Эркинбек МАМАТКУЛОВ: “Импорт менен алыс кете албасыбызды түшүнүп өндүрүш ачтык”

Эркинбек МАМАТКУЛОВ: “Импорт менен алыс кете албасыбызды түшүнүп өндүрүш ачтык”

Жергебизде жаштайынан ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип, сооданын, ишкерликтин ысык-суугун татып жүрүп ийгиликке жетишкен ишкерлер арбын. 10 жашынан ата-энеси менен бирге Дордойдогу соодага аралашып, кийин атасынын көмөгү менен желим өтүк, көлөч чыгаруучу “Walkers.kg”  атамекендик компаниясын ачып, учурда аны ийгиликтүү иштетип жаткан  жеке ишкер Эркинбек МАМАТКУЛОВду “Ишкер МЕДИА” кепке тартып, кызыктуу баарлашуу кылды.  

-       Эркинбек мырза, азыр сиз жүргүзүп жаткан желим өтүк, желим көлөч бизнеси кантип, качан, ким тарабынан башталганы бизге кызык болуп турат...

-       Атам мындан 30 жыл мурун Россиядан эки түгөй желим көлөч алып келип сатып көргөн экен. Алар жакшы өтүп кеткен соң аны көбөйтүп сатып, желим бут кийимдерди сатуу соодасына  аралашып кетиптир. Кийин бул алып сатуу бизнесине мен аралаша баштадым. Ошентип 2019-жылга чейин импорт менен иштедик. Атам импорттук товарларды сатуу менен алыс кете албасыбызды түшүнүп ошол жылы желим бут кийим чыгаруу үчүн чакан ишкана ачкан. Ошондон бери акырындап иштеп келе жатабыз. 

-       Эң алгач канча түгөй желим бут кийим чыгардыңыздар эле жана аны сатууда кандай кыйынчылыктар болду?

-       Ишканабыз расмий ачылгандан тарта жылына 15-20 миң түгөй чыгара баштаганбыз. Өзүңүздөр билгендей кыргыз элибизде атамекендик товарга скептикалык, ишенкиребеген көз караш бар. Ошондон улам биздин өтүк, көлөчтөрдү башында эл көп алчу эмес. Ошого карабай биз тырышып сапатка иштеп жүрүп акыры кардарларыбызды көбөйттүк. Азыр Кудайга шүгүр, 30дан ашык түр менен жылына 300 миң түгөй өтүк, көлөч чыгарабыз. Башка көлөчтөрдөн айырмаланып биздин бут кийимдер бир куюлат(целнолитий). А Россия менен Өзбекстандын көлөчтөрүнүн таманы өзүнчө, үстү өзүнчө куюлат.

-       Бир жылда ошол 300 миң түгөйдүн баары сатылабы анан?

-       Биздин бут кийимдер жаз, күз, жай мезгилдеринде гана кийилгендиктен баары сатылып кетпейт. Товарды дүңүнөн гана соодалагандыгыбыздан улам күзүндө сатыкка чыкчусун жайында, жазында сатыкка чыкчусун кышында чыгарабыз. 

-       Ошондо сиздердики кадимки эле күнүмдүк кийилген желим көлөчтөрбү?

-       Желимдин каучук, ПВХ, полипропилен дегендей 10 түрү болот. Биздин өтүк, көлөчтөр кадимки ата, апалар кийип жүргөн маасынын сыртынан кийилчү көлөчтөр, балдар, чоң адамдар кийчү желим өтүктөр. Негизи биз рынокко жаңы келгендиктен өңдөрү, дизайны, формасы ар кандай өзүбүздүн уникалдуу товарларды чыгарабыз. Биздин товарлардын баары ПВХдан жасалат. Анан биздин көлөч, өтүктөрдүн дагы бир өзгөчөлүгү – балдар кийчү өтүк, көлөчтөрдүн ичинде жука катмардагы мех бар. Ал бутка суук өткөрбөйт, бутту тердетпейт. Биздин бут кийимдердин негизги артыкчылыгы да ушунда. 

-       Сиздердин товарлар чет өлкөлөргө экспортко чыгабы?

