Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?
Кыргызстандыктарда кофе ичүү улам көбүрөөк жайылып келатат – көп кишилер эртең менен күнүмдүк турмушун жаңы кайнатылган кофе ичүүдөн баштайт. Жыты жагымдуу бул суусундукту ала кетип же жайлуу кофеканада десертине назик чизкейк кошуп жеп, сүйүктүү даамынан ырахат алып шашпай отурса да болот. Миграцияда жүрүп тапкан акчасына Дүйшөбаевдердин үй-бүлөсү дал ушундай ишкана ачып алган.
Ишкер Медиа менен болгон өзгөчө маегинде “Барс” кофеканасынын энчилеши Жасмина Сайдиманова кофекана ишинин оош-кыйышы, баштан өткөн кыйынчылыктар жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун ишкерлердин ишинин башталышын колдогон “1+1” кошо каржылоо боюнча сыноо демилгесине ийгиликтүү катышканы тууралуу айтып берди.
Алгачкы иштеп тапкан акча – 46 сом
Ал улам жаңы бир нерсе үйрөнүп, улам жаңы нерсеге жөндөмүн ачкандардын бири. Жетилген курагына Баткендин тургуну Жасмина Сайдиманова дизайнердин жана орус тил, адабият мугалиминин эки диплому, бүтпөй калган журналисттик билими менен келди. Акыркы кесибинде ийгиликтүү болду – келин жергиликтүү “Салам Медиа” радиостанциясында мектеп партасынан бери эле чогуу өскөн күйөөсү Кудайберди Дүйшеев менен бир нече жыл бирге иштеди.
“Чыгармачылыктан ишкерликке өтүү оңой болгон жок. Алгачкы акчамды студент кезимде иштеп тапкам. Тигүү цехинде беш саат иштеп, 46 сом алган болчумун. Аябай капа болуп, апама: “Мынакей, билимим менен шыгымдын баасы. Оор эмгек абдан арзан бааланат турбайбы”, - дегеним эсимде. Ал болсо: “Жакшылап оку, иште, анан ийгилик келет”, - деп эле күлүп койгон. Мен үчүн бул чоң сабак болду. Натыйжада дизайнердин кесибинен баш тартып, жаңы эшикти ачтым”, — деп эскерет Жасмина.
“Айлыкка үй сала албайсың”
Ал эшикке күйөөсү экөөлөп киришти. 2024-жылы жолдошу алгач ирет Сезондук кызматчылар программасы боюнча Улуу Британияга кетип, бир нече ай кулпунай терген. Кийинки сезондо англис тилин жакшы билгени үчүн экспедитор-айдоочу болуп ишке орношкон.
“Миграцияга чейин айлыктан айлыкка эле эптеп жеткирип өп-чап жашачу элек. Ал акчага батир келбейт, үй сала албайсың, ошондуктан ушул кадамга бардык. Алгачкы жылы утурумдук алыстыгыбыз анча билинбей эле өттү. Мен журналистикадагы ишимди улантып, кичинекей уулумду карап жүрдүм. Ал эми 2025-жыл оор болду. Кош бойлуу элем, андай шартта улуу баламды караш кыйын болду”, — дейт эки баланын энеси.
Адегенде жаш үй-бүлө миграцияда табылган акчаны күнүмдүк тиричиликке жумшап жиберип ката кетирген. Кийин андан туура жыйынтык чыгарган. Экинчи ирет иштегени баратып, үй ээси эми так максат койгон: жакындарынан алыстагысы келбесе туруктуу киреше табыш үчүн өз ишин ачууга жеткидей баштапкы капиталга акча табыш керек.



Эки сезон бою Кудайберди Дүйшеев Сезондук кызматчылар программасы менен Улуу Британияга иштегени барып жүрдү. Сүрөт: маектештин жеке архивинен.
Барсбектин урматына коюлган “Барс”
Иштин багыты тууралуу Дүйшеевдердин үй-бүлөсү көп деле ойлонгон жок – мурда ата-энесинин кафеси бар болчу, аны оңдош гана керек эле. Жасмина кенедейинен эле ашканада апасына жардам берип жүргөн, тамак жасаганды жакшы көрөт, өнүмүн сатканды билет – мында журналистикадан алган тажрыйбасынын кереги тийди. Кудайберди Москвада бармен болуп иштеп жүргөн.
“Күйөөм Англиядан келгенден кийин Миграция боюнча эл аралык уюмдун сыноо иретиндеги “1+1” кошо каржылоо программасы тууралуу угуп калдык. Программанын алкагында окутуудан өтүп, грант утуп алса болот экен. Айы-күнүм жеткени калса да финансылык сабаттуулук жана иш жүргүзүү боюнча окутуудан өтүп жаттым. Кофекана ачуу боюнча ишкерлик долбоорубузду жактап, кофе машинесин сатып алууга 320 миң сом алдык. Өз салымыбыз 800 миңден ашты. Эмеректи, техниканы, ал тургай идиш-аякты Кытайдан алдырдым – ошонун эсебинен эки эсе арзан чыкты”, — деп санап берди энчилеш.
Ишканага жаңы төрөлгөн уулунун атын коюшту. Былтыр ноябрда Барсбек жарык дүйнөгө келген соң эки айдан кийин “Барс” кардарларына меймандостук менен эшик ачты.



Жасмина декреттик өргүүдө жүрүп маал-маалы менен кофеканада Кудайбердинин ордун басып турат. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).
Стилди жана өзгөчөлүктү баалагандар үчүн
Кофекананын менюсунда суусундуктардын жакшы өтө турган бардык түрлөрү: капучино, американо, латте, эспрессо, флэт уайт, раф, бабл-ти, милкшейк, матча, жаңы сыгылган ширелер, лимонад, ал тургай ысык курут да бар. Бүкүлү кофе дандарын Бишкектен алдырышат. Пастиланы, чизкейктерди жана француз макарондорун жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алышат. Жасмина өзү шоколадга кулпунай чөгөрүп, андан тышкары сэндвич жасайт.
“Биз дайыма жаңылык киргизип, жаңы даам кошуп, кардарларга өзгөчө, Баткенде жок нерселерди сунуш кылууга аракеттенебиз. Кондитердин окуусун бүтүп алып, өз өндүрүш цехимди ачып, кофеканага автордук десерттерди жасап берип турсам деп кыялданып жүрөм”, — деп сыр бөлүштү ишкер келин.



Жайлуу жер улуттук стилде жасалгаланган. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ)
Чакан, жайлуу ишкана улуттук стилде жасалгаланып, бөлмө өсүмдүктөрүнө бөлөнгөн – бул көзгө да жагымдуу, ден соолукка да пайда. Жайга жуук жайкы террасаны жана балким балдар аянтчасын жасаганы жатышат. Кийинчерээк менюга ысык тамак кошуп, “ала кеткидей кофе” сатуучу түйүн жана дагы бир филиал ачуу ойдо турат. Азырынча ишкерлер өздөрү эле жетишип жатышат – Жасмина декреттик өргүүдө жүргөндүктөн, кез-кезде кофеканада Кудайбердинин ордунда иштей калат. Иш кеңейгенде сөзсүз кызматчы жалдашат.
“Биздин тармакта атаандаштык болот, бирок биз бири-бирибизге жолтоо деле болбойбуз, ар биринин өз кардары бар. Эң башында жергиликтүү атаандаштар башка эле бир шаарлардагы кофеканалардын ээси катары келип таанышып, рецепттерди сурашканы эсимде. Сураса эле бере бериптирбиз (күлөт). Баткенде кофе тармагы жаңыдан эле өнүгүп келатат. Мен өзүм мурун кофени жактырчу эмесмин, “үчөө бириккенин” жаңы кайнатылганынан айырмалай алчу эмесмин. Эми ар бир күнүм нагыз кофе ичип башталат”, — дейт Жасмина Сайдиманова.
Ийгиликтин негизи – өз ара колдоо жана түшүнүү
Түшкөн кирешени баткендик ишкерлер ар дайым кайра ишке жумшап турушат, анткени бир орунда турбай, такай өнүгүү маанилүү экенин билишет. Акча кошумча жабдуу сатып алууга жумшалат. Мисалы, жакында чоң муз генераторун алдырганы калышты, бар үчүн идишти алмаштырышты, эми жайкы тилке үчүн эмерек караштырып жатышат.



Кофекананын менюсунда жакшы сатыла турган суусундуктардын баары жана популярдуу десерттер бар. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).
“Ийгилик үчүн эң маанилүүсү эмне?” деген суроого Жасмина эч ойлонбостон:
“Үй-бүлөдөгү өз ара түшүнүшүү, жакындардын – ата-энеңдин, жолдошуңдун - колдоосу, өзүңө айныксыз ишенүү маанилүү. Канчалык оор болсо да багынып бербегиле. Алдыга ишенимдүү умтулуп, ишиңерди жакшы көрүп жасагыла”, - деп жооп берди.
Жалпысынан Баткендик ишкер келин үй ээси дайыма жанында болуп, үй-бүлөнүн иши жылышып, гүлдөп өнүгүп жатканын көрүп турса деп кыялданат.