"Береке дан" ун заводу өндүрүшүн кеңейтет

"Береке дан" ун заводу  өндүрүшүн кеңейтет

Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев "Береке дан" ун заводунун жетекчилери менен өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселесин талкуулады. Жолугушууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы өлкөдө ун азыктарына болгон муктаждык жогору экенин белгилеп, учурда сырткы импорттун көлөмүн азайтуу, жергиликтүү ишкерлердин продукциясын колдоо жана рынокто жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, завод жетекчилигин өнүктүрүү фонддору менен тыгыз кызматташууга, ошондой эле Жалал-Абад бизнес-ассоциациясынын курамына кошулууга чакырды. Бул аркылуу ишканада документтик коштоо, долбоор даярдоо жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жараларын кошумчалады.

Масы айылындагы "Береке дан" ун заводу 2025-жылы жаңы заманбап жабдууларды орноткон. Учурда ишкана жергиликтүү дыйкандардын буудайын кабыл алып, сактап, унга айландырып берет. Заводдо 20дан ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, жылына 2 миң тоннага чейин буудай кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media
Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media