Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат.

Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип баштаганын, жапайы алманын өзгөчөлүгүн жана ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.

­– Мыктыбек мырза, так ушул жапайы алмадан уксус өндүрүү ишин баштоого эмне түрткү болду?

– Өзүм АУЦАны бүтүргөм, кесибим – эколог. Окууну аяктагандан кийин Жалал-Абадда өз адистигим боюнча иш издеп калдым. Англис тилин жакшы билген, дипломдуу адис болсом да, өзүм каалагандай жумуш таба алган жокмун. Анын үстүнө үй-бүлөнүн кичүү уулу болгондуктан, башка жакка кетип иштөөгө да мүмкүнчүлүгүм  жок эле.

Кийин ар кандай жумуштарда иштеп көрдүм. Маянанын убагында берилбегени жана “айлыктан-айлыкка”жашоо менен чоң ийгиликке жетүү кыйын экенин түшүндүм.

Көп өтпөй жапайы алманын кагын Германияга экспорттогон түрк компаниясына жумушка орноштум. Ал жерде негизинен документация иштерине жооптуу болчумун. Бул иш мага бизнес, өндүрүш жана экспорт боюнча чоң тажрыйба топтоого жардам берди.

Убакыт өткөн сайын өз ишимди баштоого болгон каалоом күчөй берди. Акыры, “эгер мүмкүнчүлүк жок болсо, аны өзүң түзүшүң керек” деген жыйынтыкка келип, жапайы алмадан уксус өндүрүү бизнесин баштадым.

– Бизнесиңиз кантип, качан, кандай жагдайда башталды? Аны баштоого эмне түрткү болду?

– Алгач тажрыйба катары үйдөн жапайы алмалардан шире жасап көрдүм. Ашып калган алмаларды жөн калтырбай уксус жасап койгом. Бирок ошол учурда аны сатам же бизнеске айлантам деген ой деле болгон эмес.

Бир күнү чогуу иштеген эже өзү жасаган уксусун жумушка ала келиптир. Даамын татып көрсөм, мен жасаган уксуска абдан окшош экен. Ошондо “муну жасаган колумдан келип жатса, эмнеге бул тармакта өзүмдү сынап көрбөйм?” деген ой жаралды.

Кыргызстан менен Түркиянын рыногун карап көрсөм, уксус өндүргөндөр көп экен. Бирок көбү кадимки эле алмадан жасашат экен. Ошондо жапайы алмадан жасалган уксусту өнүктүрүп, элге сунуштоо керек деген оюмбекемделди.

Бул ишти 2020-жылы үй шартында чакан цех катары баштагам. Башында өндүрүш көлөмү өтө аз болчу. Бирок акырындык менен тажрыйба топтоп, сапатка өзгөчө көңүл буруп иштей бердик. Ал эми 2023-жылдан тарта өндүрүштү кеңейтип, продукцияны масштабдуу сата баштадык. Азыр Кудайга шүгүр, биздин алма уксусутуруктуу кардарларын тапты. Суроо-талап өсүп, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да ачылып жатат. 

– Арсланбаптагы жапайы алманын өзгөчөлүгү эмнеде жана андан уксус кантип даярдалат?

– Жапайы алма Арсланбап токоюнда деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте өсөт. Тоолуу шартта, табигый түрдө өскөндүктөн анын пайдалуулугу өтө жогору.

Негизи жапайы алма – бул алманын миңдеген жылдар мурунку түрү. Кадимки алмага салыштырмалуу бул алмалар витаминдерге бай жана ден соолукка абдан пайдалуу. Ошол себептүү Германияда аны жогору баалап, кагын чайга кошуп ичишет.

Арсланбаптагы жапайы алмалар дүйнөдөгү көптөгөн алма сортторунун башаты деп да айтылып келет. Себеби ал табигый шартта өскөндүктөн анын тамыры абдан күчтүү болот. Кийин дал ушул жапайы алмадан кыйыштыруу жолу менен ар кандай жаңы сорттор пайда болгон.

Биз өндүрүштө ушул Арсланбаптан терилген жапайы алманы колдонобуз. Алмаларды терип келгенден кийин жууп-тазалап, туурап, атайын челектерге салып, суу кошуп ачытабыз. Ачуу процесси толук бүткөн соң сыгып, даяр уксусту идиштерге куюп чыгабыз. Жалпысынан уксусту даярдоо процесси 4-5 айга созулат.

– Учурда өндүрүш көлөмү канча?

– Азыркы учурда сезондо 25-30 тонна уксус өндүрөбүз. Жакын арада Казакстан жана Өзбекстанга экспортко чыгууну пландап жатабыз. Себеби бул өлкөлөрдөн да биздин продукцияга суроо-талап көбөйүп жатат.Ошондуктан өндүрүш көлөмүн дагы кеңейтип, 50-60 тоннага чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз.

– Бизнес баштоо сизге эмнелерди үйрөттү?

– Айлыкка иштеп жүрүп бизнес баштайм деп көп издендим. Ар кандай бизнес-тренингдерге катышып, ишкерлерди колдогон гранттарды издей берчүмүн. Көп жолу гранттарга тапшырып, бирок утпай калчумун.

Бир жолу Enactus программасы аркылуу 1000 долларлык грант утуп алгам. Ошол мага чоң дем-күч берип, алдыга жылууга түрткү болду. Ошондон кийин “биринен болбосо биринен өтөм” деп аракет кыла бердим.

Ишкерликте эң негизгиси багытыңдан кайтпоо, баштаган ишиңди таштабоо керек экенин кийин түшүндүм. Ошол сапат акыры ийгиликке жеткирди. Анын аркасында бүгүн минтип өз бизнесимди жолго кое алдым.

Башында продукциянын этикеткасы да анча кооз эмес болчу. Кийин аны жаңылап, “Мыкты уксус” деген ат менен сапатына кепилдик берип чыгара баштадык. Андан сырткары, мурда Instagram колдонгонду жакшы билчү эмес элем, азыр аны да өздөштүрдүм. Жалпысынан бул ишкерлик мага жаңы көндүмдөрдү берип, көп нерсени үйрөттү.

– Продукцияңызды кантип сатасыз жана кардарларыңар кимдер?

– Негизинен продукциябызды онлайн сатабыз. Литрин 1000 сомдон сатабыз. Мындан тышкары, учурда “Лекарь” дарыканасы аркылуу да сатыкка чыгара баштадык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жапайы алмадан уксусту биз эле өндүрөбүз. Ошондуктан, продукциябызга суроо-талап жогору болуп, кардарларыбыз өлкөнүн жети облусун камтыйт.

– Алма уксусун кантип колдонсо болот, анын пайдасы кандай?

– Бул уксус кечээ эле ойлоп табылган нерсе эмес, илгертеден бери колдонулуп келген, ден соолукка абдан пайдалуу продукт. Курамында ар кандай витаминдер жана минералдык заттар көп. Уксусту күнүмдүк тамак-аш, салаттарга кошуп колдонсо да болот. Андан сырткары эртең менен ачкарынга жана кечкисин тамактан кийин 200 грамм сууга бир аш кашык уксус кошуп ичсе ден соолукка абдан пайдалуу. 

Жапайы алмадан жасалган уксус организмди тазалоого жардам берип, иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле кант диабети бар адамдар колдонсо, организмдеги канттын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Боорго, бөйрөккө жакшы таасир берип, арыктоого жардам берет. Жапайы алманын өзгөчө касиеттеринин бири – жашартуучу таасири. Аны колдонгон адам өзүн жеңил сезип, күнүмдүк кыймылы активдүү болуп калат. Бирок ашказан жарасы же гастрити бар адамдарга, ошондой эле 8-10 айга чейин бала эмизген энелерге сунушталбайт.

– Алдыдагы пландарыңыз кандай?

– Жогоруда да айтып өткөнүмдөй алдыда уксустун өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгууга камынып жатам. Мындан тышкары, уксустан сырткары ит мурундан сироп да чыгарам. Бул продукт азырынча кеңири таралып, баалана элек, бирок билгендер жакшы алышат. Анын дагы ден соолукка пайдасы өтө чоң. Ушуну дагы элге жеткиргим келет. 

Башынан эле таза, табигый алма ширесин өндүрүү максатым болуп келген. Азыр рынокто “органикалык” деп сатылган ширелердин көбүндө ар кандай кошулмалар бар экени байкалат. Мен болсо эч кандай кошумча зат кошпой, түз эле сыгылган, табигый жана пайдалуу алма ширесин чыгарууну пландап жатам.

– Жаш ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Иш баштай электе эле “банкрот болуп калсамчы, өтпөй калсачы, сата албай калсамчы” деген терс ойлор адамды чарчатып, колу-бутун тушап коёт. Ошондуктан андай ойлорго көп алдырбоо керек. Эң негизгиси – баштоо. Анан аракет кылып, Кудайга ишенсең, баары акырындап өз ордуна түшөт.

Анан дагы ар кайсы идеяны айта берип, баштабай жүрө берүү да туура эмес. Бир идея келдиби, ошого бекем жармашып, аягына чейин жеткирүүгө аракет кылуу керек.

Ошондой эле бул жолдо үй-бүлөнүн колдоосу абдан маанилүү. Мен да ишти баштаганда ата-энем моралдык жактан колдоп, ишеним көрсөтүштү. Чынын айтсам, кээде дал ошол ишеним каржылык колдоодон да маанилүү болуп калат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген. Бирок 70 жылдан

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн ФАО

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси менен Кустанай көчөсүнүн кесилиши 8-апрелден 13-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматтар шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алуу сунушталат.