Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу
Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).

Жоопкерчиликти, эмгекти жана өз жеринде ишкерлик баштоонун мүмкүнчүлүгүн миграция тажрыйбасы менен айкалыштырган мекендештерибиз аз эмес. Алардын бири Баткен облусунун Газ айылынын тургуну Азамат Алимбек уулу. Ал Орусияда жана Англияда эмгектенип жүрүп чогулткан акчасы менен тажрыйбасын кичи мекенинде балчылык ишин баштоого жумшады. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” пилоттук программасынын колдоосу менен ишкерлик жолун баштаган Азамат учурда экологиялык таза бал өндүрүп, келечекте өз брендин түзгүсү келет. 

Бул маекте Азамат миграциядагы тажрыйбасы, ишкерликти кантип баштаганы жана балчылыктын күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

– Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

– Мен Баткен районуна караштуу Газ айылынан болом. Буга чейин жер иштетип, дыйканчылык кылчумун. Кийин Орусияда жана Англияда эмгек мигранты болуп иштедим. Ал жакта заводдордо механик болуп, унааларды оңдоп-түздөө, желдетүү жана кондиционер системаларын орнотуп иштедим. Кийин Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ/МОМ) “1+1” пилоттук программасына катышып, грант утуп алдым. Ошол колдоонун негизинде чакан ишкерлигимди баштап, учурда туулуп-өскөн айылымда бал челек кармап жатам.

– Миграцияга кетүүңүзгө эмне түрткү болду?

– Айыл жеринде үй салып, үй-бүлө күтүүгө жетиштүү киреше табуу мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан, чет жакка иштеп кетүүгө туура келди. Бирок, миграция мага жоопкерчиликти сезгенди, убакытты туура пайдаланып, өз күчүмө ишенгенди үйрөттү. Ушул жөндөмдөрүм кийин өз жериме кайтып, ишкерлик баштоомо чоң түрткү болду десем болот. 

-Ишкерлик жолуңуз кантип башталып калды?

– Соцтармактан ЭМУнун “1+1” пилоттук программасы тууралуу маалыматты окуп калдым. Ошол замат Баткендеги ЖИА ишкерлерди колдоо борборуна барып катышууга өтүнмө тапшырдым. 

Программанын алкагында бизнести башкаруу, кардар менен иштөө, базар экономикасы тууралуу билим алдык. Мурда-кийин ишкерлик тажрыйбам жок болгондуктан, бул билим мен үчүн абдан пайдалуу болду. Кийин бизнес-долбоор даярдап, аны питчинг форматында коргодум. Жыйынтыгында бизнес-планым жакшы бааланып, грант утуп алдым.

Программанын шарты боюнча ишкерликке жумшалчу каражаттын жарымын өзүбүз чыгарып, калган жарымын долбоор каржылады. Алгач 12 бал челек алууну пландаганбыз. Кийин кошумча каражат таап, жалпы 20 бал челек сатып алдык.

Аны менен бирге түтөтүүчү шайманды, шпателди, бал тарткычты, бал чыпкалагычты, коргоочу кийимдерди жана башка керектүү жабдууларды да алдык. 2025-жылдын башында программага катышсам, ошол эле жылдын март айында бал челектерди алып келип ишти баштадык.

– Эмне үчүн дал ушул балчылыкты тандап алдыңыз?

– Мурда мал баксамбы же бал челек кармасамбы деп ойлонуп жүрчүмүн.  Бирок, мал багайын десем өзүмдүн айдоо жерим болбогондуктан жем-чөптү толугу менен сатып алууга туура келет экен. Чыгымы көп болуп, актабай калабы деп ойлонуп отуруп, анан балчылыкты тандагам. 

Анын үстүнө биз жашаган аймактын жаратылыш шарты балчылык үчүн абдан ыңгайлуу. Бул жакта эспарцет талаалары көп жана тоо гүлдөрүнүн түрү өсөт. Үйүм да ошол талааларга жакын жайгашкандыктан, бал челек багуу үчүн өзүнчө шарт түзүүнүн зарылчылыгы да жок болчу. 
Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).

– Бал челек кармоо боюнча буга чейин тажрыйбаңыз бар беле?

– Бал челек кармоо боюнча тажрыйбам жок болчу. Интернеттен маалымат издеп, видеолорду көрүп чыгып, өз алдынча үйрөнүүгө аракет кылдым. Бирок интернеттен толук билим алуу мүмкүн эмес экен. Ошондуктан тажрыйбалуу балчылар менен сүйлөшүп, алардын иштерин көрүп, кеңештерин алдым.

Англияда жүргөндө да айрым бал чарбаларын көрүп, алардын иштөө ыкмалары менен таанышкам. Бирок ал жактагы шарттар менен биздин аймактын шарты жана климаты кыйла айырмалангандыктан, жергиликтүү балчылардан үйрөнгөндөрүм көбүрөөк жардам берди.

Башында аарылар чаккан учурлар да болду. Бирок бара-бара бул ишке көнүп, аарылардын табиятын түшүнүп келе жатам.

– Бул тармактын артыкчылыгы менен түйшүгү эмнеде экен?

– Балчылыктын артыкчылыгы – дайыма табият менен тыгыз байланышта болосуң. Ачык абада иштөө адамга жакшы маанай тартуулайт. Анан калса, аарыларды багуу үчүн чоң деле мээнет талап кылынбайт. Адатта 2-3 күндө бир суу куюп, 10-15 күндө текшерип коюу жетиштүү. Ошондуктан бул иш көп убакытты албагандыктан, башка жумуштарыңды да беймарал бүткөрүп алууга болот.

Балчылык толугу менен аба ырайынан көз каранды. Жаан-чачын аз, кургакчыл болгон жылы бал чогултуу дээрлик мүмкүн эмес. Бул нерсени өзгөртүү адам баласынын колунан келбейт эмеспи. Өткөн жылы май айынан октябрга чейин жаан дээрлик жаабагандыктан, бал өндүрүмү аз болду. Бир сезондо адатта эки-үч жолу бал алуу мүмкүн болсо, былтыр бир гана жолу бал алдык. Аарылардын көбөйүшү да аба ырайына байланыштуу болгондуктан, бал челектерди көбөйтүүгө да мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Ошондой эле аарылар да башка жандыктар сыяктуу эле оорушат. Ич өткөк, кене же бит сыяктуу зыянкечтерге каршы дарыларды, убагында берип туруу зарыл. Ал эми аарылардын иммунитетин көтөрүү үчүн тамак-ашына сарымсак, ачуу калемпирлерди  кошуп берип турабыз. 

– Бал челек кармоодо сизге кимдер жардам берет?

– Бул ишти негизинен үй-бүлөм менен биргеликте жүргүзөбүз. Атам, иним, ал эми кээде агам жардам берет. Бал челектерди алып келип жайгаштыргандан кийин мен ортодо Европага барып иштеп келдим. Ошол учурда үй-бүлөм бал челектерди карап турушту.

– Сиз өндүргөн балдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Биз экологиялык жактан таза бал өндүрүүгө басым жасайбыз. Аарыларга глюкоза, сироп же шекер сыяктуу кошумча азыктарды берип, балдын көлөмүн көбөйтпөйбүз. Биз үчүн балдын көлөмү эмес, сапаты маанилүү.

Өткөн жылы 100 килограммга жетпеген көлөмдө бал өндүрдүк. Биздин бал негизинен эспарцет жана тоо гүлдөрүнөн чогултулган табигый бал. Балдын сапатына өзгөчө көңүл бурганыбыз үчүн кардарлар да “табигый таза бал экен” деп улам сурап жатышты. Аз көлөмдө өндүрүлгөндүктөн, тууган-туушкан, дос-тааныштардан ашкан жок. Алдыда өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, өз брендибизди түзүүнү пландап жатабыз. Келечекте “Баткен тоо балы” деген аталыш менен балыбызды эл аралык рынокко чыгаруу максатыбыз бар.

– Бизнесиңиз ишке ашып, киреше түшө баштаганда кандай сезимдер болду?

– Биринчи жолу бал кесип, андан түшкөн кирешени колго алганда абдан кубандык. Балдын килограммын 700 сомдон саттык, өндүргөн бал толугу менен сатылып кетти. Өз эмгегиңдин натыйжасын көрүү адамга кадимкидей дем берет экен. Аз болсо да киреше өзүбүздүн чакан бизнесибизден келип жатканы абдан жагымдуу болду. “Алдыда ишти дагы өнүктүрүп, өндүрүштү көбөйтсөк” деген ойлор пайда болду. Кызыгуу да артты. Буюрса, алдыдагы жылдары бал челектерди көбөйтүүгө аракет кылабыз. Ал үчүн аба ырайы жаанчыл болсо экен деп эле тилеп калдык. 

– Ишкерликти жаңы баштоону пландап жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Менин оюмча, ишкерликти баштайм деген адам дароо чоң киреше же чоң натыйжа күтпөшү керек. Майда иштерден баштап, акырындык менен өнүктүрүү маанилүү. Башында миллиондук кирешени кыялданбай, мүмкүнчүлүккө жараша кадам таштоо туура.

Англияда иштеп келгенден кийин Кыргызстанда деле бизнес баштоого мүмкүн экенин түшүндүм. Ошондуктан, мүмкүн болсо чет жакка кетпей, өз жерибиздеги мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланганыбыз жакшы дейт элем.

Аталган программа мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, балчылык тармагын баштоого түрткү болду. Алдыда дагы башка ишкерлик багыттарынан да өзүмдү сынап көрүү ниетим бар. Ошондуктан жаңыдан ишкерликке кадам таштасамбы деп жаткандарга айтаарым – аракет кылуудан коркпош керек. Кичине кадам болсо да бүгүн баштоо маанилүү.
Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco