8 миң гектардан ашык жерге эгилген, жалпы түшүм 84,2 миң тоннага жеткен. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзгөн.

"Андыктан, айрым жеке тараптардын (блогерлердин) 100 миң тоннадан ашуун төө буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат, - деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт",- деп айтылат маалыматта.  
Учурда Талас облусунда фасоль төмөнкү баалар менен сатылууда: «Скороспелка» – 155–160 сом, «Лопатка» – 95 сом, «Томат» – 92 сом.

Бул чаралар айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички рыноктогу бааларды туруктуу кармоо жана агроөнөр жай тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи

Ишкер Media
Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Насип Ширин” кондитердик ишканасы өндүрүш көлөмүн беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Новиковдун маалыматына ылайык, ишкана РКӨФтүн финансылык колдоосу менен өндүрүшүн кеңейте алды. Жаңы цехти ишке киргизүү үчүн аталган фонд “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8

Ишкер Media
Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media