Ира ЧОТКАРАЕВА: “Апамдын чайы” аталышынын өзгөчө тарыхы бар"
Акыркы жылдарда Кыргызстан ичинде “Апамдын чайы” аталышы брендге айланып кеткени баарыбызга маалым. Бирок, бул аталыш кантип, качан элге кеңири тарап, коомдук тамактануу бизнесинде кулакка, жан дүйнөгө жагымдуу терминге айланганын элдин көбү биле бербейт. Ошол себептен Чолок айылынын жанында бир кезде табийгый отко каттама жасап, аны самоордун чайы менен сатып, талбас аракет, мээнет, сабыр менен жол жээгиндеги “Апамдын чайы” тамактануу бизнесин түптөп, кыргыз каттамасы менен сүт чайын арабдарга чейин жайылткан Ира ЧОТКАРАЕВАны кепке тарттык.
- Ира апа, сөз башынан болсун. Сиз качан, кантип, эмне себептен ушул тогуз жолдун тоомунда каттама, сүт чай сатып калдыңыз эле?
- Биз негизи Чолок айылынын жанына 2005-жылы бул жердеги Темирбек Акматалиевдин фазендасына кароолчу болуп иштегени келгенбиз. Биз келгенге чейин Чолок айылынын тургуну Анара деген аял жолдошу экөө жол жээгинде биринчи болуп каттама, чай сатчу экен. Кийин кашкелеңдик Бурулкан апа боз үй тигип, ары-бери өткөндөргө чай, каттама сата баштаптыр. Анан анын жанына биз келдик. Анда чай, каттама сатуу оюбузда жок болчу. Бир күнү улуу кызым: “Апа, биз деле Бурулкан ападай каттама жасап сатып көрбөйлүбү?”,-деп калды. Ошентип Бурулкан апаныкына окшоштуруп биз да каттама жасап, жол жээгине стол, самоор коюп каттама менен сүт чай сата баштадык. Ал кезде газ жок болгондуктан каттаманы очокко эле жасачубуз. Бурулкан апа май айынын аягында келип, кайра небересинин окуусу башталганда – сентябрда кетип калат. Абышкам, бала-чакам менен бирин-серин ары-бери өткөндөргө чай, каттама сатып жүрдүк.


- Ошол кезде каттама, чайыңыз канча сом эле?
- Ал кез чынында кыйын учур болду. Бир каттама болгону 15 сом, бир чыны сүт чайыбыз 5 сом болчу. Ал убакта “Холодная воданын” ирбити жүрүп турган кез болгондуктан бизге киши деле токточу эмес. Болгону түшкү саат экилерде Балыкчы, Чолпон-Ата, Нарынга кеткен коммерцанттар токтоп, биздин чай, каттамабыз менен тамактанышып, Чолок айылынын азыноолак элинин айран, сүтүн ичишип, куруттарынан сатып алышчу.
- “Апамдын чайы” дегенде эл эмнеге Бурулкан апа, Анара апаны анчейин көп сөз кылбай сизди айтышат?
- Азыр айтканымдай коммерцанттар саат 2-3төрдө тамактанып кеткенден кийин Чолок айылынын тургундары үй-үйлөрүнө кирип кетишчү. Андайда какыйып эле мен жалгыз калам. Кийинчерээк “Холодная водадан” айрым кардарлар: “Ал жактын тамагы, мамилеси бузулду, силердин каттамаңар жакшы”, дешип бирин-серин бизге келе башташты. Аларга жылуу мамиле кылып элди акырындап көндүрүп, кийин атайын жер бөлдүрүп алып навесте чай, каттама сата баштадык...
- Ира апа, “Апамдын чайы” деген аталыш кантип, качан пайда болгону кызык болуп турат?
- Ошол кезде “Республика” партиясынан үгүттөөчүлөр келип калышып менден чай ичип калышты. Арасынан бирөө: “Апа, чайыңыз тимеле бала кездеги апамдын чайындай экен",- деп калды. Кийин алар “Апамдын чайы” деген баннер жаздырып келип, илип берип кетишти. Кийин дагы бир кардарым навесибиздин башка капталына “Апамдын каттамасы” деген жазуу илип берди. Азыр да ошол “Республика” партиясынын жигиттери келип “Апамдын чайын биз коюп бердик эле” дешип чай ичип кетип турушат. Ошол убакта “Апамдын чайы” аталышын патенттетип алайын деп Кыргызпатентке барсам “30 миң сом төлөсөңүз бир жылдан кийин документ берилет”, дешти. Ал кезде андай акча табыш кыйын болгондуктан патенттете алган жокмун. Кийинки жылдары да барып документ ала албадым. Бардык жерде эле “Апамдын чайы” болуп кеткендиктен башкачараак болсун деп быйыл самоордун сүрөтү менен атайын эмблема жасатып, “Ира апанын чайы” деген аталышты патенттеттирдим.

- Кыргызстанга келген арабдар каттамаңызга тамшанып калышып Абу-Дабиге чакырганын да уктум эле...
- Ооба, бир жолу “Арабиядан принц келе жатыптыр” дешип бул жердегилер уу-дуу болуп калышты. Бирөөлөр айтканбы же өздөрү эле тандап кириштиби арабдар бизге киришип, каттама менен чай ичишти. 20дай киши экен. Принцтин өзү жана анын туугандары, жакындары дешти мага. Тамактанып алып Ысык-Көлгө кетишкен. Эки-үч күндөн кийин кайра келишип, “Көл жактан мындай каттама таппадык”, дешип каттама менен кайра чай ичип кетишкен.
Августта аларды коштоп жүргөн кыргыз бала чалып: “Апа баягы арабдар сизди каттама жасаганды үйрөтсүнчү деп суранып жатышат”,-дейт. “Келсин бул жакка үйрөтөйүн”, десем: “Жоок, сиз Арабияга барып үйрөтүшүңүз керек экен”,-дейт. Өмүрү бир жакка чыгып көрбөгөн жаным, “Көрөйүн балам, үй-бүлөм менен кеңешейин. Мен мынабу Ошту көрө элекмин керек болсо”,- дедим. Антип-минткиче убакыт өттү. Тиги бала октябрда кайра чалып: “Апа арабдар суранып жатышат, барып бербейсизби”,-деди. Колум ооруп, ооруканада болгондуктан, “Жакшы болгондо барайын”, деп коюп кайра унутуп калыпмын. Декабрь айында тиги бала кайра чалып, дагы суранды. Анан ага жалгыз бара албасымды айтып: “Жаныма бир кызымды, анан бир эркек киши ала барсам болобу?”,-десем, “Тигилерден сурап көрөйүн”, деп калды. Көп өтпөй эле тигилер 3 кишиге билет алып берип 9-декабрда учтук. Тиги бала бизди бул жактан салып, Абу-Дабиден арабдар өздөрү тосуп алышты. 10 күн ошол жакта болуп, Абу-Дабини кыдырып, Ак Мечитке чейин бардык.



- Каттаманы арабдарга анан катыра үйрөттүңүз?
- Тигил жакта кандай болуп калат деп каймак, сары май алып алгам. Кийин ун алып алсам болмок экен деп өкүнүп калдым. Климаттанбы, жерденби же унданбы, айтор тигилерге жакканы менен ал жактагы каттамам эч көңүлүмө толбой койду. Кыскасы, принцтин ашпозчусуна 4 саат бою каттама жасаганды үйрөтүп, 12 күндө кайра келдик.
- Илгерки каттама, чай саткан жайыңыздар азыр заманбап болуп оңолуп, сонун болуп калыптыр. Муну өзүңүздөр курдуңуздарбы же жергиликтүү бийлик жасап бердиби?
- Кайдан, айыл өкмөтү жерди эле бөлүп берип, архитектуралык планын чийдиртип берди. Калганын ар бирибиз өз каражатыбызга жасадык. Мамлекет болгону алдындагы унаа токтотуучу жайларды жасап берди. Азыр бул жерде 30дай ишкер патент алып, мамлекетке тиешелүү салык төлөп иштеп жатабыз.


- Баса апа, атыңыз эмнеге Ира болуп калган?
- Мен өзүм Бейшеке айылынанмын. Союз маалында кошуна Боролдой айылында орустар көп болчу. Ошол жактагы орус акушердин атынан коюп коюшса керек. Бала кезде классташтарым: “Кийин сени Ира кемпир деп айтышабы?” деп күлүп калышчу. Убагында ошону которуп алганды деле ойлобопмун. Азыр атымды уккандар дагы оруспу же башка улуттанбы деп күмөн санап калышат.
- Каттамага кошулчу сары май, анын менен кошо берилчү чынылардагы каймакты өзүңүздөр өндүрөсүздөрбү?
- Ооба, сары майды нак сүттүн үстүнө чыгып калган каймактан жасайбыз. Каймакты болсо сүттөн тартып алабыз. Каттаманын камыры болсо казак унунан жасалат. Өзүм менен 3 кызым иштейт. Алар каттаманын камырын даярдап, жайып, жасап беришет. Башкалар бышырат. Мен баарына өзүм көз салып турам.


- “Ира апанын чайы” тамактануучу жайында азыр каттамадан башка дагы кандай тамактар сатылат?
- Орозо убагында башка тамактарды сурагандар да болду. Ошондон тарта куурдак, манты, шорпо, пельмен, лагман да жасай баштадык. Тамактарды келиним жасайт.
- Кире бериштеги мынабул килейген жез самоорлорду кайдан тапкансыздар?
- Алгач чай сата баштаганда 10 литрлик самоорго чай кайнатчубуз. Киши көбөйгөн сайын чайыбыз жетпей, абышкам да кыйнала баштады. Эки самоор койсок аныбыз заматта эле түгөнүп калат. Кийин 15 литрлик самоорго өттүк. Ал дагы кичинелик кылганда Аламүдүн базарында самоор саткан бир келинге атайын буйрутма кылып 40 жана 45 литрлик эки самоор алдырттык.

- Бир видеодо “Нават” чайканасынын ашпозчусу сизден каттама жасаганды үйрөнгөнүн айтып жатат...
- Ооба, ал чайкананын кожоюну менден суранып бир ашпозчу жигитине каттаманы үйрөттүм. Алар да азыр жакшы жасап калышты.

- Каттама ишкерлигиңизди кеңейтип, дагы бир тамак-аш бизнесин ачуу планыңыз барбы келечекте?
- Ооба, азыркы турган жерибиз бир аз тарыраак болуп жатат. Келечекте каршыбызга боз үй тигип, илгерки апалардай көмөч казанга нан жаап, калама жасасамбы деген оюбуз бар. Кудай буюрса аны жазындай баштайбыз.