Тигүү цехтерине буюртма көп, бирок жеңилдетилген насыя, жумушчу күч жок - жеңил өнөр жай кызматкерлери минкабдан жардам күтүшөт

Тигүү цехтерине буюртма көп, бирок жеңилдетилген насыя, жумушчу күч жок - жеңил өнөр жай кызматкерлери минкабдан жардам күтүшөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 7-сентябрда өлкөнүн жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту. Анда ишкерлер өздөрүнүн бир катар көйгөйлөрүн айтып чыгышты.

 Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер тарабынан бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Алар, акыркы учурда тигүү ишканаларына буйрутма көбөйүп, бирок кесипкөй жумушчу күчү жетишпей жатканы, аймактарда ири тигүү цехтеринин филиалдарын ачууда жеңилдетилген насыялар керектигин, экспортту көтөрүү үчүн тигүү тармагына тийиштүү заманбап технологияларды сырттан сатып алууда салыктан бошотуу сындуу маселелерди айтышты.

Министрлер кабинетинин башчысы жеңил өнөр жай тармагындагы ишканалардын ээлери менен жолугушуулар уланып, салык жеңилдиктерин берүү, жеткиликтүү насыялоо маселелери карала турганын белгиледи.

«Керек болсо аймактардагы бош турган мамлекеттик имараттарды тигүү өнөр жай ишканаларынын пайдаланууга берүүгө даярбыз», – деди ал.

Жыйынтыгында экономика жана коммерция министрлигине «Легпром» Ассоциациясы жана финансы институттары менен бирдикте текстиль тармагына жеңилдетилген насыя берүү жана чийки заттын жана материалдык ресурстардын импортуна көз карандылыкты азайтуу чараларын иштеп чыгуу тапшырылды.


Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган