Британиядагы фермадан Баткендеги килем жуучу кызмат менен унаа жуучу жайга чейин: Нурбек Узакбаевдин баяны
Ишкер Медиа “Борбордук Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбооруна катышкан кыргызстандыктар тууралуу макалалардын сериясын улантууда. Бул чет өлкөдө иштеп эле тим болбостон, ошону менен бирге ишкерликтин негиздерин да үйрөнүп, Мекенине кайтып келгенден кийин “1+1” пилоттук программасынын колдоосу менен өз ишин ачкан адамдар тууралуу баяндар.
Биздин бул жолку каарманыбыз – Нурбек Узакбаев. Ал миграцияда жүрүп тапкан акчасын заманбап технологияларга жана Баткен облусун өнүктүрүүгө жумшоону чечкен. Нурбек бизге берген маегинде Британиядагы фермаларда тапкан кирешеси кантип заманбап унаа жуучу жайга жана килем тазалоочу кызматка айланганын айтып берди.
– Сиз кайсы жердин кулуну болосуз? Англияга багыт алганга чейин эмне менен алектенчү элеңиз?
– Мен Баткен облусунун Самаркандек айылынан болом. 1990-жылы туулгам. Кесибим боюнча жеке ишкермин десем болот, бирок көбүнчө миграцияда жүрдүм. Мен Орусияда болжол менен сегиз жылдай иштедим. 2019-жылы үйгө кайтып келип, үй салып, эс алгым келди. Анан эле Covid-19 пандемиясы башталды.
Үй-бүлөмдү багыш үчүн өз жеримде бир иш башташ керектигин түшүндүм. Мен Москвада сегиз жыл жүргөндүктөн, чынын айтсам Кыргызстанда кантип жашаш керектигин билчү эмесмин. Бир топ эле кыйналдым. Бирок менде бир идея бар болчу. Менин жерим так жолдун боюнда, борбордук өтмөктө жайгашкан. Машинамды жуудурганы барган сайын эки-үч саат кезекте күтөр элем. Ошондуктан өзүмдүн унаа жуучу жайымды ачып, убакытты текке кетирбеш үчүн бардык ыңгайы менен болсун деп чечтим. Орусияда “Портерде” иштечүмүн, аны сатып, акырындык менен курулушту да баштадым.
– Кайрадан миграцияга кетүүңүзгө эмне себеп болду?
– Англияга үчүнчү жыл катары менен баратам. Бул жерде фермада сезондук жумуштар бар: кулпунайды өстүрүп, түшүмүн жыйнайбыз. Өзгөчө деле кыйналган жокмун, себеби бала кезден эле талаада иштеп чоңойгонбуз да, биз үчүн кыйын деле эмес. Англис тилин билбегендиктен гана ушул жагынан кыйналдым. Мен эмне үчүн мен бул жерге келем? Мен дайыма ушинтем: бул жакка келем, акча табам, жарымын бизнеске, жарымын үйгө жумшайм.
Бул жолу өз алдыма конкреттүү бир максатты койдум. Үйдө килем жуугуч бар, бирок мага чоң, роботтоштурулган аппарат зарыл. Ал килемдерди өзү жууйт; мында адам ресурсу дээрлик талап кылынбайт, ал эми баасы 20 миң доллар. Мен өзүм мындай акчаны чукул арада чогулта албайм. Ошондуктан, бул жылы жакшы иштеп, акча топтоп, ошол роботту сатып алайын деп чечтим. Азыр бир килемди 30-40 мүнөттө жууйбуз, кардарлар болсо кезегин 3-4 күндөп күтүшөт. Ал эми мен сатып алууну пландап жаткан аппарат килемди 5-10 мүнөттө жууйт.



Ишкер Нурбек Узакбаев. Сүрөт Эл аралык миграция уюмуна (ЭМУ) таандык.
– Баткенде ишиңиз кантип өнүктү?
– 2021-жылы кадимки эле унаа жуучу жайды ачканбыз. Андан соң 2023-жылы Англияга барып келгенден кийин жана ЭМУнун колдоосу менен кесипкөй килем жуучу жайды ачтык. Базарды изилдеп, жабдууларды алып келдик. 2024-жылы грант утуп алып, эки боксту “кардар өзү жуучу жайга” айландырдык. Эми каалаган адам машинасын өзү эле 100–150 сомго жууй алат, ал эми кадимки унаа жуучу жай 300 сом турат. Бул элдин акчасын үнөмдөйт, ал эми үчүнчү боксто автоматтык химиялык тазалоо кызматын ачтык.
Буга кошумча машине үчүн аксессуарлардын дүкөнүнө да жай даярдадым. Бардык ыңгайлуулуктар бир жерде болсун дедим. Ошондой эле “кургак туман” аппаратын да орноткум келип жүрөт. Ал мындайча иштейт: акча салып, беш жыттын бирин тандап алсаң машиненин ичи ошондой жытка толуп чыгат. Буга кошумча чүпүрөк менен сүртүп жүрбөш үчүн анда дөңгөлөктөрдүн желин толтуруп, аба менен кургатуу функциялары да болот. Мындан тышкары Баткенде филиалды ишке киргизүү пландалып жатат. Азыр АРИСтин грантына катышып жатабыз, эгерде грантты утуп алсак, ага акчабызды кошуп, килемдер үчүн дагы бир автоматты сатып алмакчыбыз.



Ишкер Нурбек Узакбаев. Сүрөт Эл аралык миграция уюмуна (ЭМУ) таандык.
– Баары эле шыр жүрүп кетпесе керек. Негизинен кандай көйгөйлөргө туш болуп келесиз?
Эң кыйыны – “үч фаза” болуп жатат. Менин ишканам “үч фаза” менен иштейт жана уруксат алуу абдан кыйын болду. Азыр деле оңой эмес. Мен ошондо 10 киловаттка гана уруксат алгам, ал эми азыр ишибизди кеңейткендиктен, бул албетте жетпей калды. Көбөйтүп берүүнү өтүнүп кайрылгам, бирок мага: “Кризис болуп жатат, энергия тартыш, трансформатор көтөрө албайт, жазды күт” дешти. Кыязы, өзүнчө трансформаторду сатып алат окшойм.


Ишкер Нурбек Узакбаев. Сүрөт Эл аралык миграция уюмуна (ЭМУ) таандык.
– Сиздин бизнесиңиз аймактын жана өлкөнүн жашоосуна кандай салым кошуп жатат деп ойлойсуз?
– Биринчиден, жумуш орундарын түзүп жатам. Жазында менде төрт адам иштейт. Экинчиден, биз салык төлөйбүз. Бирок эң негизгиси – адамдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын сунуштап жатабыз. Үч айыл өкмөттө бул кызматты биз гана көрсөтүп жатабыз.
Бул өзгөчө аялдар үчүн маанилүү кызмат көрсөтүү. Мурда айылда жашаган аялдар колун муздак сууга салып, кечинде килемдерди колго жуушчу. Мунун ден соолук үчүн кесепеттери өтө оор болот да! Ал эми азыр болсо өзүбүз үйүнө барып, килемдерди алып кетип, жууп, тазалап, кургатып, кайра жеткирип беребиз. Килемдерди гана эмес, матрас, жууркандарды да жууйбуз. Мурда төшөктү тазалаш үчүн аны сөгүп, жүндөрүн алып чыгып, кайра тигип чыгышчу... Бирок биз болсо төшөктү толугу менен эле жууп салабыз, пахта үлпүлдөп, жаңыдай болуп калат. Бул убакытты жана акчаны үнөмдөйт. Муну президентибиз дайыма айтып келаткан санариптештирүүгө кошкон салымыбыздын бир бөлүгү деп баалайм.



Ишкер Нурбек Узакбаев. Сүрөт Эл аралык миграция уюмуна (ЭМУ) таандык.
– Учурда чет өлкөдө иштеп, өз жеринде иш ачсамбы деп ойлонуп жүргөн мекендештерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Жеке пикирим – мүмкүн болушунча тезирээк баштагыла. Мен өзүм Орусияда 10 жыл иштеп койдум. Ал жакта иштеп, акча алып келип, чоң үй салып, акчаны жеп коюп, кайра артка жөнөп калат экенбиз. Ал эми убакыт өтө берет. Тапкан акчаны кандайдыр бир иш ачып, жаңы нерсени киргизүүгө жумшаңыз деп кеңеш берем.
25 жашта да, 50гө чыкканда да ишти баштай берсе болот. Өтө ири көлөмдө сумма чогулганча күтүп отуруунун кажети жок. Сен акча чогултуп жатканда убакыт да кошо кетип жатпайбы. Андан көрө аздан баштап, насыя же грант алган туура болот – акча жагын эсептей келгенде ошондой эле чыгып калат, бирок сен буга кошумча тажрыйба да топтой аласың.

Эгерде азыр баштасаң, 10 жылдан кийин бизнесиң канат жайып калат. Ал эми 40-50 жашка чыкканда өз ишиң болуп, өмүрүңдү миграцияда өткөрбөй каласың.
Чынын айтсам, мага ишимдин өзү эле жакпайт. Мен акча тапканды жана башкаларга пайда алып келгенди жакшы көрөм. Мен бул иштен ырахат алам. Болгону жаңы нерсени өздөштүрүп, чөйрөнү өзгөртүш керек. Ошондой эле мага подкасттар жана бизнес темасына сабактар да абдан жардам берди. Ой жүгүртүү өзгөргөндө бизнес да кошо өнүгөрүн байкадым.