Кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөргө айланганда: баткендик ишкер кантип жаңы бизнес ачты
Өз бизнесиңди нөлдөн баштоо оңой иш эмес. Муну Максат айылынын тургуну Рахмонберди Рахмонбердиев да жакшы билет. Үй-бүлөсүн багып, өз ишин ачуу үчүн акча табуу максатында ал эмгек миграциясына кетүү тууралуу оор чечимди кабыл алууга аргасыз болгон.
Өз жолун табуу аракети. Орусияда өткөн жылдар
Рахмонберди 40 жашта, бүгүнкү күндө жубайы экөө төрт баланы тарбиялап жатышат. Ал юридикалык факультетти бүтүргөнү менен, жаш кезинде өз адистиги боюнча мекенинде жумуш таба алган эмес: ар кандай компанияларга орношконго аракет кылганы менен, мындан майнап чыккан эмес.
“2000-жылдардын аягы эле. Ал кезде Кыргызстанда айлык аз болчу, жаш адистерге оңой болгон жок. Кесибим менен иш таба албай, Москвага кеттим. Дал ошондо өз ишимди ачуу үчүн баштапкы капиталды табууну максат кылдым. Мен эч кандай даярдыксыз, эч көрбөгөн жерге эле багыт алдым десем болот. Орусияда жалпысынан беш жыл иштедим: көчө тазалап баштагам, андан кийин курулуш тармагына өтүп кеттим. Бул мен үчүн оңой эмес мезгил болду – документтерге жана иш табууга байланышкан кыйынчылыктардын аягы көрүнчүдөй эмес”, - деп эскерет маектешибиз.
Керектүү сумманы чогулуп, өз айылына биротоло кайтып келген Рахмонберди акырындап кыялына жакындай баштады – чогулткан акчасын курулуш материалдарын сатуу ишине жумшады. Адегенде аз-аздан баштап, анан бара-бара товар жүгүртүүнү көбөйттү. Убакыттын өтүшү менен бул ага бизнесин кеңейтүүгө жана товарлардын кеңири ассортименти бар өзүнүн дүкөнүн ачууга мүмкүндүк берди.
Үйүн жоготкон ишкердин жаңы максаты
2021-жылы чек арадагы кырдаалга байланыштуу Рахмонбердиевдин үй-бүлөсү Максат айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
“Биз Бишкекке келип, бул жерден Улуу Британияга эмгек миграциясына барып келүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин угуп калдык. Жубайым экөөбүз Улуу Британиянын Сезондук жумушчу программасынын операторуна кайрылып, анкетаны толтуруп бердик. Анан эле бир жумадан кийин жооп алдык. Жолго чыкканга чейин үч айга жакын убакыт өтүп кетти – бул убакыт ичинде документтерди чогултуп, виза алдык”, - дейт Рахмонберди Рахмонбердиев.
Жубайлар Британияда келишим боюнча помидорду, бадыраңды жана башка жашылчаларды таңгактап иштешкен. Келишим алты айга созулган. Рахмонберди бизнесин калыбына келтирүү үчүн тапкан акчасын чогултуп жүрдү. Бирок биринчи жылы дээрлик бардык топтолгон акча карыздарды тындырууга кеткен. Анткени ал дүкөн үчүн товардын бир бөлүгүн сатып берүү убадасы менен алган болчу.
“Миграцияда эң кыйыны – тилди билбегендик. Мен англис тилин билчү эмесмин, учурашканды гана билээр элем. Бирок жалпысынан баары ойдогудай эле болду. Мага Улуу Британия жакты. Бул жакта такыр башкача экен: адамдар ачык, автобуста бараткандар деле жөн эле жылмайып койгондон тартынышпайт. Иш графиги “төрт күн иштеп, төрт күн дем алуу” болгондуктан, бир аз саякаттай да алдык: бир нече жолу океандын жээгинде, Лондондун өзүндө болдук, белгилүү жерлерди, анын ичинде Тауэр көпүрөсүн да көрдүк”, - дейт Рахмонберди Рахмонбердиев.



Сүрөт: басылманын каарманынын жеке архивинен алынды.
Үмүт отун жандырган грант
“Экинчи жолу келишим менен иштеп келген соң пескоблок чыгаруучу чакан цехти ачууга акча чогулта алдым. Үчүнчү жолу түзүлгөн келишим мага бизнес ачуу үчүн баштапкы сумманы чогултууга мүмкүндүк берди”. Бул мезгилде Рахмонбердиевдин үй-бүлөсү Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” кошо каржылоо программасы тууралуу билип калат.
“Дем алыш күндөрү мен бизнес-долбоорлор жана гранттар тууралуу маалыматтар менен таанышып чыгып, профилдик баракчаларга жана сайттарга катталып, migrant.kg сайтынан Улуу Британияда иштегендер үчүн гранттык колдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты окуп калып, ошол замат электрондук почта аркылуу жаздым. Мени менен программанын өкүлдөрү байланышып, окуу үч-төрт айга созуларын түшүндүрүштү. Мен кайрадан миграцияга кетүүнү пландап жаткандыктан, окууга атам катышты”, - деп эскерет Рахмонберди Рахмонбердиев.
Үй-бүлөгө 300 миң сом өлчөмүндө грант берилди. Ишкер үчүн пескоблок чыгаруу тааныш иш эле: жети жыл мурун анын ушул өңдүү цехи бар болчу, бирок чийки затты жеткирүүгө байланышкан көйгөйлөрдөн улам ишин токтотуп, жабдууларын сатууга мажбур болгон.
“Эки жыл мурда мен техниканы кайрадан сатып алып, ишимди калыбына келтирүүгө даярдана баштагам, ал эми былтыр цех толугу менен бир сезон иштеди. Учурда бизде беш киши бар: төртөө блокторду өндүрүүчү станокто, ал эми бирөө майдалагычта иштейт. Орточо эсеп менен күнүнө 700–800 блок чыгарабыз. Адатта иш кыштын эки айын кошпогондо, дээрлик жыл бою улана берет. “Портер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сатып алып, чийки затты жеткирүү ишин жолго салып, даяр продукцияны жеткире баштадык”, - дейт ишкер.





Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).
Келечекке пландар жана мигранттар үчүн кеңештер
Алдыдагы жылдарга пландарда өндүрүштү өнүктүрүү, жабдууларды автоматташтыруу жана жумушчулардын эмгегин жеңилдетүү бар. Бирок эң негизги максат – курулуш материалдар дүкөнүн калыбына келтирүү.
“Учурда эмгек миграциясында жүргөндөр жана кайтып келүүдөн корккондор үчүн бир кеңешим бар – бул чечимди кийинкиге калтырбагыла. Мен өзүм чет өлкөдө акча чогултуп жүргөндө үйгө кайтуу өтө оор маселедей, дээрлик багынбас, чоң тоодой сезилчү. Бирок иш жүзүндө баары кыйла жеңил болуп чыкты. Өз мекениңде ишиңди баштап көрүш керек экен: үйдө баары бир жакшы да – ата-энең жаныңда, балдарың кашыңда, өз топурагың дегендей”, - деп сөзүн жыйынтыктады маектешибиз.