2022-жылга салык отчетун тапшыруу мөөнөттөрү — кантип, качан жана кандай отчеттор тапшырылат?

2022-жылга салык отчетун тапшыруу мөөнөттөрү — кантип, качан жана кандай отчеттор тапшырылат?

Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылга салык отчетун кантип, кайсы жерде жана кайсы мөөнөттөрдө тапшыруу керектигин эскерткен нускама иштеп чыкканын билдирди.

Төмөндө аталган нускамада айтылган маалыматтар берилет.

Кантип тапшыруу керек?

Кыргызстанда Мамлекеттик салык кызмат органдарына (МСК) отчёт милдеттүү негизде электрондук түрдө тапшырылат. Жеке ишкерлер www.salyk.kg порталында арыз толтуруп, аны МСКнын райондук бөлүмдөрүнө тапшыруу менен Жеке кабинетине кирүү жетиштүү, ал эми уюмдар жеке кабинети аркылуу отчёт берүү үчүн Электрондук кол тамга алышы керек.

Качан тапшыруу керек?

Бардык салык төлөөчүлөр, анын ичинде чакан жана орто бизнес жана коммерциялык эмес уюмдар киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фонддору боюнча отчётторду 2022-жылдын 1-январынан тартып киреше төлөнгөн айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен бирдиктүү FORM STI-161 формасында ай сайын тапшырууга милдеттүү.

Форма www.salyk.kg порталында жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жеткиликтүү.

Салык кодексине ылайык, салык агенти киреше салыгы боюнча отчётту ай сайын 20нан кечиктирбестен төлөгөн жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.

Салык агенти кармап калган киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча, ал эми өзүнчө бөлүмдөр бар болгон учурда, өзүнчө бөлүмдөрдүн катталган жери боюнча төлөнөт.

Буга байланыштуу, мурда эсептик ведомстволорун жана киреше салыгы боюнча отчётторун ар кандай салык органдарына тапшырып жүргөн төлөөчүлөр эсептик ведомстволорун мурдагы жери боюнча Социалдык фонддогу каттоо номерин жапкандан кийин киреше салыгы боюнча отчёт тапшырган жер боюнча Социалдык фондго каттоого турууга милдеттүү.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу 2022-жылдын 1-январынан тартып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фонддору боюнча эсептик ведомстволору кабыл алынбайт. Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2022-жылдын 1-январына чейинки отчёттук мезгилдер үчүн баштапкы жана такталган эсептик ведомстволорун берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, чакан жана орто бизнеске жалпы салык режиминин салык төлөөчүсү катары катталган субъектилер жана бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу тутумунда катталган салык төлөөчүлөр, анын ичинде нөлгө барабар ставка боюнча салык төлөөчү субъектилер кирет.

Салык кодексинин 102-беренесине ылайык, салык органынын чечими боюнча салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык отчётун берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

КР Социалдык фондуна кандай отчёттор берилет?

Социалдык чегерүүлөр боюнча белгиленген формадагы отчёт МСКнын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькулятордун жардамы менен толтурулуп («Электрондук сервистер» бөлүмү, мындан ары «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомствону толтуруу боюнча жардамчы»), XML форматында салык органына электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

Электрондук калькулятор эсептик ведомстволордун электрондук формасын толтуруу процессин жеңилдетет. Бул үчүн жөн гана ЖИНди киргизип, «эмгек акы төлөө фонду» бөлүмүнө өтүп, төлөөчүнүн категориясын тандагандан кийин калькулятор бардык башка талааларды автоматтык түрдө толтуруп, керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, натыйжаларды өткөрүп берет.

Кызматкер 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алуу тууралуу же табылган каталарды жоюу жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туура маалыматты берүү үчүн төлөөчүнүн электрондук почтасы аркылуу билдирет.

МСКБнын расмий электрондук дарегинен отчётту кабыл алуунун статусу жөнүндө кайтаруу билдирүүсү болгон гана учурда отчёт кабыл алынды деп эсептелет.

Отчеттуулук тууралуу дагы кененирээк маалыматты Экономика министрлигинин расмий сайтынан алсаңыз болот.

Кошумча окуңуз:

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштеп чыкты

Экономика министрлиги Ишкерлерди тейлөө борборуна кайрылуу боюнча нускама даярдады

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн атайын 5 нускама чыгарды

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун