Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты

Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты

8-августтан 10-августка чейин Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматы “Тянь-Шань Форель” ЖЧКсынын (Панфилов районунун Вознесеновка айылы) ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды таап чыкканын билдирди.

“Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык ченемдерин жана талаптарын жана КРнын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча 3 (үч) мыйзам бузуулар аныкталды жана 15 күндүк мөөнөткө Жазма буйрук берилди.

Акваториянын участогун кароонун жыйынтыгы боюнча участоктун максатсыз пайдаланылышы, келишимдик милдеттенмелердин жана келишимдин предметинин аткарылбагандыгы аныкталды, бул жөнүндө кароо актысы түзүлдү. Иштин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү”, – дейт министрлик.


Эскерте кетсек, буга чейин «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору ишкер Ильгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Фейсбуктан кайым айтышып келишкен.

Ага чейин ишкер Шаменов министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн, мыйзамсыз, себепсиз текшерүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине ачык кайрылуу жолдогон. Ага Шаменовдун Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон. 

Ошондой эле жакында эле Шаменов бийлик тараптан куугунтуктоо болгонун жана учурда ал Россияга кетип, балык чарба бизнесин ал жактан улантканы жатканын өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган