Англияда салатты таңгактоодон Балыкчыдагы сулуулук салонуна чейинки жол: Айзада Коногалиева көптөн берки кыялын кантип ишке ашырды

Англияда салатты таңгактоодон Балыкчыдагы сулуулук салонуна чейинки жол: Айзада Коногалиева көптөн берки кыялын кантип ишке ашырды

Жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар Улуу Британияга багыт алышат: кимдир бирөө карызын жапса, дагы бири тойго акча топтойт, ал эми айрымдар үчүн сезонго жараша жумуш “ары-бери” каттаган чексиз айлампага айланууда. Бирок британ талаалары жумушчуга өз мекенинде жеке бизнесин ачууга түрткү болгон окуялар да аз эмес. Айзада Коногалиева – ошолордун бири.

“Ишкер медиага” берген маегинде Айзада Британиянын күнөсканаларындагы иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул жол аны Балыкчы шаарында өзүнүн “Lux” сулуулук салонун ачууга кантип алып келгенин айтып берди. Бул долбоорду ал акыркы беш жылдан бери пландап жүргөн.

Сиз Кыргызстандан кайсы жылы кеттиңиз жана буга эмне себеп болду?

- Менин атым Айзада, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болом. Ошол жерде төрөлүп өскөм. Кесибим боюнча стилист-универсал чач тарачмын. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келем. 2023-жылдын жайында Англияга барып, ал жерде 5 айга жакын иштедим. Фермада салат жалбырактарын таңгактоо менен алектендим. Ал эми бош убактымда ошол эле фермада адамдардын чачын кыркып иштедим.

- Ал жакта кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

- Башында абдан оор болду. Алгачкы эки ай аябай кыйналдым, себеби Кыргызстанда мындай оор жумушта эч качан иштеген эмесмин. Ал жактагы чоң завод, кээде күнөсканалар – мунун баары абдан кыйын болду. Жарым жылдан кийин программа аяктаганда үйгө кайтып келдим.

- Сиздин миграциялык тажрыйбаңыз Балыкчыда бизнес ачуу чечимиңизге кандай таасирин тийгизди?

- Бул тажрыйба мага абдан жардам берди, себеби бизнести ачууга нак акча пайда болду. Кыргызстанда ишти баштоо кыйын, себеби сөзсүз түрдө кредит алышың керек. Ал эми чет өлкөдөгү жумуш мага нак акча топтоого шарт түздү. Мен акыркы 5 жылдан бери пландап жүргөн, бирок акчадан улам ишке ашыра албай келген бизнесимди ачтым. Бул чөйрөнү өзүм жакшы билем жана баарын кантип туура кылыш керектигин түшүнөм. Менин кыялым ушундай болчу.

- Сиз миграцияда иштеп тапкан акчаңызды жумшадыңызбы же чогулткан акчаңыз да бар беле?

- Англияда иштеп тапкан акчамды жумшадым, буга кошумча грант утуп алдым. Мен Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ/МОМ) долбооруна катыштым. Ал “1+1” принциби менен иштейт: сен Англияда тапкан жана жумшоого даяр болгон акчага барабар болгон сумманы уюм кошуп берет.

Алгач өтүнмө бердим, андан соң мени катышууга чакырышты. 100 адамдын ичинен 6 гана жеңүүчү тандалып алынды. Мен өзүмдүн салонум жөнүндө долбоор жаздым, көп жылдык тажрыйбасы бар чач тарач экенимди айтып бердим. Жыйынтыгында бул каражат иш баштоо үчүн абдан жакшы пайдубал болуп берди. Салонду буга чейин өзүм иштеген автобекеттин жанынан ачтым. Бул жерде атаандаштар жок жана ары-бери өткөндөр көп. Эгерде базарда негизинен жергиликтүүлөр тейленсе, бул жерге жаңы адамдар көп киришет. Негизи бул район мага абдан жагат.

- Сизде канча кызматкер бар? Же баарына өзүңүз эле жетишесизби?

- Жок, жалгыз жетише албайм. Менде беш адам иштейт – чач тарачтар, кирпик жана маникюр чеберлери, ошондой эле визажист бар. Салонду аябай чоң деп айта албайм,чакан эле. Жалпы аянты 30 чарчы метр жерди ээлейт.

- Азыр бизнесиңиз өнүгүп, туруктуу болуп калды деп айта аласызбы?

- Эки жылдан бери иштеп жатабыз, ишибиз илгерилей баштады десем болот. Ушул кыска убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, жыйынтык бар.

 - Кирешени кантип бөлүштүрөсүз? Кайрадан бизнеске саласызбы же балким, дагы кызматкерлерди аласызбы?

- Инвестицияны дайыма жабдууларга жумшайбыз. Качан жана эмне керек болсо, мисалы, учурда бир нерсе зарыл болуп жатса, аны сөзсүз түрдө салондун кызмат көрсөтүүлөрүнө кошобуз. Мындан тышкары, өзүбүз квалификацияны жогорулатуу курстарына катышып турабыз. Бул да инвестиция. Ар бир багыт, мисалы колористика, өзүнүн пайдасын алып келет. Кошумча көп нерсени үйрөнүп жатабыз.

Салонду кеңейте албайм, себеби ал контейнерден жасалган. Азыр башка жерден ачканга аракет кылып жатам. Балыкчыда жаңы базар ачылууда, ал жерден орун алууга жазылдым. Мындан тышкары, Бишкекте да салон ачууну пландап жатам. Бирок азырынча Балыкчыда бизнести жакшылап өнүктүрүп алышым керек. Мага бул жерде жеңилирээк, өз жеримде жарнама кылуу да оңой. Балыкчы – чакан шаар. Бул жерден көтөрүлүп алсам, борбор калаада да байкап көрөм, ал жакта сиңдим чач тарач болуп иштейт, ал мага жардам берет го деп ойлойм.

- Мындай бизнес жалпы бюджетке, өлкөнүн экономикасына кандай салым кошот деп ойлойсуз?

- Биз глобалдуу деле эч нерсе кылган жокпуз, бирок салыктарды төгүп, электр энергиясы үчүн төлөп жатабыз. Мындан тышкары, мен 5-6 адам үчүн болсо да жумуш орундарын түзүп жатам. Бул да менин салымым. Ооба, бул шаарда жумуш табуу оңой эмес. Жумуш бар, бирок айлык аз. Менин чөйрөмдө абал жакшыраак. Мисалы, бул жерде бир чебер ашканада иштегенге караганда алда канча көп акча таба алат.

- Өз мекенинде инвестиция салууну же бизнес ачууну ойлонуп жаткан кыргызстандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Өз жериңде иш баштоо – эң сонун идея, аны коркпостон баштоо керек. Жада калса, ийгиликке 0,5% эле ишенип жатсаңыз да, аракет кылып көрүү зарыл. Себеби сиз башка элге эмес, өз жериңизде, өзүңүз үчүн иштейсиз. Ар бир адамга өнүгүүнү, окууну жана тобокелдикке барууну кеңеш кылам. Жыйынтыгы дароо байкалбашы мүмкүн, чыдамкай болуш керек. Албетте, эң башкысы — артка кайтпай, алдыга гана умтулуу зарыл.

Мен баарын нөлдөн баштадым деп айта алам. Ал эми миграцияда иштеп тапкандарымдын баары — менин жеке эмгегимдин үзүрү. Албетте, эгер мен бул долбоорго катышпасам, ал акча ишимди баштоого жетмек эмес. Эл аралык миграция уюмуна көрсөткөн колдоосу жана берген мүмкүнчүлүктөрү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

А. Шыкмаматов: Былтыр бизнеске салык жеңилдиктери кеңейтилди

А. Шыкмаматов: Былтыр бизнеске салык жеңилдиктери кеңейтилди

Салык кызматынан билдиришкендей, 2025-жылы ведомствонун ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында салык жүгүн азайтуу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат жүргүзүлгөнү белгиленди. Жыйында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, артыкчылыктуу тармактар катары айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, IT-индустриясы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тигүү жана зергерчилик тармактары, ошондой эле социалдык

Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкек шаарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн мектептерге планшеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Татьяна Кузнецова  борбор калаадагы мектептердин компьютер менен камсыздалышы тууралуу суроо узатты. "Окуу планында информатика сабагы 9-класска чейин окутулат. Сабак сааттары окуу программасына ылайык болушу

Кыргызстандын 2 өткөрмө пунктунда 2025-жылы накталай эмес төлөмдөн 300 млн сом чогулган

Кыргызстандын 2 өткөрмө пунктунда 2025-жылы накталай эмес төлөмдөн 300 млн сом чогулган

"Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пункттарында QR-код аркылуу накталай эмес төлөмдөр системасынын жардамы менен 2025-жылы 300 млн 266 миң 484 сом чогултулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп экенин Транспорт министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, системаны өркүндөтүү жана көзөмөл механизмдерин күчөтүү

Кыргызстанда  2025-жылы жумушсуздардын саны 25%га кыскарды

Кыргызстанда 2025-жылы жумушсуздардын саны 25%га кыскарды

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуз жарандардын саны 22%га кыскарганын Эмгек министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөн. Тактап айтканда, 2021-жылы — 2,9%, 2022-жылы — 2,8%, 2023-жылы — 2,9%, 2024-жылы — 1,8% болгон.