Лампочкалар эле эмес: Майлуу-Сууда жаңы жылдык көркөм жомокту кантип жасашат

Лампочкалар эле эмес: Майлуу-Сууда жаңы жылдык көркөм жомокту кантип жасашат

Майлуу-Суу лампа заводу Кыргызстанда да, андан сыртта да миллиондогон лампа чыгаруучу өнөр жай гиганты катары белгилүү. Бирок заводдун ичинде Жаңы жыл алдында гана "жанданып" турчу чакан, кол өнөрчүлүк өндүрүш бар экенин көптөр биле бербейт. Бул жерде жаңы жылдык балаты оюнчуктарын кантип жасашарын Economist.kg сайты элестүү баяндап берди.

Завод кандайча мындай продукцияны чыгара баштаганы жана бир адам кантип бүтүндөй конвейердин ордун толтурганы тууралуу жергиликтүү өндүрүштүн сүрөтчүсү Татьяна Казаева айтып берди.

Күтүлбөгөн буюртма жана өндүрүштүн башталышы

Айнек оюнчуктардын тарыхы 2013-жылы башталган. Ал кезде завод Украинанын Львов шаарындагы жаңы жылдык оюнчуктар фабрикасынан өзгөчө буюртма алган — аларга балаты оюнчуктарынын айнектерин жасоо керек болгон. Завод тапшырманы аткарып берген ден кийин жетекчиликке "Эгер биз заготовкаларды жасай алсак, анда толук кандуу оюнчуктарды да чыгара албайбызбы?" деген ой келген.

Инженерлер жабдууну оюнчук шарларына ылайыкташтырышып, шарлар дал ошол электр лампаларын колбаларын жасоочу автоматта үйлөтүлө баштаган. Жертөлөдөгү цех алюминий капкактарды, механикалык цех — кармагычтарды жасаган.

Бирок биринчи тажрыйба оңой болбой, сатуу төмөн болгондуктан линия токтотулган. Долбоорго кайра 2019-жылы кайтып келип, өндүрүштү акырындык менен жандандырууну чечишкен.

Майлуу-Суу оюнчуктарынын өзгөчөлүгү

Бул оюнчуктарда техникалык өзгөчөлүгү — алардын баарынын диаметри  60 мм. Бул дизайнердик чечим эмес, өндүрүштүк зарылдык.

Айнек негизи лампа чыгаруучу жабдууда үйлөтүлгөндүктөн, бардык формалар стандарттуу. Бирок эч кандай пластик кошулбай, айнек жана алюминийден гана жасалат.

Кол менен кооздоо

Кытайдын массалык өндүрүшүнөн айырмасы — бул жерде кол эмгеги. Колбаны автомат үйлөтсө, андан аркы иштер адамдардын колунда. Тактап айтканда — бир гана адамдын колунда.

Азыр оюнчукту чогултуу жана жасалгалоонун дээрлик бүт процесси Татьяна тарабынан жүргүзүлөт. Оюнчуктар кооз жана чоң көрүнүш үчүн ал адегенде шардын ичине жылтыраткычтарды же атайын боёкторду жайгаштырат. Андан кийин жука моюнчасына алюминий капкак кийгизип, зымдан жасалган илгичти бекитет.

Андан соң эң татаал этап — сыртын кооздоо башталат. Татьяна акрил боёктору менен бардык сүрөттөрдү тартат: адегенде жалпы фонду түзүп, анан беттерди жана майда деталдарды так салып чыгат. Даяр болгон оюнчуктарды кутучаларга салып таңгактайт.

Өтө көп түйшүктүү эмгекти талап кылгандыктан, жылына — 1000–1500 даана гана оюнчук чыгат. Ошондуктан продукция сейрек, тагыраагы өтө эксклюзивдүү.

Советтик ачык каттар жана атайын буйрутмалар

Кооздоо темасын Татьяна көп учурда сатып алуучулардын табитине жараша тандайт. Көпчүлүк номтальгия самагандыктан, эң популярдуу сюжеттер — ретро: советтик мультфильм каармандары, кар кишилер, эски ачык кат стилиндеги кышкы пейзаждар. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын символикасы да популярдуу.

Завод корпоративдик буйрутмаларды да аткарат. Мисалы, быйыл жыл башында Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн 300 даана шар жасалып берилген.

Кайдан сатып алса болот?

Оюнчуктарды кадимки супермаркеттерден табуу кыйын. Бир шардын баасы 150 сом. Сатуу чекити бир гана — Майлуу-Суудагы заводдун фирмалык дүкөнү. Сатып алуу суроолору боюнча Майлуу-Суу лампа заводунун сатуу бөлүмүнө да кайрылса болот.

Өндүрүү көлөмү чоң болбосо да, завод бул багытты колдоону улантып, өлкөдө сейрек жолуга турган айнек оюнчуктар өндүрүшүн сактап келет.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы