Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Даярын сатып алуунун ордуна жаңы жасалгаларды ойлоп таап, башкалардан айырмаланган эмгектери менен декор тармагына өзгөчө өңүт алып келген баткендик айым бүгүн бул өнөрүн туруктуу бизнеске айландырган. Алсак, той мезгилинде бир буйрутмадан 80-90 миң сом таза киреше табат. Гүл жасоодон баштап, чоң тойлорду жасалгалоого чейин өздөштүргөн Сүйдүмкан Талантбек кызы бизге ийгилигинин сыры жана дүйнөлүк деңгээлге чыгуу максаты тууралуу айтып берди. 

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Бүгүнкү сүйүктүү ишиңизге алып келген жол кантип башталган?

- Мен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Тамаша айылынан болом. Жашым 33тө, төрт баланын энесимин.

Бул тармакка алгач 2021-жылы кол өнөрчүлүк аркылуу келдим. Балдарым кичинекей болуп, үйдө отуруп эмне менен алектенсем деп ойлонуп жүргөн учурда инстаграмдан кооз жасалгаларды көрүп калдым. Абдан жаккандыктан ютубдан акысыз сабактарды таап, өз алдымча үйрөнө баштадым. Башында жай гана жасап жүрдүм, бара-бара бул ишке болгон кызыгуум артты.

Кийин гүлдөрдү изилдей баштадым. Алардын көлөмүн, түсүн, түзүлүшүн карап, мүмкүн болушунча жандуу гүлгө окшош кылып жасоого аракет кылдым. Башкалардан айырмалантып жасай баштаганымда кардарлар да көбөйө баштады. Тапкан акчамды кайра эле материал сатып алууга жумшап, ишимди өнүктүрдүм. Ошентип, ышкымдан башталган өнөрүм акырындык менен бизнеске айланып кетти. Элге кызмат көрсөтүп, той-маарекелерди кооздоо максатым болуп калды.

-  Декоративдик гүлдөрдү жасоодон тойлорду жасалгалоо кызматына кантип өтүп калдыңыз?

- Бул иш бир күндө эле башталып кеткен жок. Эмгектеримди майрамдарга колдонууга сунуштар түшө баштады. Кол өнөрчүлүк менен алектенип жүрүп эле акырындык менен 2023-жылы сүрөт бурчтарын (фотозона) даярдай баштадым. Ошентип, тойлорду жасалгалоо кызматын да көрсөтө баштадык.

Башында сөзсүз ийгиликке жетем дебесем да, аракет кылсам сөзсүз жыйынтык болот деген ишеним бар эле. 

- Үй-бүлө менен бизнести кантип айкалыштырасыз?

- Мага үйдөн иштеген жагат. Балдарымдын тамагын учурунда берип, тарбиясына көңүл бөлүп, алар уктап же өз иштерине алаксыганда өзүмдүн кол эмгектеримди жасайм. Ал эми декор иштерине күйөөм экөөбүз чогуу барып жасалгалап келебиз. Экөөбүз эриш-аркак жүргөндүктөн үй-бүлө менен ишти айкалыштыруу биз үчүн кыйын эмес.

- Жасалгага керектүү буюмдарды кайдан аласыз? Аймактарга жеткизесиздерби?

- Жасалгалоого керектүү буюмдардын айрымдарын гана сатып алабыз, ал эми кабырга (каркас) сыяктуу нерселерди көбүнчө жолдошум өзү жасап берет. Чоң гүлдөрдү болсо мен даярдайм. Экөөбүз биргелешип эмгектенип, Кыргызстандын бардык аймактарынан буйрутма кабыл алабыз. Кардарлар кайсы жерден кайрылбасын, буйрутмаларын мүмкүн болушунча өз убагында жеткирип берүүгө аракет кылабыз.

-Кардарлар көбүнчө кандай жасалгаларды буюртма беришет?

- Көбүнчө кыз узатуу, сөйкө салуу жана үлпөт тойлорунун жасалгасына буйрутма беришет. Азыркы учурда дээрлик ар бир майрам өзгөчө жасалгасыз өтпөй калды десем жаңылышпайм. Той ээлери майрамын кооз, эстен кеткис өткөрүүнү каалашат.

 - Бул иштен эң көп качан жана канча киреше тапкансыз? 

