Иммунитетти чыңдаган жашыл шире: Мунара Нуралиеванын гидропоника менен башталган ишкерлик жолу

Иммунитетти чыңдаган жашыл шире: Мунара Нуралиеванын гидропоника менен башталган ишкерлик жолу

Мунара Нуралиева – 36 жашта, 6 баланын энеси. Анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна кам көрүүдөн башталган аракети бүгүнкү күндө чакан жана пайдалуу өндүрүшкө айланган. Тактап айтканда, ал гидропоника ыкмасы менен буудайды өндүрүп, андан витаминге бай табигый шире өндүрүп келет. Бүгүнкү күндө бул жашыл шире көпчүлүктүн суроо-талабына ээ болуп, Мунара айымдын үй-бүлөлүк демилгеси башкаларга да пайда алып келүүдө. Бул маекте ал буудайдын жашыл ширесинин пайдасы, ишкерлик жолу жана ийгилик сырлары менен бөлүштү. 

– Гидропоника ыкмасы менен шире өндүрүү идеясы сизде кандайча пайда болгон?

– Гидропоника – бул өсүмдүктөрдү топураксыз өстүрүү ыкмасы. Биз ушул ыкма менен буудай өстүрүп, анын жаш чөбүнөн витаминге бай, табигый шире чыгарабыз. Бул иш менен алектенип жатканыбызга үч жылдай болду.

Бул ишке келип калуума балдарымдын ден соолугу себеп болгон. Үй-бүлөбүз менен 10 жылдан ашык Москвада жашап, кийин Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Бирок бул жакта деле таза, химикатсыз жашылча-жемиш табуу оңой эмес экен. Ошонун айынан балдарыбыздын иммунитети алсыз болуп, бат-баттан ооруп калып жатышты.

Ошол учурда мага бир эже буудай чөбүнүн ширесин сунуштап калды. Биз бул ширени бир жылдан ашык ичип, жакшы жыйынтык алдык. Бирок, биз үй-бүлөбүз менен сатып алып ичкендиктен көп эле акчабыз кетип калчу. Бир күнү ал эжеге: “Мага да үйрөтүңүзчү, өз үй-бүлөмө өзүм өстүрүп берейин”,- деп сурандым.

Ал эже: “Кел, экөөбүз чогуу иштейли. Суроо-талап көп болуп жалгыз жетишпей жатам”,- деп калды. Ошентип, ал эже менен чогуу иштеп, тажрыйба топтодум. Кийин бала менен иштебей үйдө олтуруп калганда Украинада чоң фермасы бар адистен гидропоника ыкмасы боюнча онлайн окуп, өндүрүштү кантип туура жолго коюу жана масштабга чыгууну үйрөндүм. Өзүбүз жакшы жыйынтык алгандан кийин жолдошум экөөбүз кеңешип, буудай чөбүнүн ширесин башкаларга да жайылталы деп ушул ишти баштап калганбыз. 

– Өндүрүштү жолго коюуда кандай кыйынчылыктар болду?

– Башында үй шартында эле баштаганбыз. Бирок, бул ден соолукка байланыштуу өндүрүш болгондуктан, үй шартында өндүрүүгө болбойт экен. Сөзсүз өзүнчө жай, жарык, суу, тазалык талап кылынат. Ошондуктанатайын жерди ижарага алып, баштаганбыз.

Жаңы продуктту элге таанытуу кыйын болду. Көптөр ар кандай БАД саткан компаниялардан тажап калгандыктан, башында ишеним жаратуу оңой болгон жок. Бирок акырындык менен туруктуу кардарларыбыз калыптанды.

Биз башында мынчалык суроо-талап болот деп ойлобостон, соцтармактан жарнамалап алып, шире өндүргөнгө жетишпей калганбыз. Кардарларыбыз 1 айга чейин кезек күткөн учурлары болду. Анын үстүнө буудай 15 күндө өсүп чыгат, 5-6 разнос чөптөн кичинекей эле шире чыгат. Ушул өңдүү кыйынчылыктар болгон. 

– Бул шире кандай даярдалат жана кантип колдонулат?

­– Кадимки эле буудайды өндүрөбүз. Буудайга күндүн түз нуру тийсе жакшы өспөй калат. Ошондуктан жарыкты өз убагында күйгүзүп, кайра өчүрүп туруу керек. Өсүшү үчүн жарык, жылуулук жана нымдуулук жетиштүү болушу шарт. Буудайдын сабагы 10-12 смге жеткенде кесип алып, ширесин сыгып алабыз. Ага эч кандай кошумча заттар кошулбайт.

Жаңы сыгылган ширени 10-15 мүнөттүн ичинде ичүү керек. Болбосо өзүнүн пайдалуу касиеттерин жоготуп, бузулуп кетет. Ширенин курамындагы витаминдерди сактоо үчүн тез тоңдуруу ыкмасын (шоковое заморозка) колдонобуз. Бул ыкма аркылуу пайдалуу заттардын 92-97%ы сакталат. Тоңдурулган ширени кадимки муздаткычта -16, -18°C температурада 1 жылга чейин сактоого болот.

Ширенин күнүмдүк нормасы 30 граммды түзөт. Биз кардарларга 30 күнгө жеткидей кылып даярдап беребиз. Бир айлык курсунун баасы – 4000 сом.

– Жергиликтүү эле буудайды колдоносуздарбы?

– Ооба, буудайды ысык-көлдүк эко-фермерлерден алабыз. Алар биогумус менен өстүрүп, жыл сайын сертификаттан өткөрүп турушат. Сыныгы жок, таза, дандуу буудайлар. Башка буудайларды да сынап көрдүк, бирок олуттуу айырма болбогондуктан, ошолор менен эле иштешип келе жатабыз.

– Азыр канча көлөмдө өндүрүп жатасыздар жана канча киши иштейт?

–Азыркы учурда айына болжол менен 250 литр шире өндүрөбүз. Өндүрүштү азырынча 100 чарчы метрге жетпеген жерде жүргүзүп жатабыз. Негизинен 2 киши дайыма карап, өндүрүш менен алектенет. Жолдошум экөөбүз да жардам беребиз. Андан сырткары сатуу багытында консультанттарыбыз бар. Учурда өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн чоңураак имарат жана кошумча каражат издеп жатабыз.

– Бул ширенин пайдасы эмнеде жана аны кимдер ичсе болот?

– Бул жашыл ширенин курамында 12 түрдүү витамин, 17 аминокислота, 92 минерал, 70% хлорофилл жана клетчатка бар. Негизи мындай витаминдерди башка өсүмдүктөрдөн да алууга болот, бирок буудай чөбүнүн ширесинде алардын концентрациясы бир нече эсе жогору. Мисалы, 30 грамм ширеден алган витаминди 2 килограммга жакын жашылча-жемиштен алса болот. Бирок күн сайын анчалык көлөмдө жашылча-жемиш жеш ар кимдин эле колунан келбейт, ошондуктан бул жакшы альтернатива.

Ширенин эң негизги өзгөчөлүгү – хлорофилл. Бул жашыл пигмент өсүмдүктөргө жашоо бергендей эле, адамдын организмине да абдан пайдалуу. Ал ичеги-ашказанды тазалап, канды кычкылтек менен камсыздап, имунитетти чыңдайт. Тамак-аштын сиңишин жакшыртып, боор оорулары, кан басым жана кант диабети сыяктуу көйгөйлөрү барларга жакшы жардам берет. Ичи каткандар ичсе да абдан жакшы. Көпчүлүк учурда 1 ай ичинде эле жыйынтыгы байкала баштайт.

Эгерде ашказанда ачык жара, же ашказан-ичеги жолдорунда кан кетүү болсо, анда ичүүгө болбойт. Калган учурларда акырындык менен баштап, өлчөмүн тууралап ичсе болот. Биз ар бир кардарга жекече түшүндүрмө беребиз. Жалпысынан, ден соолугу чың адам күнүнө 30 граммдан ичсе жетиштүү.

Командабызда Москвада иштеп келген дарыгер-терапевт бар. Биз бардык кеңештерди ошол адис менен кеңешип, анан гана кардарларга сунуштайбыз.

Бул шире косметологияда да кеңири колдонулат. Биздин да бул багытта пландарыбыз бар, бирок азырынча убакыт жана каражат жагынан мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатат. Азырынча өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, ширени көбүрөөк адамдарга жеткирүүгө басым жасап жатабыз.

– Кардарларыңыздар кимдер?

– Кардарларыбыздын негизги бөлүгү – Бишкекте. Башка аймактарга да жиберебиз. Алматы, Казакстандан да көп сурашат, бирок жеткирүү маселеси кыйынчылык жаратат.

Тоңдурулган продукцияны жеткирүү оңой эмес, жолдо эрип кетүү коркунучу бар. Кийин автоморозильник алып, өзүбүз жеткирип жүрдүк. Бирок ага көп убакыт кетип калат экен. Азыр Бишкекте курьер аркылуу жеткирип беребиз, ошондой эле Ошто да өзүнчө точкабыз бар. Кардарлар ошол жактан алып кетишет.

­– Ишкерлик менен үй-бүлөнү алып кетүү кыйын болбойбу?

– Бул ишти жолдошум экөөбүз чогуу баштаганбыз. Азыр деле жолдошум жалпы процессти өзү көзөмөлдөйт. Иш менен алек болуп жүрүп кээде балдарга жетиштүү убакыт бөлө албай калган учурлар болот. Бирок кайната-кайненем менен чогуу жашагандыктан, алардын жардамы чоң. Ошонун аркасында көп кыйынчылыкты сезген жокпуз.

Жалпысынан, аял кишинин ишкерликке аралашканы жакшы экен. Коомду, айрыкча үй-бүлөнүн муктаждыктарын жакшы түшүнөт. Биздин багыт ден соолукка байланыштуу болгондуктан, бул жагы өзгөчө маанилүү. Анткени көбүнчө аялдар үй-бүлөсүнүн ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурушат эмеспи.

– Бул ишти баштагысы келгендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Азыр биз Бишкекти эле камсыздай алабыз. Ошондуктан ар ким өз аймагында ушундай өндүрүштү баштаса, бир жагынан элге пайдалуу, экинчи жагынан киреше булагы болот. Жок дегенде өз үй-бүлөсүнүн ден соолугу үчүн деле баштаса жакшы.

Убагында “бизге дагы үйрөтүңүзчү дегендерге” онлайн үйрөткөм. Ошондо үйрөнүп, Казакстанда ишин баштап кеткендер бар. Азыр дагы кызыккандар көп, айрыкча үй-бүлөсү үчүн өндүргүсү келгендер кайрылып жатышат. Негизи бул боюнча интернетте да маалымат жетиштүү, каалаган адам үйрөнүп кетсе болот. Убактым туура келип калса мен деле онлайн үйрөткөнгө аракет кылам. 

Мындан тышкары окуңуз

Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Россияда кыргызстандык жаран 2 млн рубль төлөм алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаранга багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөм алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын тиешелүү органдары менен иш алып барып, натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилди. Мындан тышкары,

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Кээде салык төлөө учурунда ар кандай себептерден улам ашыкча сумма төлөнүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда жарандар жана ишкерлер бул каражатты кайтарып алуу же башка салыктарга чегерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. “Ишкер медиа” ашыкча төлөмдү эсепке алуу жана кайтарып берүү тартиби тууралуу маалымат менен таанышууну сунуштайт. 👉🏻Ашыкча төлөнгөн сумма — бул салыктын, пайыздардын,

Маркировкалоодон кийин  цемент баасы кымбаттайбы?

Маркировкалоодон кийин цемент баасы кымбаттайбы?

Акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн жана маркировкалоону көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов "Биринчи радио" эфиринде Кыргызстанда цементти эмне үчүн маркировкалоо пландалып жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө курулуш көлөмү кыйла өскөн. "Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылы курулуш тармагынын өсүү темпи 20%дан ашты, 2024-жылы — 30%

Кыргызстан авиациясы "кара тизмеден" жакында чыгарылат

Кыргызстан авиациясы "кара тизмеден" жакында чыгарылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиакоопсуздук комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Тараптар негизинен кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу тууралуу сүйлөштү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло да катышты. Адылбек Касымалиев Еврошаркет өкүлдөрүнүн сапары Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы