Асхат АЙСАРАКУНОВ: “Медиабизнес мени сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана убакытты туура пайдаланууга үйрөттү”

Асхат АЙСАРАКУНОВ: “Медиабизнес мени сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана убакытты туура пайдаланууга үйрөттү”

 Бир кезде дүйнөгө белгилүү британиялык банкир Натан Ротшильд “Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деп айткан экен. Анын сыңарындай азыр технология өнүгүп, ага удаа ар кандай шаан-шөкөттүү той, юбилейлер, иш-чаралар тынымсыз өтүп турган заманда медиатармакты жакшы өздөштүрүү учур талабы болуп калды.  Бүгүн ушул медиатармакты жакшы өздөштүрүп, борбордогу “Green_media_group” видео-фото студияны түптөө менен медиаишкерлик кылып жаткан Асхат АЙСАРАКУНОВду кепке тартып, кызыктуу маек курдук. 

-       Асхат мырза, башка бизнести тандабай медиаишкерлик менен алектенип калганыңызга эмне себеп болду?

-       Мен эмнегедир студент кезимден эле өз алдынча, бирөөгө көз каранды болбой иштегенди самачумун. Журналистика факультетин аяктап, бир нече жыл ушул багытта гезиттерде иштедим. Ошол кездерде далай таанымал инсандардан, ишкер, бизнесмендерден интервью алып, баарлаштым. Бирок башка кесиптештердей саясатка да, мансапка да кызыкпадым. Ошентип жүрүп бир кесиптешим экөөбүз Бишкекте таанышуу агенттигин ача турган болдук. Ал колдонулган компьютер сатып алып, мен ышкыбоздор колдонуучу кичинекей Sony үлгүсүндөгү видеокамера сатып алдым. Шаардан агенттикке ылайыктуу арзан батир таба албай жүрүп агентигибизди ача албай калдык.

-       Ишкерликтин башаты ошол кичинекей видеокамера болгон экен да?

-        Ошондой десек да болот. Агенттик ачылбай калгандан кийин өнөктөшүмдүн кеңеши менен жакындардын, тааныштардын чакан тойлорун, бала бакчалардын иш-чараларын арзыбаган акчага, кээде бекер эле тарта баштадым. Аны монтаждайын десем же компьютерим, же иштөөчү жайым жок. Анан баягы кесиптешимдин үйүндөгү эски компьютерине монтаждын программаларын көчүрүп алып, аларга уйку бербей күнү-түнү  монтаждаганды үйрөндүм. Аз-маз чогулган акчама кийин ноутбук сатып алып, тарткан видеолорумду монтаждай баштадым. 

Дос, тааныштар видеокамерамды көрүп алышып: “Ушу оюнчуктай болгон неме менен сен эмнени кыйратмак элең. Мындан көрө уюлдук телефон менен тарткан жакшы эмеспи”,- деп азилдеп жүрүштү. Ага карабай тарта берип кийин тойлорду тартканга өттүм. Ал кезде бир тойду  2500 сомго эле тартып, монтаждап берчүмүн. Баарынан кызыгы той ээлерине “Силерге өзүңөрдүн көзүңөрчө монтаждап берем” деп алардын үйлөрүнө барып, ноутбугум менен монтаждап, дароо дискке көчүрүп берчүмүн. Кээ бирөөлөр монтаж бүткүчө тамак жасап, сыйлап жиберишчү. Азыр ошол кезди эстеп алып күлөм.

-       Профессионалдык камерага өтүп, аны менен иштөө да оңой болбосо керек? 

-       Негизи кайсыл бизнес, ишкерлик болбосун аракет кыла берсең ал акырындап сага ачыла баштайт экен. Башкаларды көрүп ошол эле Sony фирмасынын профессионалдык чоң видеокамерасына өттүм. Ошентип 2010-жылдан бери далай видеокамера алмаштырдым. Заман, технология ыкчам өнүккөндүктөн уюлдук телефон сыяктуу эле видеотехника да улам жаңырып турат. Ошого жараша биз дагы улам жаңысын, жакшысын кууп ала беребиз. 

Баса алгач иштеп баштаганымда атам мени анча түшүнө албай, “Тапкан акчаңа эле улам бир аппарат ала бересиңби. Анда иштегениң, тапкан пайдаң кайсы? Элдин балдары минтип чекесинен үй салып жатат”,- деп нааразы болуп жүрдү. Бирок, кийин аракетимдин акыбети кайтып, ата-энем мени түшүндү. 

-Азыр айына канча киреше табасыз, келечекке кандай максаттарыңыз бар?  

- Азыр айына болжол менен 200-250 миң сомдой киреше табам. Анын бир 30-40 пайызы студиянын ижара акысына кетет. Андыктан келечекте өзүмдүн жеке чоң студиямды ачып, кино тартсам деген планым бар. Азырынча каражат жагынан бир аз кармалып турабыз. Андан сырткары келечекте өзүмдүн көп жыл мурда ачылган ютуб каналымды өнүктүрүп, ар кандай подкасттарды тартсамбы деген максатым бар.

-           Ушул видео-фото студияңызды ачуу идеясын ким сунуштады, аны кантип ачып калдыңыз?

-       Тойлорду, мектеп, бала-бакча иш-чараларын тартып жүрүп 2018-жылы мага фото-видео студиясын ачуу идеясы келди. Өмүрү студия иштетип көрбөгөндүктөн медиатармагында жүргөн тааныштардын көбүнөн кеңеш сурадым. Таң калганым ошондо бирөө да: “Азамат, жакшы иш баштап жатыпсың. Ачып байкап көр”, - деп жакшы ой айткан жок. Айрымдар: “Студия ачсаңыз банкрот болосуз. Жөн эле коюңуз”,- деп мени айнытканга аракет кылышты. Ага чейин Браян Трейси, Наполеон Хиллдин мотивациялык китептерин окуп жүргөндүктөн “Максат койдуңбу, бүгүн башта”, деген дем менен бир жуманын ичинде ушул батирди таптым. Кожоюнга ачык айтып, студия боюнча эч нерсе билбей туруп, тобокелчиликке салып фото студия ачтым. 

Багбан бак-шагын, фермер малын бапестеп багып, эки-үч жылдан кийин гана үзүрүн көргөндөй медиабизнесте деле баары оңой болуп кетпейт экен.  Бир-эки жыл абдан кыйналып, минуска иштеген учурлар болду. Баарына кайыл болуп, ишиме жан дүйнөмдү берип, күнү-түнү аракет кылдым. Эң жөнөкөй эле циклораманы жасаш бир топ машакат болду. Билгендерден сурасам алар же жөн айтышпайт. Усталарды жалдайын десем асмандын башын айтып туруп алышты. Анан бир таанышым менен экөөбүз интернеттен карап туруп циклораманы жасадык. Акча тартыш болгондуктан студияга акырындык менен керектүү жабдыктарды көбөйтө баштадым. 

-       Студияны ачууда негизги максатыңыз кандай эле?

-       Башында биз студияны ырчы-чоорчулар, актер, актрисалар фотосессия кылуу үчүн ачканбыз. Бирок, өзүм видео тартып жүргөндүктөн медиаишкерликке байланыштуу бардык кызматты көрсөтүү максатында студиябыздын аталышын ”Green_media_group” деп атагам. Азыр Кудайга шүгүр, студиябызда фото, видеого байланыштуу бардык кызматтарды көрсөтүүгө заманбап техникалар жана кызматкерлер жетиштүү. 

-       Бир кезде бир тойду тартып, монтаждап берүүгө 2500 сом алсаңыз, азыр мындай кызматтын акысы канча?

-       Андан бери баалар жогорулап, инфляция да өстү. Ага жараша биздин видеотехникалар, ижара акысы жана видеожабдыктардын баасы да көтөрүлдү. Мындан 10 жыл илгери бир тойду 2500гө тартып, монтаждап берсек азыр ал кызмат он эсеге өстү. Бирок, ошол кездеги 2500 сом менен азыркы 25 000 сомдун куну азыр бирдей болуп калды. Кыскасы, азыр бир тойду тартып, монтаждоо 300 доллардан 500-600 долларга чейин. Бул акча бир адамга эмес эки оператор, бир сүрөтчү, монтажер, студия акысы болуп отуруп бүтүндөй бир командага бөлүнөт. Баса белгилей кетүүчү жагдай, азыр студия сүрөтчүлөрү мурдагыдай сүрөттөрдү чыгарып бербей эле той ээсине флешка менен же соцтармактар аркылуу беришет. 

-       Сөзүңүзгө аралжы, технологиянын жетишкендиктери медиабизнестин ишин да кыйла жеңилдетсе керек...

-       Ооба, чынын айтканда видеотехникалар уламдан улам жакшырып, иштөө кыйла жеңилдеди. Мурда бир тойду 7-8 саат монтаждай турган болсок, азыр 3-4 саатта бүтүрсө болот. Монтаждалып бүткөн бир видео мурда 3-4 саатта экспорттоло турган болсо, азыр 15-20 мүнөттө экспорттолуп калды. Бир кезде 3 башка видеокамера менен тартылган видеонун үндөрүн монтажер бирден тизип, дал келтирип чыкчу жана ал аябай машакаттуу иш болчу. Азыр 3-4 камеранын үндөрүн бири-бирине дал келтирип кое турган атайын программалар чыкты. Ошонун натыйжасында монтаждоо 3-4 эсе жеңилдеди десек болот. 

-       Тойлордон сырткары да кандай видеолорду тартасыздар, алар бир аз татаалыраак болсо керек?

-       Азыр Love Storу, экспресс монтаж сыяктуу көп нерселер чыкты. Андан сырткары биз социалдык, жарнамалык роликтерди, студиялык клиптерди, каверлерди тартабыз. Ошондой эле азыр кыз узатуу тоюна да кээ бирөөлөр видео тарттыра башташты. Мындай кызмат көрсөтүүлөр өтө түйшүктүү болгондуктан терең чыгармачылыкты, изденүүнү талап кылат. Жайкы ысыкта, кышкы суукта алар менен талаа-түздө, тоодо жүрүш керек. Ошол себептен ресторандагы тарткан видеолорго караганда мындай видеолордун баасы жогору жана буларды бардык эле операторлор тарта албайт. Ошондой эле клип тартуу да өтө түйшүктүү иш. Бирок, аракет кылган адам баарын үйрөнө алат. 

-       Ар бир ишкерликтин, бизнестин өзүнчө түйшүгү, оорчулугу бар. Медиабизнестин кандай кыйынчылыктары бар экен?

-       Бул бизнесте атаандаштык чоң. Студия иштетүү боюнча айтсам, бул минимум 3 айда же максимум 6 айда же бир жылда бир локацияны өзгөртүп турушубуз керек. Ага өзүнчө дизайнер, уста жалдоого туура келет. Ошол эле кезде жаңы жасалгаланган студиянын дизайны кардарларды суктандыргыдай өзгөчө болушу керек. Мындайча айтканда, обончу изденүү менен жаңы обон, акын сезимди козгогон ыр жараткандай эле тогуз толгонуп, фантазияны иштетип өзгөчө локацияны ойлоп таппасаң атаандаштыкка туруштук берүү кыйын. 

Дагы бир кыйынчылык ­– биздин иш сезондук бизнес. Кеч күздөн тарта тээ жаздын ортосуна чейин иш солгундайт. Ошол убакта студиянын ижара акысын, башка чыгымдарды жабуу бир аз кыйыныраак болуп калат. 

-       Соцтармактар аркылуу видеотехникаларды жарнамалап калганыңызды да көрүп калабыз?

-       Тааныш ишкерлер кайсыл бизнесте жүрсөң ошону өркүндөтүү жакшы натыйжа берет деп көп айтышат. Ошону эске алып эки жылдан бери сырттан ар кандай заманбап видеотехникаларды, жабдыктарды атайын буйрутма менен алдыртып онлайн сатып жатам. Азыркы заманда минтип ар тараптуу кыймылдабаса да болбой калды. 

-       Интернет булактарында видеотехникаларды ижарага бергендер да арбын. Бул жагынан да иштеп жатсаңыз керек? 

-       Бул маселени да буюрса колго алганбыз. Бишкектеги операторлордун көбү, дээрлик 60 пайызы биздин студиядан ижарага видеотехника алып турушат. Негизи шаар боюнча минтип ижарага бергендер аз, бирок, бизде техниканы жоопкерчилик менен колдонуп, кайра бузбай, сындырбай кайтарып бергендерге эшигибиз дайыма ачык. 

-       Асхат мырза, ушул 15 жыл аралыгында медиабизнес сизди эмнеге тарбиялады?

-       Биринчиден, эмгекчил болууну, экинчиден, убакытты текке кетирбей пайдаланууну үйрөттү. Мисалы, бирөөгө жалданып иштеген кызматкер убакыттын тез өтүшүн самайт. А жеке ишкер өзү үчүн иштегендиктен ага убакыт дайыма жетишпейт. Мен дайыма кечинде эртеңки күндүн планын түзүп, ошого жетишкенге аракет кылам. Ишемби, жекшемби күндөрү эл эс алып жүрсө биз дем алууну билбей иштей беребиз. Түнкү саат 12-1лерде деле ырчылар, айрым үй-бүлөлөр фотосессияга келе беришет. Аларды кабыл албай коеюн десең студиянын рейтинги түшүп кетет. Анын үстүнө ырчы, тамадалар көбүнесе түн ичинде иштешет. Андыктан бул бизнес адамды чыдамкайлыкка, сабырдуулукка да үйрөтөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү башталды

Бишкектин мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү башталды

Шаар башчысы Айбек Джунушалиевдин кесиптик окуу жайларынын директорлору менен болгон жолугушуудан кийинки тапшырмаларына ылайык, мектеп окуучуларына дуалдык билим берүү программасын практикалык жүзөгө ашыруу башталды. “Ачык эшиктер күнү” алкагында №100 лицейде мектеп окуучуларын эрте кесиптик даярдоого багытталган жаңы долбоор старт алды. Долбоорго биринчи кошулган мектептердин бири №68 мектеп болду. Анын окуучулары

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын жаңы имараты курулат

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын жаңы имараты курулат

Бишкекте 14-ноябрда 10 гектар жер аянтын ээлей турган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынарын Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди.  Анын айтымында, борбордо 2 ай ичинде жаңы автодромдор курулат, а кийинки жылдын март айында “Унаанын” бардык шарты бар жаңы имаратын көрүүгө болот. “30 жыл ичинде

Кыргызстан жана Мисирдин мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду

Кыргызстан жана Мисирдин мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту. Анын жүрушундө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти жана

Кыргызстан-Египет: дипломатиялык паспорт ээлери үчүн виза талаптарын жокко чыгарат

Кыргызстан-Египет: дипломатиялык паспорт ээлери үчүн виза талаптарын жокко чыгарат

Күн мурун Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара