“Жүндөн үй жылуулоочу материал, жер семирткич чыгарабыз” - Бегимжан Молдобаева менен кызыктуу маек

“Жүндөн үй жылуулоочу материал, жер семирткич чыгарабыз” - Бегимжан Молдобаева менен кызыктуу маек

СССР доорунда мал чарбачылыгы, анын ичинде койдун уяң жүнү менен дүйнөгө аты чыккан Кыргызстанда азыр жүндүн баркы жок. Азыр жүн арзыбаган тыйын болгондуктан талаа-түзгө ырыгытылат же өрттөлөт. Ага карабай кой жүнүнөн жер семирткич, курулуш жана кол өнөрчүлүк материалдарын чыгарууга жан үрөп келе жаткан Бегимжан Молдобаева бизге буларды айтып берди.  

Күтүүсүз башталган жүн бизнес

Бегимжан кезинде Кыргыз экономикалык университетин жана КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөнЭкономика министрлигинде иштеп жүрүп 2017-жылы күтүлбөгөн жерден жүндү кайра иштетүү бизнесине аралашып кеткен. “Турмуш шартка байланыштуу алыскы Ат-Башыдагы ата-энемдин үйүндө кийиз чыгарып сатып, кийин Кара-Булуң айылында жүндү кайра иштетүүчү Kanato Infinitely ECO ишканасын түздүм. Ал жерде жылыга 20 тоннадай уяң жүндү кайра иштетчүбүз, азыр деле иштетип жатабыз. Иргелгенден калган кылчык жүндөр эч жерге батпай, тоо-тоо болуп кеткенинен андан эмне чыгарса болорун ойлонуп жүргөм. Кийин Тилек Токтогазиевдин видеосунан кылчык жүндөн жер семирткич чыгарса боло турганын билип, Ысык-Көл облусунда жүндү кайра иштетүүчү заводду куруп баштадым”,-дейт ал. 

 Баштаган бизнесине каражат издеген ишкер айым жалпысынан 50дөй долбоорго катышып, үчөөсүнөн утуп, экөөсүндө грант, бирөөсүндө үстөк пайызсыз насыя алганга жетишкен. “Биринчисинде Impact Circle деген коомдук фонддун ишкер аялдарды колдоо боюнча долбооруна катышкам. Ал жактан мага пайызсыз насыя бөлүнүп, жүндү кайра иштетүүчү эң алгачкы жабдыгымды 4 миң долларга сатып алдым. Кийин дагы ошондой жол менен эки-үч техника алып, ишибиздин 40%ын автоматташтырып алдык. Андан соң Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу  бөлүмү, Күнөсканалар ассоциациясы менен биргеликте долбоор жазып грант утуп алганбыз. Ал каражатка эксперимент катары койдун жүнүнөн жер семирткич чыгара турган 3 техника сатып алдык. Былтыр “Кыргызпатенттин” инновациялар боюнча “40 райондон 40 демилге” долбоорунан дагы 500 миң сом грант утуп алып, ага жалаң сырье сатып алгам. Андан сырткары, эки жума мурун 350 миң сом грант утуп алдым”,-дейт ал. 

Элге, жерге керектүү эң сонун эксперимент 

Жүндү кайра иштетүүгө катуу кызыккан Бегимжан кезинде Германияга барып окуп, жүндү кайра иштетүүнүн технологияларын, жабдыктарын көрүп келген. “Ал жактан Кыргызстандын жүнүн лабораториялык анализдерден өткөртсөм “Кыргызстандын жүнү сапаттуу жер семирткич чыгарганга жарайт” деген тыянак чыгып келди. Бул бизге шык, дем берди. Даяр продукция чыгарыш үчүн алгач эксперимент жүргүзүлүшү керек экен. GIZ, Агрардык университет жана менин Kanato Infinitely ECO компаниям биргелешип экспермент жүргүздүк. Кулпунай менен малинанын түбүнө биздин жүндөн жасалган жер семирткичтен 60 граммдан  салсак тамырлары күйүп кетти. Нормасын азайтып 30 граммдай салсак жыйынтыгы сонун болду. Эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өзүнүн экспериментинин жыйынтыгын чыгарса, сертификат алып, продукция чыгара баштайбыз го деп турабыз”,-дейт ал. 

Артка кайтпас аракет жана аруу тилек 

Бегимжан айым, эгер бул иш акырындап алдыга жылып, республикалык масштабда колдоого алынса жүндү жер семирткич кылып экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтат. “3-5 сомдон өтпөй жаткан жүндү 10 сомдон алсак фермерлерге да чоң салым болмок. Жүн масштабдуу түрдө кайра иштетилип, ички рынокко, сыртка чыга баштаса андан мамлекетке да чоң салыктар түшөт эле. Албетте, азыр айылдарда жүн иштеткен чакан ишканалар ачылып жатат. Бирок, алар кийиз, төшөк гана жасап жатышкандыктан көбүнесе уяң жүндөр колдонулуп, кылчык жүндөр талааларга ыргытылып, өрттөлүп жатат. А бул экологияга абдан катуу зыян алып келет.  Ошондуктан германиялык аппаратты алып келип, чоңураак ишкана ачсак Кыргызстандагы кылчык жүндөрдү масштабдуу кайра иштеткенге, экологияны жакшыртууга, жерлерди асылдандырууга эң сонун мүмкүнчүлүктөр ачылат эле”,-дейт жаш ишкер айым. 

Жеке ишкердин билдиргенине караганда, жүндөн жер семирткич чыгара турган германиялык аппарат саатына 400-600 килограмм, суткасына 4 тоннага чейинки жүндү кайра иштете алат. 

Буга улай ишкер айым жүндөн жылуулукту сактай турган, үндү изоляция кылуучу курулуш материалын жакын арада чыгарарын айтат. “Мындай материал чыгаруучу техниканы алып келгенибизге эки жыл болду. Азырынча аны толук кандуу иштете элекпиз. Буюрса бир-эки жумада муну да жакшы жөнгө салабыз. Негизи эле жүндү кайра иштетүү оңой тармак эмес экен. Бул жерде жалгыз эле техника, жабдык эмес документтерди бүтүрүү да бир кыйла убакытты алды. Заводду документтештирүүнүн экинчи этабы бүттү, эми эксплуатацияга киргизүү гана калды.Чынында Кыргызстанда мындай ишкана жок, ал тургай  Борбор Азия чөлкөмүндө деле жок экен. Ошондуктан биз биринчилерден болуп заводду ишке киргизип алсак деп аракет кылып жатам”,-дейт Б.Молдобаева.  

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө 5 жыл ичинде 4 багытта өнүгөт

Өлкө 5 жыл ичинде 4 багытта өнүгөт

2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бекитилди. Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө өнөр жай продукциясынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган.  Ал эми аймактык хабды түзүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнүн ири региондук жана глобалдык борборлорунун

7 млн сомду ыйгарып алуу боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

7 млн сомду ыйгарып алуу боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротууга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалганын облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 5-январда милицияга "Ингосстрах" ЖАКынын башкармалыгынын өкүлү Ы.Н. арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, 2025-жылдын апрелинен декабрына чейинки аралыкта жеке ишкер

Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Экономика министрлиги 4 жыл ИДП өсүшү 10,2% болгонун билдирди

Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылдык мезгилинде Кыргыз Республикасынын экономикасында олуттуу сапаттык жылыштар орун алганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын жыйынтыктары ички дүң продуктунун (ИДП) динамикасында даана чагылып, анын өсүшү регионалдык деңгээлде гана эмес, эл аралык масштабда да байкала баштады.

Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 1 жылда мигранттар 10%га азайды

Россияда 2025-жылдын башынан бери чет элдик жарандар 10%га, тагыраагы 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин азайганын өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматына караштуу талдоо борборунун башчысы Александр Пережогин "Жаңы миграциялык саясат" деп аталган жыйында билдирген. Анын айтымында, мигранттардын азайышы өлкөдө жашы жете элек чет элдиктердин саны