Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда - ЭИК

Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда - ЭИК

Накталай эмес төлөмдөрдү стимулдаштыруу жана формалдуу эмес экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай эмес төлөмдөр боюнча сатуудан алынуучу салыктын нөлдүк ставкасын узартуу зарыл, анткени ал 2023-жылдан тартып күчүн жоготот. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) жетекчиси Аскар Сыдыков инвестициялык кеңештин жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, Аскар Сыдыков Салык кодексине өзгөртүү киргизүүдө аны ачык кароого чакырды. Ошондой эле ал премьер-министрдин катышуусунда өзүнчө жыйын өткөрүп, бизнес-өкүлдөрүнүн сунуштарын талкуулап, мүмкүн болушунча аларды эске алууну сунуштады.

ЭИК ошондой эле жылына бир жолу гана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чектөөлөрдү алып салуу керектигин белгиледи.

«Бизнес Салык кодексиндеги көйгөйлүү маселелер чечилмейинче айлап же жылдап күтө албайт. Мисалы, коомдук тамактануу жана туризм салыктын кыскарышын көп айдан бери күтүп келе жатат. Зарылчылыкка жараша Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилиши керек”, – дейт Сыдыков.

Ошондой эле жыйында чет өлкөдөн сатылып алынган кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы (КНС), суусундуктарга коюлган акциздик салык маселеси козголду. Ишкерлер бул акциздик салык азыркыдай бардык сергитүүчү жана алкоголсуз суусундуктарга эмес, энергетикалык суусундуктарга гана салынышы керек деп эсептешет. Болбосо, мындай суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн укуктары бузулуп, андан аркы өндүрүшкө көп миллиондогон инвестиция салууга коркунуч келиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган