Израилдик «Биофармакс Групп» Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын чыгарууну көздөөдө

Израилдик «Биофармакс Групп» Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын чыгарууну көздөөдө

Израилдик компания Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда “Кыргызиндустрия” ААКтын кеңсесинде Израилдин «Биофармакс Групп» ЖЧК фармацевттик компаниясынын башкы директору Сарел Чен-Тов мырза менен коомдун президенти Жарасул Абдураимовдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Израилден келген делегациянын курамында акционерлердин инвестициялар боюнча кеңешчиси Туриски Игаль, эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Руднев Владимир Игоревич, инновациялар жана өнүктүрүү боюнча директор Юли Израэль Хореш Себбаг болду.

“Кыргызиндустриянын” берген маалыматына караганда, алар КРнын аймагында дары каражаттарды биргелешип чыгарууну уюштуруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу багытында эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан. Израиль делегациясынын башчысы Сарел Чен-Тов мырза «Биофармакс Групп» ЖЧК импорттолуучу фармацевттик каражаттардын өндүрүшүн баштоону көздөп жатканын жана компания Кыргызстанда жасалуучу препараттарды өндүрүүчүлөргө атаандаштык кылуу ниети жок экендигин билдирген.

Ошондой эле Израиль тарап иштеп жаткан ишканаларды модернизациялоого ар тараптан жардам көрсөтүүнү сунуш кылган жана тараптар бул долбоорду ишке ашыруу максатында конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн жумушчу комиссия түзүү зарылдыгын белгилешип, өз ара кызматташуунун практикалык жактарын сүйлөшүшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган