Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Шербото Күрөңкеев атасы Турумбек Күрөңкө уулунан калган мурас – төө багууну улантып келет. Буларды асыроо, көбөйтүү абдан машакаттуу түйшүк экенине карабай айылдык фермер  бул уникалдуу, -40 градус сууктан +50 градус суукка чыдамдуу, катаал шарттарда жанын багып кете ала турган төөлөрдү көбөйтүүнү колго алган. Бала кезинен төөлөр менен чоңойгон фермер бизге буларды айтып берди. 

-Шербото мырза, угушубузча атаңыздын жолун жолдоп сиз дагы төө багып калган экенсиз?

-1980-жылдары колхоздун төө фермасын Абдылашим деген ата кармачу экен. Ошонун баласы Макеш атанын төөсү тууганда атам жентектеп барып, ырымын кылып тайлагына сөйкө салыптыр. Ошентип, ошондон бери төө менен келатабыз. Атамдын көзү өтүп кеткенине 15 жыл болуп калды. Учурда төөнүн санын 30 башка жеткирдик. Арасында 4-5 мингич төө бар болчу. Беш жыл мурун Соң-Көл жайлоосунда жүргөндө аларга чагылган тийип өлүп калды. Эми кайрадан арасынан бир-экөөнү мингенге үйрөтүп жатабыз. 

-Төөлөргө кызыккандар барбы, аларды кандай баалап сатасыздар?

-Ооба, кызыккандар көп. Сойгонго, юбилейлик мааракелерде белекке бергенге сатып алышат. Түштүктүк туугандар тушоо кесүү, көк бөрү болгондо, мааракелик тойлорго, Курман айтка алышат. Залкар төөлөр 500 килограммга чейин эт берет. Бир-эки жыл мурун 3 төө сойгонубузда бирөө ошончолук эт берген. Андан бери андай чоң төө бизде чыга элек. 400-410 килограмм чыккандары бар. 400 килограмм этти 700гө көбөйтсөк 280 миң сом болот. Ошондуктан төөлөр чоңдугуна, салмагына жараша бааланып 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылат. Ашыкча баалап койсок калыстык болбой калат. Бирок, улак тартышка түшкөн аттар баалангандай эле саан, мингич төөлөрдүн баасы адатта жогору болот. 

-Бул жаныбарларды төлдөтүү абдан кыйын деп калышат...

-Ооба, бир жарым айга чейин созулган төлдөтүү мезгилинде төөлөрдү, тайлактарды багуу бир топ түйшүктүү болот. Андан кийин төөлөр адамга жылкы, топозчолук түйшүк жаратпайт жана жаратылышка зыян келтирбейт. Себеби булар токой, талаалардагы терскен, гүйрөк сыяктуу бийик өскөн чөптөрдү, тал-теректин бутактарын, тикендүү чөптөрдү жейт. Ошондой эле туяктары жер кыртышын эзбейт. Булардын дагы бир артыкчылыгы кышкысын да тоют талап кылбайт. 

-Төөлөр суукка, ысыкка абдан чыдамдуу болот дешет, ошол чынбы?

-Жылкы, топоздор деле Нарында, Суусамырда -40, -50 градус суукка чыдашат. А булар -60  градус суукка, +60 градус ысыкка кабак-кашым дебей чыдайт. Негизи төөнүн жүнү жылуу жана дарылык касиети болот. Биз кээде бирин-экин төө, тайлактардын жүнүн кыркып алабыз. Калгандарыныкы талаа-түздө эле түлөп калат. Быйыл Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, төөнүн жүнүнөн жууркан чыгарууну пландап жатабыз. 

-Кыргызстанга келген туристтер азыр ат минип жайлоолорду кыдырып жатышат. Төө туризмин уюштурсак болобу бизде?

-Биз жылыга Соң-Көл жайлоосуна чыгабыз. Айыл чарба министрлиги менен быйыл чет өлкөлүк туристтер үчүн бир-нече төөдөн турган “Кыргыз көчүн” уюштуралы деп сүйлөшүп жатабыз. Мындайча айтканда, төөлөрдөн турган кортеж түзүп, көчмөн маданиятты көргөзгөнчө көрсөткөн кызматыбыздын акысын алсак деген ойлор бар. 

-Беш жашыңыздан тарта төөлөр менен аралашып өсүпсүз, аларга байланыштуу далай кызыктарга күбө болсоңуз керек?

-Негизи төөлөр тууралуу айта берсе кызыктар абдан көп. Буга чейин үй жаныбарларынын баары эле изилдениптир. Төө болсо азыркыга чейин “Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар” дегендей болуп жеткиликтүү изилдене элек экен. Мен Айыл чарба министрлигинде болгон жолугушууда төө тууралуу бир топ кызыктарды илимдин кандидаттарына, докторлоруна айтып берсем таң калышты. Көрсө төө боюнча эч ким илим жактабаптыр. Өз көзүм менен көргөнүмдү айтсам, тайлак жаңы туулганда дароо бутуна тура албайт. Ошол учурда энеси тайлактын башын толугу менен оозуна салып алып куулгуп кекиртегинен көбүк бөлүп берип турат. Тайлак бутуна тургуча энеси ошентип аны көбүк менен багып турат экен. Качан тайлак телчигип турганда гана энесин эме баштайт. Муну билбей илгери атама “Төө тайлагынын башын чайнаганы жатат” десем атам ушуну айтып бергенде таң калгам. 

-Жалаң эле жегиликтүү төө менен жүрө бербей төөлөрдүн башка породаларын да көбөйтүп, аргындаштыруу оюңуз барбы?

-Айыл чарба министрлиги бизге Казакстандагы төө баккандар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Ошол жактан да тайлактарды алып келип көбөйтүп, Кыргызстан боюнча Ак-Талаада асыл тукум төө фермасын ачсакпы деген максатыбыз бар. Себеби төө Кыргызстандын бардык аймактарында жашап кете ала турган жаныбар. 

-Төөлөрдүн этинин, майынын, сүтүнүн кандай артыкчылыктары бар, ден соолукка пайдалуу болсо керек?

-Төөнүн этин жеген адамдын иммунитети жакшы болот. Анда холестерин болбойт. Жылына бир, эки төө союп буйрутма бергендерге 700 сомдон сатабыз. 40, 60 килограммга чейин, бир төөнүн этин толук алам дегендер да болот. Төө аз жана төө этине буйрутма бергендер көп болгондуктан элге текши жетсин деп 10, 15 килограммдан кылып беребиз. Сүтүн дарычылыкка алып ичишет. Чоң жайлоого кеткиче бир жарым айдай 2-3 төө саап, жер-жерлерге жөнөтөбүз. Литрин 1000 сомдон алышат. Төө негизи күнүнө эки жолу саалат. Бирок, биз бир жолу эле саайбыз. Жакшы төө күнүнө 1 литр гана сүт берет. Негизинен биз 500, кээде 700 граммдан саап алабыз. 

-Төө эки жылда бир туугандыктан көбөйтүү деле кыйын болсо керек? 

-Ооба, булар эки жылда, кээде үч жылда бир тууйт. Айрым учурларда таптакыр туубай да калат. Ага карабай көбөйсүн деп айланага көп эле тараттык. Кочкорго бердик. Айрымдары бага албай, ар кандай себептер менен жоготуп коюшту. Көбөйтүп жаткандар да бар. Алардын баары бизден кеп-кеңеш сурап турушат. Көбөйтөм дегендерге ургаачысын гана беребиз. Буурасын берсек каны бир болуп жакшы тукум болбой калат. 

- Төө 40 күн суу ичпейт дешет, бул чынбы?

-40 күн эч нерсе эмес. Бууралар чилде түшүп кайра чыккыча анда-санда бир чалып коюп 90 күн суу ичпей, оттобой да жүрө берет. 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курулчу маданий борбордун эскизи даярдалды

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленген мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри

Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстанда медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо системасы киргизилип жатат

Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды санариптик инвентаризациялоо боюнча SAMEDIS системасы киргизилип жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Германиянын өнүктүрүү банкынын өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоор менеджери Керез Келишова менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Германиянын каржылык колдоосу менен

Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды

Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай, транспорт, энергетика, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында республиканын автомобиль жана ички жолдорунун абалы жана унаа жолдорун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды. Депутат Бакыт Чомоев Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөк курууну сунуштады. Анын айтымында, жолдун жанындагы мектептерден улам

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлгөн, анын 8,1 млрд сому толук каржыланган, деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн коллегияда. Бул каражат 357 объектке жумшалды. Анын ичинен 242 социалдык объектке багытталган: 133 мектеп, 57 бала