Кара өрүктөн момпосуй жасап миллионер болгон Элиза Чойбекова

Кара өрүктөн момпосуй жасап миллионер болгон Элиза Чойбекова

Элиза Чойбекова Кыргызстанда алгачкылардан болуп кара өрүктөн момпосуй жасоо ишин баштаган. Бул тармакка жаңы баш баккандыктан каарманыбыз башында бир топ кыйынчылыктарга кабылган. Алгачкы момпосуй өндүрүшү ойлогонундай боло бербей, жыйынтыгында банкрот болгон. Бирок белди бекем бууган Элиза айым баштаган ишин таштабай, аны аягына чыгарууга бар күчүн жумшаган. "Эмгектин үзүрү текке кетпейт" дегендей учурда ишкер айым Кыргызстанда аздыр-көптүр төбөсү көрүнүп калган адамдардын бири. Ишкердиктин сыры жана ийгилиги эмнеде? Буга жооп алуу максатында Элиза Чойбекованын өзү менен маектештик.

 Элиза айым мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, эмнеден улам момпосуй жасап калдыңыз?

Кичинекей кезимде тай энем кара өрүк, өрүк, мейизден көптөгөн даам-татымдарды жасап берчү. Ошондон улам мен ар кандай даам-татымдарды жасаганга жакын болдум.

Кызым момпосуйду жакшы көргөндөн улам менден момпосуй алып бер деп сурай берди. Кызыма кара өрүк, өрүктөн момпосуй жасап бердим. Ал момпосуйлар тууган-туушкандарга дагы жагып, тапшырык бергендер өзүнөн-өзү чыга баштады. Андан соң тапшырык бергендердин саны артты. 

Момпосуйду жасоого кара өрүктөн тышкары дагы эмнелер кошулат?

Момпосуй мөмө-жемиштерден жасалат. Кара өрүк, өрүк, мейиз, курма, сублимация менен кургатылган кулпунай менен өрүк, чиянын уругу, кунжут, бал кошулат. Бул момпосуйду жасоонун машакаты көп, бирок, ошого карабастан калктын саламаттыгын ойлоп мындай таттууларды чыгарунун үстүндө иштеп келебиз.

Ишти баштаганыңызда эле сыбызгыга салгандай ийгиликтүү кетпесе керектир? 

2019-жылдан тартып момпосуй жасоону өзүбүздүн үйдөн баштадык. Бирок, биздин иш башталганда ковид оорусу башталып, бардык дүкөндөр жабылып, биздин продукциябыз сатылбай калды. Ковиддин кесепети бизнесибизге терс таасирин тийгизип, банкротко кабылдым. Ошондо ишкерлик мен үчүн эмес окшойт деп ар кандай түкшүмөл ойлорго баттым. Бирок, мен ийгиликтүү ишкер болом деген изги тилегимден кайтпастан ишти таштаган жокмун.

Биздин момпосуй ден-соолукка пайдалуу болгон үчүн ковид маалы күчөп турганда дарыгерлер биздин продукцияга тапшырык берип, ишибиз илгериледи.

Учурда арышыңыздар артып, аздыр-көптүр билинип калсаңыздар керек?

Мурда жасаган момпосуйларыбыз дүкөндөрдө гана сатылып келинсе, азыркы учурда “Глобус”, “Азия” өңдүү ири соода түйүндөрүндө сатылууда.

Ошондой эле биздин продукцияларга туристтер кызыгып, тапшырык бергендердин саны артууда. Кыргызстан менен эле чектелип калбастан, эл аралык стандартка туура келген сертификатты алсак, биздин момпосуй дүйнөнүн чар-тарабына чыгат деген максатыбыз бар.

Өрүктөн момпосуй жасап киреше тапса болот бекен?

2019-жылы момпосуй бизнесин 4 миң сом менен баштап бир жыл ичинде 138 миң сом киреше тапканбыз. Кийин чоң соода түйүндөрүндө продукциябызды сатып баштагандан тарта, миллион сомдук киреше таап баштадык. Былтыркы жылы бир жылдык кирешебиз 16 миллион сом болду. Бирок, 16 миллион сом чөнтөктө эле кампайып тура бербейт. Өндүрүштө акча айланып турат. Жумушчулардын айлык-акысына, салыкка продукцияларды сатып алганга да бир кыйла акча кетет.

Мындан ары дагы кандай пландарыңыз бар?

Мен ишкерликти момпосуй жасоо менен эле чектелип калбастан, май өндүрүүнү да өздөштүрүп, ушул жаатта да ишти илгерилетейин деген изги тилектерим бар. Тагыраак айтсам, өрүктүн данегинин майы, жаңгактын майын сыгып өндүрүүнү максат коюп атам. Май өндүрүү деле момпосуй бизнесимдей алдыга жылат деген ойдомун.

Ийгиликтүү ишкер болуш үчүн эмне кылса болот?

Адам ийгиликке жетиш үчүн талыкпай иштеши керек. Ар бир аракетиңди жакшы ниетте баштасаң, анын акыбети сөзсүз кайтат. Андыктан ар бир адам ишкер болууну кааласа токтобостон эмгек кылышы кажет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media