-       Ооба, азыр Россия, Казакстанга чыгып жатат. Россияга атайын расмий келишим менен чыгарабыз. Казакстанга болсо соодагерлер өздөрү дүңүнөн сатып алышып, чыгарып кетишет. 

-       Ишканаңызда учурда канча жумуш оруну түзүлгөн жана орточо эмгек акы канча? 

-       Туруктуу 2-3 адам иштейт. Андан сырткары келишим менен убактылуу 30дай адам улам алмашып иштеп турушат. Эмгек акы жумушчулардын иштөөсүнө жараша эсептелет. Азыркы экономикалык шарттан алганда бизде иштегендер азыркы орточо маянанын тегерегиндеги эмгек акы алышат.

-       Атамекендик өндүрүшчү катары мамлекет тарабынан кандайдыр бир жеңилдиктерди аласыздарбы?

-       Биздин мекеменин “Walkers.kg” расмий аталышынан башка мамлекет тарабынан азырынча эч кандай деле жеңилдиктер жок. Ошол эле тигүү тармагына берилген салыктык жеңилдиктер биздей атамекендик өндүрүшчүлөргө эмнегедир каралган эмес. Коңшу Өзбекстанда болсо жергиликтүү өндүрүшчүлөргө бажы салыктарынан жеңилдиктер бар. Ошого карабай биз бардык тиешелүү мамлекеттик салыктарды төлөп, ачык иштеп келе жатабыз.   

-       Сырье алып кирүүдө, товар чыгарууда кандай кыйынчылыктар бар?

-       Кудайга шүгүр, мамлекет ичинде олуттуу кыйынчылыктар деле жок. Кээде сырьенун келишинде башка мамлекеттерде бир аз кармалуулар болуп калат. Болгону биздин товарлар Россияга Казакстан аркылуу кетет. Кыргызстандан бардык тиешелүү документтери менен так, туура чыккан товарларыбызды Казакстанда эмнегедир убактылуу сактоо кампаларына киргизип салышат. Анан ал жерде товар минимум эки жума туруп калат. Ошентип Россиядагы өнөктөштөр менен түзүлгөн келишим мөөнөтү бузулат. Муну кыргыз бийлиги кийлигишип чече алабы жокпу айта албайм. Бирок, ушул маселеге жогору жактагылар маани берсе жакшы болот эле.  А Кыргызстан ичинде ишкерлик кылууга эч кандай тоскоолдук деле жок. 

-       Жеке ишкерлигиңизде өзүңүздүн башыңыздан кечирген кандай кыйын учурлар болду?

-       Биздин ишканада чоң-чоң станоктор бар. Анын бирөө эле 20 тоннадай болот. Кээде ал станоктордун бир жери бузулуп калат. Анан түн ортосуна чейин майга чыланып жүргөн учурлар болот. Албетте,стнокторду мен өзүм оңдобойм, бирок, баары бир ага аралашууга туура келет. Муну көпчүлүк түшүнбөй эле ишкерлер акчаны күрөк менен күрөп алгандай көрүшөт. Тигүү цехтеринде машинанын бир жери бузулса аны дароо алмаштыра койсо болот. Биздики андай эмес. Станок бузулса аны оңдош гана керек болот. Жаңысын дароо сатып ала албайсың. Азыр биздикиндей станоктор 50 миң доллардан жогору турат. Анан 20 тонналык станокту алып келүү, орнотуу өз өзүнчө маселе. Орноткон соң ага 1 тоннадай май куюлат. Анын автоматташтырылган системасы, электрлештирилген, гидравикалык жабдыктары бар. Кыскасы биздин бизнестин нюанстары өтө көп.  

-       Бизде акыркы убактарда электр жарыгы көп өчүрүлүп жатат. Бул ишке тоскоолдук кылбайбы?

-       Туура айттыңыз. Биздин өндүрүш негизи индукциондук система. Цилиндр формасындагы шнектин ичинде сырье эрийт. Анан электр жарыгы өчкөндө ошол шнектин ичиндеги сырье катып калат. Анын баарын жарым күн бою кол менен тазалап чыгууга туура келет. Кеткен чыгашаны эч ким компенсациялап бербейт. А кокус станок күйүп кете турган болсо биз анда абдан чоң чыгашага учурайбыз. Муну тиешелүү мамлекеттик орган кызматкерлерине айтсаң көйгөйдү бири бирине түртө салышат. А салык, электр энергиясы, коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө төлөөгө келгенде тыйынына чейин төлөтүшөт. Ушул жагынан мамлекетке кичине таарынып да кетесиң.  

-       Иштетилип жаткан сырье кызматкерлердин саламатыгына, экологияга зыян келтирбейби? 

-       Жок, ПВХнын адамдарга, экологияга эч зыяны жок. Ошол себептен биз желим түрлөрүнүн ичинен так ушул ПВХны тандаганбыз. Аны иштетүүдө абага да зыяндуу нерселер бөлүнүп чыкпайт. 

-       Өндүрүш башталганына көп жыл болуптур жана сапатка иштейбиз деп жатасыз. Кардарларга фирманын өтүк, көлөчтөрү жакшы таанылып калса керек?

-       Ооба, азыр кардарлар биздин бут кийимдер сапаттуу экенин жакшы билишет. Алсак, “Мой галош” деген линейкабыз бар. Бул линейкадагы көлөчтөрүбүз Россия, Өзбекстандан келген көлөчтөргө салыштырмалуу абдан сапаттуу жана баасы да кымбат эмес. Аларды бери дегенде бир жыл кийсе болот. Россиялык көлөчтөр ашып кетсе 4-5  айга, Өзбекстандыкы андан да аз мөөнөткө чыдайт. 

-       Бизнесмендердин көбү бир эле ишкерликти карабай, башка тармактардан да өзүн сынап көргүлөрү келет. Сизде ошондой пландар барбы?

-       Азырынча андай ой жок. Себеби, биздин потенциал чоң. Жылына 1 миллион түгөй өтүк, көлөч чыгарсак болот. Ошол потенциалга жетише албай туруп башкага чарпылгым деле келген жок. Анын үстүнө атам кичинемден бир иштин майын чыгара жасап, өтөөсүнө чыгууга тарбиялаган. Ошондуктан ушул бизнести өркүндөткөнгө аракет кылып жатам. Чынында азыр Кыргызстанда эле желим өтүк, көлөчкө болгон рыноктук керектөө чоң. Ошону толук камсыздоого жетише албай жатабыз. 

-       Сиз сыяктуу ишкерлик баштайм деген кыргыз жаштарына кандай кеңеш берет элеңиз?

-       Биринчиден эмгекчил болуш керек, экинчиден, иштегенден коркпош керек. Анан сабырдуулук өтө зарыл. Кээ бир ишкерлер он-он беш жылда ийгиликке жетишсе, айрымдары бир жыл ичинде өсүп, өркүндөп кетип жатат. Ошондуктан аракет кыла берген адам акыры бир ийгиликке жетет. 

 

 

 



Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Бүгүн Энергетика министрлигинде энергетикалык компаниялардын 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегия болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин билдиришинче, Кыргызстанда жыл башынан бери 11,3 млрд киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыкан жана керектөө 13,8 млрд киловатт-саатты түзгөн. 2.7 млрд киловатт-саат тартыштык импорт менен жабылган. Токтогул ГЭСинде 3-гидроагрегатты оңдоо аяктап,

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ведомствонун коллегиялык жыйынында “Газпром” ПАКынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди.  Т.Ибраевдин билдиришинче, А.Миллер менен менен жолугушууда алар Кыргызстан үчүн “Газпромго” капиталдык салууларды жогорулатууну макулдашышкан.  “Ал мага газ жеткирүү үзгүлтүксүз болуш үчүн эмне кылуу керектигин

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

Тажикстандын Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги — 14-аймактык жыйыны болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн экономика, транспорт, бажы, азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Катышуучулар региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү демилгелерин илгерилетүү боюнча

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстандын «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясы Өзбекстандын борборундаөткөн «MiningMetals Uzbekistan 2025» эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырганын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катыш