Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

3-ноябрдан тарта Кыргызстанда 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор колдонууга берилди. Жаңы паспортту алуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт, азыркы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.

Жаңы документтердин негизги максаттары: мамлекеттик желектин өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу, улуттук өндүрүштү күчөтүү, чек арада коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана документтерди жасалмалоодон коргоо.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, “Учкун” ААК эми паспортторду жана ID-карталарды толук циклинде чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Бул документтерге жаңы коргоо элементтери киргизилген жана жасалма колдонууга жол берилбейт.

“Жаңы паспорттор чек арадан өтүүнү эсепке алууну жакшыртат, мыйзамсыз миграция жана кылмыштуулук менен күрөштү күчөтөт, ошондой эле миграциялык көзөмөлдүн сапатын жогорулатат”, - деп белгиледи Каныбек Туманбаев.

Мындан сырткары, “Учкун” ААК чет мамлекеттер үчүн паспортторду да чыгарууга мүмкүнчүлүк алган, анын ичинде алгачкы партиясы Намибияга жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи

Ишкер Media
Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Насип Ширин” кондитердик ишканасы өндүрүш көлөмүн беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Новиковдун маалыматына ылайык, ишкана РКӨФтүн финансылык колдоосу менен өндүрүшүн кеңейте алды. Жаңы цехти ишке киргизүү үчүн аталган фонд “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8

Ишкер Media
Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media