- Албетте, той мезгили башталганда киреше да жакшы болот. Бир эле сүрөт бурчун жасап, 80–90 миң сомго чейин киреше тапкан учурларыбыз болгон. Андан сырткары мен гүлдөрдү жасайм, жолдошум кабыргаларды, аркаларды даярдайт. Мисалы, шамчырактуу гүлдөрдүн баасы 1500 дөн 12 000 сомго чейин болот. Ал эми сүрөт бурчтарына колдонулуучу чоң гүлдөрдүн баасы 9 миң сомдон башталып, көлөмүнө жараша 38 миң сомго чейин чыгат.

 - Тапкан акчаңызды кантип көзөмөлдөйсүз? Бизнеске кайра инвестиция саласызбы?

- Бардык киреше-чыгашамды сөзсүз жазып, эсептеп турам. Анткени акчанын кайда кетип жатканын билүү абдан маанилүү. Тапкан каражаттын бир бөлүгүн кайра эле бизнеске жумшайбыз. Жаңы материалдарды алып, жаңы идеяларды ишке ашырабыз. Дайыма тренддерге көз салып, кардарларга өзгөчө, башкалардан айырмаланган жасалгаларды сунуштоого аракет кылабыз.

 - Ишиңизде кандай кыйынчылыктар болду жана аларды кантип жеңдиңиз?

- Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот эмеспи. Башында гүлдөрдү жасап отуруп аябай чарчачумун. Кээде кардарлар аз болуп калган учурлар да кездешчү. Бирок жаңы нерсе ойлоп табууга болгон кызыгуум мени дайыма алдыга сүрөп турду.

Колум көнүп калган гүлдөрдү жасап эле киреше таап жүрө берсем болмок. Бирок ичимдеги жаңы идеяларды ишке ашырмайын тынчый алчу эмесмин. Кээде ошол жаңы идея үчүн 2-3 ай убактымды короткон учурлар болгон.

Мисалы, лотос гүлүн орусиялык кол өнөрчү жасап чыккан экен. Мен аны жөн гана кайталагым келген жок. Дагы кошумча жасалга киргизип, көрк кошкум келген. Колдо бар материалдар менен жаңылап чыккам. Ошол гүлдү оюмдагыдай кооздоо үчүн 3 ай үстүнөн иштегем. Жалпысынан жакшынакай болуп турса да, купулума толук толмоюн, элге сунуштагандан да уялат экенмин. 

Андан кийин декор үчүн көпөлөктөрдү жасай баштадык. Алардын үлгүсүн кытайлардан көргөнбүз. Бирок даярын сатып алгым келген эмес. "Муну эмнеге өзүбүз жасай албайбыз? Колубуздан келе турган эле иш го" деп, жолдошум экөөбүз аны жасап чыгууга кириштик. Декоратор үчүн жасалган буюм оңой орнотулуп, кайра жыйналууга жана сактоого ыңгайлуу болушу керек. Биз дайыма ушул жагына көңүл бурабыз. Көпөлөктөрдүн алгачкы үлгүсүн 2023-жылы жасап көргөнбүз. Ошондон бери улам өркүндөтүп олтуруп, быйыл өзүбүз каалаган жыйынтыкка жеттик.

- Бул кесип сиздин жана үй-бүлөңүздүн жашоосуна кандай өзгөрүү алып келди?

- Бул иш убакыт өткөн сайын үй-бүлөлүк бизнеске айланды. Азыр байым экөөбүз чогуу эмгектенип, ушул кесип аркылуу нан таап, балдарыбызды багып жатабыз. Экөөбүздүн күчүбүз бириккенде иш да жеңил, жыйынтык да жакшы болот экен.

 - Өз ишин баштоону каалаган айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз? Алдыдагы максаттарыңыз кандай?

- Эң биринчи айтаарым — коркпогула. Эгер бир ишти чын көңүлдөн жасап, ишиңдин майын чыгарсаң, сөзсүз жыйынтыгы болот. Идеяң болсо, аны ишке ашыруудан тартынба. Ар бир адам өзүнүн өзгөчөлүгүн табышы керек. Ошондо гана өнөр да өсөт, адам өзү да өнүгөт.

Ал эми алдыдагы максатым — эмгектеримди дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Азыр деле чет өлкөдөн кызыккандар көп. Сабактарым кыргыз тилинде болгондуктан, көбүнчө Казакстан менен Өзбекстандан адамдар үйрөнүп жатышат. Келечекте сабактарымды англис тилине которуп, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү адамдар менен да тажрыйбамды бөлүшкүм келет. Мисалы, Германиядагы орус тилдүү айымдар менин сабактарымды түшүнүп, жасап жатышат. Бул мага дагы алдыга умтулууга чоң дем берет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media