Ташка жан киргизген уста: Дастан Камиловдун чакан устаканадан чоң цехке чейинки максаты
Табият тартуулаган ташты көпчүлүк жолдо жаткан кадимки эле материал катары кабыл алат. Ал эми кол өнөрчү үчүн ар бир таштын өзүнчө формасы, түсү жана мүмкүнчүлүгү бар. Аны туура иштетип, көркөм буюмга айландыруу үчүн чеберчилик менен катар чыдамкайлык жана чыгармачылык да керек.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылында жашаган Дастан Камилов таштын өзгөчөлүгүн байкап, андан түрдүү буюмдарды жасайт. Ал таштан раковина, ваза, идиш-аяк, сувенир, жарык берүүчү буюмдардан тартып, мейманкана жана ресторандарга керектүү жасалгаларга чейин даярдайт. Кесиби боюнча инженер-программист болгон Дастан бул ишти алгач хобби катары баштаган. Бүгүн болсо аны кирешелүү ишкерликке айландырууну көздөп жатат.



Дастан Камилов 1991-жылы 4-майда Маман айылында төрөлгөн. Өз айылындагы Жекшен Ашыбаев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен инженер-программист адистигин алган. Алты жыл Москвада иштеп, мекенине кайтып келген соң айыл чарба жана энергетика тармагында эмгектенген. Бирок бала кезинен бери көңүлүн буруп келген искусствого болгон кызыгуусу аны таш менен иштөөгө алып келген. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
— Таштан буюм жасоо идеясы кантип пайда болду? Бул өнөргө качан кызыга баштадыңыз?
Кичинекей кезимден эле искусствого жакын болчумун. Мектепте кол эмгек жана сүрөт сабактарынан дайыма "5" алчумун. Сүрөт тартканды жакшы көрчүмүн. Чоң атам үйгө келгенде альбомумдагы сүрөттөрүмдү көрүп, суктанып калчу. Ал мага: "Балам, сүрөтчүлүккө тапшыр, сүрөтчү болосуң", — деп көп айтчу. Бирок мен анын сөзүнө кулак салбай, инженер-программисттик кесипти тандагам.
Кийин чоң атамдын сөзүн укпай калганымды ойлоп, кээде өкүнүп кетем. Эгерде сүрөтчүлүк багытында билим алсам, азыркы ишиме дагы көбүрөөк пайдасы тиймек экен деп ойлойм.
Университетти бүткөндөн кийин Москвага барып, ал жакта алты жыл иштедим. Искусствого кызыккандыктан, таштан жасалган ар кандай буюмдарды көп көрчүмүн. Ошол кезде мекениме кайтып барганда ушундай иш баштасам деген кыял пайда болгон.
Алгач хобби болгон ишкерликке айланды
Дастан Орусиядан кайтып келгенден кийин айыл чарба менен алектенип, валериана дары чөбүн өстүргөн. Ошол эле учурда бош убактысында таштан буюм жасоону баштаган. Алгачкы эмгеги - раковина. Аны 2022-жылы жасап көргөн. Убакыттын өтүшү менен буюмдарына кызыккандар көбөйүп, буйрутмалар түшө баштаган.

Мындан тышкары, ал Ак-Суу райондук электр тармактар ишканасында инспектор болуп алты жыл иштеген. Бул тармак боюнча да атайын билими бар. Учурда жеке үйлөрдүн электр монтаждоо иштерин аткарып келет. Ошол эле учурда таш устачылыгын өнүктүрүп, айыл чарба иштерин да улантууда.
— Азыр таштан кандай буюмдарды жасайсыз?
Эмне буйрутма түшсө, ошону жасаганга аракет кылам. Таштан жаргылчактын түрлөрүн, сувенирлерди, раковиналарды, кант салгычтарды, салфетка салгычтарды, вазаларды, ар кандай идиштерди жана жарык берүүчү буюмдарды жасайм. Уктоочу бөлмөдөгү керебеттердин буттарын да таштан жасап, калган бөлүгүн жыгач менен айкалыштырам.
Ташты темир жана жыгач менен айкалыштырып да иштейм. Көбүнчө мейманканаларга жана ресторандарга керектүү буюмдарга буйрутма түшөт. Ар бир кардардын каалоосуна жараша жасап берем.






— Бир буюмду жасоого канча убакыт кетет? Баасы кандай аныкталат?
Бул таштын түзүлүшүнө жана катуулугуна жараша болот. Мисалы, бир раковинаны орто эсеп менен эки-үч күндө жасап бүтөм. Бирок айрым таштар катуу болгондуктан, бир жумага чейин убакыт кетет.
Раковиналардын баасы 12 миң сомдон башталып, эң кымбаты 50 миң сомго чейин жетет. Баасы буюмдун көлөмүнө, жасалышына жана колдонулган ташка жараша өзгөрөт.



Ташты өзү тандап, ар бирине өзгөчө мамиле кылат
Дастан үчүн иштин маанилүү бөлүгү — буюм жасоого ылайыктуу ташты табуу. Ал материалды негизинен Маман айылынын жогору жагындагы карьерлер жайгашкан аймактан алып келет. Бирок ташты атайын издеп чыккан учурлардан тышкары, күнүмдүк жашоодо да көзүнө жаккан таштарды чогултуп жүрөт.
"Кээде конокто жүргөндө же көчөдөн өтүп баратып деле көзгө жакшы көрүнгөн таштарды байкасам, машинага салып алам. Үйгө алып келип, бош убактымда иштетем", - дейт уста.
Анын айтымында, ар бир таштын өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан аны иштетүүдөн мурда формасына, түзүлүшүнө жана кандай буюм жасоого ылайыктуу экенине көңүл бурат.



— Жасаган буюмдарыңызга суроо-талап барбы? Буйрутмалар кайсы жактардан түшөт?
Кыргызстан ичинде көбүнчө Ысык-Көлдүн жээгиндеги мейманканалардан буйрутма келет. Бишкектеги кафе-ресторандардын көбүнө раковиналарымды жана салфетка салгычтарымды коюшкан. Азыр борбордогу бир ресторанга тамак коюучу идиштерди жасап жатам.
Түштүктөн да буйрутмалар түшөт. Мисалы, Баткенден бир кардар өзү үйүмө келип, кафесине керектүү буюмдарды жасатып кеткен. Башка буйрутмаларды онлайн кабыл алып, даяр болгондо жергиликтүү жеткирүү кызматтары аркылуу жөнөтөм.
Казакстанга да буюмдарымды экспорттодум. Ал жакта чоң этно-ресторан курулуп, анын ичине керектүү буюмдарды жасап бергенбиз.
Ишти кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максаты
Дастан таштан буюм жасоо менен гана чектелбестен, айыл чарбасын да өнүктүрүп келет. Үй-бүлөсү менен малина өстүрүүгө да көңүл бурууда. Былтыр 15 сотых жерге малина тигишсе, быйыл үлүш жерин тосуп, дагы 50 сотыхка кеңейтишкен. Анын айтымында, малина өстүрүү да жакшы киреше алып келе баштаган.
Ал эми таш устачылыгын чоңойтуу үчүн керектүү жабдууларды алуу жана өзүнчө цех куруу пландары бар. Быйыл жазында Ысык-Көл облусунун жетекчиси жана район акими анын жасап жаткан иштеринен кабар алып, Өнүктүрүү фондунан колдоо көрсөтүлөрүн айтышкан. Учурда ошол каражаттын бир бөлүгү бөлүнө баштаган. Дастан бул каражатка таш кесүүчү жабдууларды жана башка керектүү шаймандарды алууну пландап жатат.
— Келечекте ишиңизди кандай деңгээлге жеткирүүнү көздөп жатасыз?
Азырынча цехти өз каражатыма куруп, ишти акырындап кеңейтүүгө аракет кылып жатам. Өкмөт тарабынан да бир аз колдоо болуп жатат. Бирок ал каражатка биринчи кезекте керектүү инструменттерди алууну пландап жатам.
Долбоор жазып, бир топ жабдууларды тизмектегенбиз. Ошолордун баарын алсак, дагы бир-эки шакирт алып, аларга бул өнөрдү үйрөтсөм дейм. Келечекте чоң цех куруп, айылдаштарыма жумуш орундарын түзүп, бир нече адамды жумуш менен камсыз кылуу максатым бар.
Дастан Камилов азырынча үй-бүлөсү менен чакан шартта иштеп келет. Бирок анын пландары муну менен чектелбейт. Ал таштан жасалган буюмдардын түрүн көбөйтүп, буйрутмаларды кеңейтүүнү жана өзүнүн устаканасын чоң өндүрүшкө айландырууну каалайт.
Кесиби боюнча инженер-программист болгону менен, бала кезден берки чыгармачылыкка болгон кызыгуусу аны башка жолго алып келди. Эми ал таштын табигый кооздугун кол эмгеги менен айкалыштырып, өз өнөрүн туруктуу киреше булагына жана айылдагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө айландырууну көздөп жатат.