Жоктон барды кылдык... Казармандык мугалим кантип конок үйүн иштетип калды?
Биздин каарман Бактыгүл Чоробаева алыскы Казарманда жашайт. Ал өзү жашаган үйүнүн эки бөлмөсүн конок бөлмө кылып, ишкерликти баштаган. Келген туристке меймандос, жылуу мамилени көрсөтө билген Бактыгүл учурда жайлуу чакан Guesthouse Baktygul мейманканасынын ээси. Учурда экинчи мейманканасын куруп жатат. Ошол эле учурда мектепте балдарга англис тилинен сабак берет. Кыргызстанда мындан 20 жыл мурда туризм кандай болгон? Үй-бүлөлүк бизнести кантип ийгиликтүү өнүктүрүүгө болот? Эмне үчүн жылуу мамиле эң кымбат шарттардан да баалуу? Бул тууралуу маегибизден окуңуздар.
Бактыгүл айым, сиз Жалал-Абад облусунун алыскы Казарман айылына диплом алган жаш адис, келин болуп келипсиз. Бул жакка келгенге чейинки жашооңуз кандай эле?
Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм. Орус тилдүү мектепти аяктап, Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен жогорку билим алдым. Адистигим — чет тили мугалими. Турмушка чыккандан кийин Казарманга көчүп келип, мектепке англис тили мугалими болуп жумушка орноштум. 3-класстан 11-класска чейинки окуучуларга сабак бердим. Жолдошум экөөбүз эки баланы тарбиялап өстүрдүк. Уулум азыр өзүнчө үй-бүлөлүү, чет өлкөдө жашайт. Кызым болсо Бишкекте турат.
Мугалимдик кесибиңизди таштабай, ишкерлик баштоого кантип бел байладыңыз? Эки ишти айкалыштыруу кыйын болгон жокпу?
Ишкерликке чейин 10 жыл англис тилинен мектепте сабак бердим. Албетте, мектепти таштагым келген жок. Өз ишимди, окуучуларымды жакшы көрөм. Андыктан менде атайын деле тандоо болгон жок. Бизде туристтик сезон негизинен жай айларына туура келет. Бул мезгилде мектептерде жайкы каникул башталат. Ошондуктан жайында конок үйүм менен алектенип, келген туристтерди кабыл алам. Ал эми сентябрь айы келгенде кайрадан мектепке барып, мугалимдик ишимди уланта берем.



Конок үйдү иштетүү идеясы кандайча жаралып калды эле?
Бул идея 2005-жылы пайда болгон. Ошол кезде Швейцариянын "Хельветас" уюму Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири программа жүргүзүп жаткан. Анын алкагында аялдарга туристтерди кабыл алуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү, тамак жасоо жана меймандос кожойке болуу боюнча окууларды өткөрчү. Мен Казарманда, Бишкекте уюштурулган бир нече окууга катыштым. Ошондон кийин өзүм да аракет кылып көрүүнү чечип, 1969-жылы курулган үйүбүздүн эки бөлмөсүн коноктор үчүн даярдадык. Балдарым менен өзүбүз да ошол үйдө жашачубуз. Душ менен даараткана сыртта, кирди кол менен жуучу элек. Бара-бара ишибизди кеңейтип, коноктор үчүн шарттарды жакшырта баштадык.
Кийин өзүбүзгө өзүнчө үй салып, мейманканага капиталдык оңдоо жүргүздүк. Короого боз үй тигип, ал жерде конокторду улуттук тамак-аштар менен сыйлай баштадык. Азыр кыргыздын меймандостугун көрсөтүп, келгендерге улуттук тамактарды тартуулайбыз. Бүгүнкү күндө бир учурда 13 адамды кабыл алып, жайгаштыра алабыз.

Ал кезде бул тармакта атаандаштык дээрлик болбосо керек? Кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга туш болдуңуз?Ал кезде мамлекет тарабынан каржылык колдоолор болгон эмес. Азыркыдай Booking.com, Airbnb сыяктуу интернет платформалар да жок болчу. Туристтерди күтүп, тааныштар аркылуу тараган маалыматка гана таянчубуз. Атаандаштык жок болгону ишти жеңилдетти деп айта албайм.
2000-жылдары туризм Кыргызстанда эми гана келе баштап, биздин өлкө тууралуу билген чет элдиктер да аз болчу. Кээде жай бою конок күтүп, эч ким келбей калган учурлар болгон. Ошондуктан туризмди өнүктүрүүгө шартты өзүбүз түзүүгө аракет кылдык. Алгачкы конокторубузду тосуп жаткан күндөр азыр да эсимде. Баарын өз убагында жасоо керек эле. Мисалы, түшкү тамакты белгиленген убакта берүү зарыл. Бир мүнөт да кечигип калуудан коркуп, конокторго биздин тамак жакпай калбасын деп санааркачубуз. Бирок, бактыга жараша, конокторубуздун баарына тамактарыбыз жакты. Алар биз тууралуу башка адамдарга айтып, бара-бара Guesthouse Baktygul конок үйүнө келген туристтердин саны көбөйө баштады.
Азыр туризм менен алектенүү бир топ жеңил. Бизнести таанытууга мүмкүнчүлүктөр көбөйдү, туристтердин агымы да мурдагыдан арбын.

Ишкерликте үй-бүлөлүк колдоо маанилүү
Бизнесиңизди жүргүзүүгө кимдер жардам берет? Бул иште үй-бүлөңүздүн жана жакындарыңыздын колдоосу канчалык маанилүү?
Ишкерлик башынан эле үй-бүлөлүк ишибиз болуп калды. Ишти жаңы баштаганда балдарыбыз кичинекей болуп, аларга конок тосуу абдан кызыктуу эле. Балдар чоңойгон сайын ишке да көбүрөөк аралашып, тамак жасоого, үй жыйноого, саякаттарды жана ат менен сейилдөөлөрдү уюштурууга жардам беришти. Балдарым англис тилин эркин сүйлөгөндүктөн, чет өлкөдөн келген коноктор менен оңой жана эркин баарлашып, экскурсияларды өткөрүшчү. Ошондой эле жергиликтүү кооз жерлер, тарыхый жайлар жана айылдын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришчү.
Кыргызстан турист келчү өлкө
Туристтер кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк келишет? Алар биздин өлкөдөн эмнеге көбүрөөк суктанат?
Коноктордун 65–70 % Европа өлкөлөрүнөн келишет. Аларды Кыргызстандын жаратылышы, жашоо-турмушубуз жана маданиятыбыз кызыктырат. Алар үчүн булар көнүмүш эмес, таң калыштуу жана жаңы нерсе. Бул жерден өздөрү үчүн көптөгөн жаңы нерселерди алышат. Мисалы, кимдир бирөөнүн унаасы бузулуп калса же башка көйгөй жаралса, кыргыздар, адатта, колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылышат. Муну менен катар эч кандай акы же сыйлык күтүшпөйт. Менимче, конокторду дал ушул кең пейилдик, боорукердик жана адамгерчилик тартат. Анан да биздин өзгөчөлүгүбүз — нукуралыгыбыз. Ушул баалуулуктарыбызды эч качан жоготпойбуз деп абдан үмүттөнөм.
Саякатчыларга, айрыкча Кыргызстанга биринчи жолу келгендерге, кайсы кооз жерлерге барууну сунуштайсыз?
Биздин аймак тууралуу айта турган болсом, биринчи кезекте - Саймалуу-Ташты сунуштайм. Бул — коло дооруна таандык петроглифтер сакталган, бийик тоолуу аймактагы уникалдуу тарыхый жай. Ал жакка жөө жүрүштөрдү өзүбүз да уюштурабыз. Бирок бул маршрут кыйла татаал жана саякат мезгилге жараша гана уюштурулат. Адатта, июлдун башынан сентябрдын ортосуна чейин барабыз. Сон-Көл менен Көл-Сууда туристтик сезон ачылган учурда да Саймалуу-Таш кардын калыңдыгынан улам жабык болушу мүмкүн. Ошого карабастан, бул саякатчыларга биринчи кезекте сунуштай турган жерлерибиздин бири.


Жакшылык жүз эселеп кайтып келет
Көп жылдык иште конокторго байланыштуу көптөгөн кызыктуу окуялар болсо керек. Эсиңизде калганы кайсы болду?
Бул окуя ишибизди жаңы баштаган, болжол менен 2010–2011-жылдары болгон. Ал кезде туристтер азыркыдай көп эмес эле. Бир күнү түн бир оокумда дарбазаны бирөө катуу каккылады. Эшиктин алдында мотоциклчендердин кийимин кийген бир киши турат. Кийимдери кир, чарчап, аябай ачка экен. Биз аны үйгө киргизип, тамак берип, душка түшүрүп, түнөп кетүүнү сунуштадык. Эртең менен ал туристтик саякаттарды уюштуруу үчүн маршруттарды изилдеп жүргөнүн, Швейцарияда өзүнүн туристтик компаниясы бар экенин айтып берди. Сыртынан караганда, мындай маанилүү адам деп такыр ойлобойсуң. Ошондон кийин ал өзүнүн конокторун бизге алып келе баштады. Адегенде мотоциклчен саякатчыларды, кийин чоң туристтик топторду ээрчитип келди.
Жашоодо ушундай болот экен, бир адамга жакшылык кылсаң, ал кийин сага жүз эселеп кайтып келет.
Меймандостук менен жылуу кабыл алуу үчүн коноктор адатта кандайча ыраазычылык билдиришет? Белек-бечкек, сыйлык, эмгек акы калтырышабы?
Мурда, туризм жаңыдан өнүгүп баштаган кезде, дээрлик ар бир турист бизге эстелик катары бир нерсе калтыргысы келчү. Көпчүлүгү ар кандай белектерди, сувенирлерди, өзгөчө балдарга арналган белектерди алып келишчү. Жылдар өткөн сайын бул салт акырындап азайды. Азыр көбүнчө жакшы пикирлерин калтыруу менен ыраазычылык билдиришет. Бул биз үчүн абдан маанилүү, айрыкча чын жүрөктөн айтылган жылуу сөздөр.
Коноктордун дал сиздерге кайрадан келгиси келишинин сыры эмнеде?
Жогоруда айтып өткөндөй, туристтерди биринчи кезекте Кыргызстандын жаратылышы кызыктырат. Экинчиден, бизде эс алуу салыштырмалуу арзан, баалар жеткиликтүү. Бирок, менимче, эң негизгиси бул да эмес. Эң башкысы — Кыргызстан абдан кооз өлкө болгону.
Бизнесиңизди мындан ары кандай өнүктүрүүнү пландап жатасыз?
Биз дагы бир мейманкана куруп жатабыз. Азырынча шыбак иштерине жеттик. Бул жакта жакшы куруучуларды табуу оңой эмес. Бирок, жалпы жонунан иш жүрүп жатат, кудай буюрса, 2027-жылдын июнь айына чейин ачып калабыз деген үмүттөбүз. Жаңы конок үйдүн долбоорун түзүүгө бүт үй-бүлөбүз катышты. Жолдошум, келиним, балдарым да өз ойлорун айтышты. Баарыбыз чогуу талкуулап, майда-чүйдөсүнө чейин карап чыктык.
Имарат төрт кабаттуу болот. Мейманкана бир учурда 33–35 адамды кабыл алууга ылайыкталат. Жалпысынан 16 бөлмө, анын төртөө «люкс» категориясында, калгандары «стандарт» бөлмөлөр. Баарында өзүнчө даараткана жана душ каралган. Айтмакчы, жаңы конок үйдү курууга биздин өнөктөштөрүбүз да түрткү кылышты. Алар бизге көптөн бери боз үй лагерин уюштурууну же коноктор үчүн кошумча орундарды көбөйтүүнү сунуштап келишкен.
Быйыл аялдардын ишкердигин колдоого алган ЕРӨБдүн "Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катыштыңыз. Бул программага катышууга эмне түрткү болду?
Жаңы конок үйдү салып баштаганда программага катышууга арыз бердим. Ишибизди кеңейтип жаткандыктан, алдыма бир нече так максаттарды койдум. Биринчиден, бизнес процесстерин автоматташтыруу маселеси маанилүү болду. Экинчиден, маркетинг. Конокторду кабыл ала турган орундар көбөйсө, туристтердин агымын да көбөйтүү керек. Буга алдын ала даярданууну кааладык. Үчүнчүсү — өзүмдүн жеке өнүгүүм. Буга чейин да ар кандай программаларга, анын ичинде гранттык программаларга катышып келгем. Бирок мугалимдик ишим мүмкүнчүлүктөрүмдү бир аз чектечү. Окуу процесси көп учурда бир жылга созулат, ал эми башка жакка барып, тренингдерге жана башка иш-чараларга катышууга дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ал эми "Бизнестеги айымдар" программасы мага ыңгайлуу болду, анткени окуулар онлайн өтөт.
Мындан тышкары, Бишкектен Айжан Алишерова-Дуймаз аттуу насаатчым бар. биздин иштешүүбүзгө аралык тоскоол болгон жок. Экөөбүздүн тең ишибиз көп, бирок ошого карабастан дайыма сүйлөшүүгө убакыт табабыз. Насаатчым менен баарлашып, жаңы билимдерди жана пайдалуу кеңештерди алуу мага абдан жагат.
Насаатчыңыз менен биргелешип иштешүүнүн натыйжасында кандай жыйынтыктарга жетиштиңиз?
Айжан экөөбүз туристтердин агымын көбөйтүп, жаңы өнөктөштөрдү табууну максат кылдык. Негизги багыт Өзбекстан менен Тажикстанды тандадык. Ал жактан келген туристтердин саны акырындап көбөйүп жатканын байкадык. Буга, анын ичинде, Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы да таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан ушул рынокторго басым жасоону чечтик. Насаатчымдын кеңеши менен Өзбекстандагы жана Тажикстандагы туристтик компанияларга кызматташуу тууралуу каттарды даярдап, жөнөттүм. Анын натыйжасында Өзбекстандын эки компаниясы менен дээрлик дароо кызматташа баштадык. Алар бизге буга чейин бир нече туристтик топ жөнөтүштү. Биз алар үчүн түшкү тамак уюштуруп, ошондой эле түнөп, эртең мененки тамак менен камсыз кылууну сунуштадык.
Ишибиздин дагы бир жыйынтыгы — кийизден жасалган сувенирлерди сата баштадык. Бул идеяны Айжан экөөбүз талкуулап, сынап көрүүнү чечтик. Сувенир жасаган кыз-келиндерди таап, конок үйдө сатуу үчүн бир нече үлгү жасап көрүүнү сунуштадым. Алар даярдаган буюмдардын баары сатылып кетти. Ошондуктан кийинки сезонго оюнчуктардын чоң партиясына буюртма бердим. Ууз кыздарыбыз жаңы коллекцияны даярдап жатышат. Ошондой эле коноктор үчүн сувенир жасоо боюнча мастер-класстарды уюштурууну пландап жатам.
Айжан экөөбүз талкуулаган дагы бир идея — Тогуз-Тородогу балды сатуу. Быйыл буга убакыт жетишпей калды. Ишибиз 95 % жүктөлүп, бөтөлкөлөрдү сатып алууга жана бал үчүн логотип иштеп чыгууга да жетишпей жаттык. Кийинки жылы бул багытты сөзсүз ишке киргизебиз. Конокторубуз биздин экологиялык жактан таза, даамдуу жана пайдалуу балдан даам татып, үйүнө алып кете алышат.



Сиз жеке өсүү тууралуу айтып өттүңүз. Ушул убакыт аралыгында өзүңүзгө болгон мамилеңиз кандай өзгөрдү? Өзүңүзгө көбүрөөк ишенип, чечкиндүүрөөк болуп калдыңызбы?
Конок үйдүн курулушун жаңы баштаганда корккон учурлар болду. Баары кандай болот, курулушту өз убагында бүтүрө алабызбы деп дайыма ойлончумун. Бирок программага катышууга арыз бергенден кийин анын курамында кандай күчтүү аялдар бар экенин көрдүм. Насаатчылар да, катышуучулар да мени абдан шыктандырды. Ошондо кандай гана кыйынчылык болбосун, алдыга умтулуп, өз ишиңди уланта бериш керек экенин түшүндүм. Баары сөзсүз жакшы болот. Эң негизгиси — артка чегинбөө. :::
Өз ишин баштоону кыялданып, бирок чечкиндүү боло албай жүргөн аялдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
Ар бир адам өз бизнесин баштай алат. Бирок баштоо — бир иш, аны андан ары алып кетүү — таптакыр башка нерсе. Эң кыйыны — жолдун жарымына келгенде токтоп калбоо жана артка чегинбөө. Эгер өзүңүздүн жеке ишиңизди баштоону чечсеңиз, коркпоңуз. Кыйынчылыктар сөзсүз болот. Биз да алардын баарын башыбыздан өткөрдүк жана кандай гана кыйынчылык болбосун, аны жеңүүгө болорун билебиз. Болгону алдыга карай кадам таштай бериш керек. Бул үчүн эрк, сабырдуулук жана тартип керек. Менин оюмча, дал ушул жеке сапаттар бизнестин өнүгүшүнө жана ийгиликке түздөн-түз таасир этет.
