10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык дарбыз өндүрдүм – фермер Эмир Жаманбаев
Акыркы жылдарда Кыргызстанда жеңил жашоону эңсеп сыртка чыгып кетпей тескерисинче дыйканчылык менен киреше табууга ыктаган жаштардын саны арбып баратканы кубандырат. Алардын катарында өткөн жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы 10 сотых жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, мол түшүм алган Эмир Жаманбаев да бар. Жаш фермер дарбыз айдаганга чейин сырттан малинанын 6 сортун алып келип, аны көбөйтүп, бир даанасын 100-150 сомдон сатып жакшы киреше тапкан.
Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган “Агродиалог-2026” эл аралык форумунда “Чемпион фермер” аталган каарманыбыз дыйканчылыктагы кызыктуу тажрыйбалар менен бөлүштү.
Фермердин айтымында 1955-жылдары Бостери айылына анын чоң атасы дарбыз эгип, аны айылдыктардын далайы тамшанып жеп калган жайы бар экен.
“Илгери биздин айылда бирин-серин дарбыз айдап бышыргандар болгон экен. Бирок, бизнес катары эч ким маани бербептир. Ошол себептен дарбызга да кызыгып жүрчүмүн. Бир күнү Тилек Токтогазиев уюштурган семинарда Калифорниядан келген америкалык фермерлер тунук желим пленка менен жабылган мөмө-жемиш 15 күн эртерээк бышарын айтып калышты. Интернеттен да андай пленка менен көп нерсе өстүрүшөрүн көрдүм. Ошондон кийин менде дарбыз тигүү идеясы пайда болду. Былтыр биринчи жолу үчөөбүз – мен 10 сотыхка, бир жигит 20 сотыхка, дагы бир айылдашым андан көбүрөөк жерге дарбыз айдап, түшүмү абдан жакшы болду”,-дейт Э.Жаманбаев.


Фермер дарбыздын холар(hollаr) сортун 20-июнда эгип, тунук пленка менен жаап, тамчылатып сугаруу менен 10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык экологиялык таза түшүм алган. Дарбыздарынын эң чоңу 10 килограммга чейин барган.
“Биз дарбыз айдалчу жерге аттын эски кыгын сээп туруп эккенбиз. Климаттан, жерден болдубу, айтор дарбыздарыбыз абдан ширин болду. Чүйдүн дарбызы түгөнгөн кезде биздики бышып, айылдаштар бат эле талап кетишти. Килограммын 30 сомдон саттык. Көп эгилсе жергиликтүү дарбызды кеч күз ортолоруна чейин сатса болчудай.
Быйыл буюрса 10 гектар жерге айдап, элге жаңы технология менен сапаттуу дарбыз, помидор өстүрүрүүнү үйрөтсөмбү деп жатам”,-дейт фермер.
Анын айтымында, ал өзү дарбызга чейин эле көлдүктөргө өздөрү өстүргөн түшүмдүү кокон гилас, алмурут, алма, малина, кулпунай өстүрүү боюнча кеп-кеңештерин берип келе жатыптыр. Э.Жаманбаевдин билдиришинче, Ысык-Көл облусунда бир гектар жерге арпа, беде айдалса максимум 100 миң сомго чейин гана киреше түшүшү мүмкүн.
“Негизи аракет кылса биздин жерге баары эле бышат экен. Ага карабай биз малдын тоютуна гана басым жасап арпа, буудай, беде эле айдай берет экенбиз. Мисалы, Ысык-Көлгө брокколли, Пекин капустасын (узун капуста) эксе 45 күндө эле жетилет экен. Демек, биздин шартта андан эки жолу түшүм алса болот. Азыр ушул капуста, брокколидей эле эрте бышкан гибриддик айыл чарба өсүмдүктөрү көп. Ошондуктан Англия, Кореялабай өзүбүздүн Кыргызстанда деле дыйканчылык кылып жан баксак болот”,-дейт фермер.
Баарлашуу учурунда Э.Жаанбаев учурда малинанын жаңы сортторун заманбап технологиялар менен өстүрүп, элге сапаттуу көчөттөрдү сатып жатышканына токтолду.
“Азыр малина көчөттөрүн талаадан казып келип же сырттан текшербей эле алып келип сатып жатышат. Бул болбойт. Анткени талаада фитофтороз, антракноз, фузариоз сыяктуу оорулар болот. Биз ошондой оорукчан көчөттөр менен ата-бабадан калган таза жерибизди булгап жатабыз”,-дейт фермер.
Э.Жаманбаев ошондой оорулуу, таза эмес көчөттөрдү жайылтуудан качып Германиядан малинанын эки түп энелик тамырын (матечный корень) алып келген.
“Биринчи жылы эксперимент катары малинанын популярдуу болуп жаткан полана сортунун эки даана энелик тамырын бир ящиктеги субстрат торфко(өсүмдүккө пайдалуу топурак) осмокот, эрлит деген жерсемирткичтерди аралаштырып тиктим. Бир жыл ичинде ящиктин ичи малинанын тамырына толду. Тамырды майдалап туурап туруп кайра субстрат торфко тиктим. Ошентип биринчи жылы полана малинасын көбөйтүп алдым. Болжол менен бир килограмм тамырдан миңдей көчөт чыгат”,-дейт фермер.


Жаш дыйкан кийинки жылы энросадира, маравилла, маргарита сыяктуу малинанын элиталык сортторун алып келип көбөйтүп элге сатыкка чыгарган.
“Ошентип мен былтыр кардарларга жабык тамыр системасында (заркытая корневая система-ЗКС) пластик P9 идиштеринде өскөн малинанын жаш, жаңы, таза көчөттөрүн биздин климатка адаптациялаштырып туруп саттым. Болжол менен 5 миң даанадай чыгаргам. Быйыл да буюрса 5500дөй көчөт сатыкка чыгарам. Мындай көчөттөр Кыргызстан боюнча азырынча 3 эле кишиде бар. Малинанын көчөттөрүн сортуна жараша 100-150 сомдон сатам”,-дейт ал.
Эмир Жаманбаевдин билдиришинче, уруктан чыккан ар кандай көчөт менен сорт кууганга болбойт. Андай көчөттөр менен жер да ооруп калышы мүмкүн.
“Азыр Америкада малина, кулпунай айдоочу жерди толук дарыламайынча түшүм ала албай калышыптыр. Анткени 200 жылдан бери жерди кайра-кайра иштете берип жерлери оорулуу болуп калган. Эгер силер азыркыдай ар кандай көчөттөрдү айдай берсеңер 20 жылда эле айдоо анттары оорукчан болуп калат дейт америкалыктар.

Ошон үчүн фермерлер биз сыяктуу көчөттөрдү туура көбөйтүп сатышы керек. Кыскасы, Кыргызстанда деле иштеп акча тапса болот. Азыр көп жаштар бизнес кылыш үчүн акча керек дешет. А менин бизнес кылууга каалоо, туура максат болсо баары болоруна көзүм жетти”,-дейт маектешибиз.
Фермер маектешүүбүздүн соңунда ар бир нерсенин өз кыйынчылыгы, мээнети бар экенин айтып, бирок, талбай кылынган эмгек өз үзүрүн берерин кошумчалады. Демек, ишкерлик кылуу үчүн каржы булагын табууга чейин каалоо, изденүү, билим жана аракет керек экен.