Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Салык ашыкча төлөнсө, аны кантип кайтарып алууга болот?

Кээде салык төлөө учурунда ар кандай себептерден улам ашыкча сумма төлөнүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда жарандар жана ишкерлер бул каражатты кайтарып алуу же башка салыктарга чегерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. “Ишкер медиа” ашыкча төлөмдү эсепке алуу жана кайтарып берүү тартиби тууралуу маалымат менен таанышууну сунуштайт.

👉🏻
Ашыкча төлөнгөн сумма — бул салыктын, пайыздардын, туумдардын же санкциялардын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы менен төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ортосундагы оң айырма. Бул норма Салык кодексинде белгиленген.

Башкача айтканда, тийиштүү болгон суммадан салыкка көбүрөөк төлөп койгон учурда ашыкча төлөм пайда болот.

Ашыкча төлөмдү чегерип алуунун тартиби

Эгерде салык төлөөчүнүн учурдагы карызы жок болсо, ашыкча төлөм биринчи кезекте ошол эле салык боюнча пайыздарды, туумдарды жана санкцияларды төлөөгө чегерилет. Андан кийин салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздарды жоюуга багытталат.

Эгерде салык төлөөчүнүн карызы бар болсо, салык органы ашыкча төлөмдү анын арызы жок эле автоматтык түрдө чегерүүгө укуктуу. Бул тууралуу салык төлөөчүгө 10 календардык күндүн ичинде маалымдалат. Мындан сырткары ашыкча төлөнгөн сумманы келечектеги салыктарга чегерүүгө же түздөн-түз банктык эсепке кайтарып алууга да болот.

Салык органы арызды кабыл алгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде ашыкча төлөмдү эсепке алып, 30 календардык күндүн ичинде каражатты кайтарып берет. Эгерде бул мөөнөттөр бузулса, салык төлөөчүгө кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып пул төлөнөт.

☝🏻
Мамлекеттик Салык кызматы, салык төлөмдөрүн кылдат текшерип туруу жана ашыкча төлөм пайда болгон учурда өз убагында арыз берүүнү сунуштайт. Ошондой эле ашыкча төлөмдү башка адамдын салыгына чегерүүгө болбостугун жана арыз белгиленген мөөнөткө чейин берилбесе, каражат бюджетке өтүп кете тургандыгын маалымдайт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media