Кайсы бизнес ЕАЭБ ичинде бажы жеңилдиктерин ала алат?

Кайсы бизнес ЕАЭБ ичинде бажы жеңилдиктерин ала алат?

Бүгүн, 3-октябрда, Инвестициялык агенттик Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кайсыл ишкерлерге бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана тарифтик преференцияларды төлөөдө жеңилдиктерди ала аларын билдирди.

Белгиленгендей, Инвестициялык агенттик ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында «Инвестициялык долбоорлордун реестрин» түзгөн, ага төмөнкүлөр кирет:

  • инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшү;
  • жеңил өнөр жай;
  • тамак-аш өнөр жайы;
  • энергетика;
  • айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү;
  • чогултуу өндүрүшү;
  • туризм;
  • экспортко багытталган өндүрүш;
  • тармактар, байланыш жана коммутация системалары;
  • жол транспорту жана жол куруу;
  • банктык жана төлөм иши;
  • саламаттыкты сактоо (медициналык техника, анын ичинде анын тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн, ошондой эле медициналык буюмдар);
  • аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учактар).

Ишкердиктин бул түрлөрү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге технологиялык жабдууларды, ага тетиктерди жана запастык бөлүктөрдү, мүчө мамлекеттин аймагында гана пайдалануу үчүн ташылып келинүүчү сырьё жана материалдарды ташып келүү үчүн бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.

Бүгүнкү күндө «Инвестициялык долбоорлордун реестринде» долбоорлору ишке ашыруу стадиясында жана ишке киргизүүнү пландаштырып жаткан 80 компания бар. Инвестициялык агенттик реестрге киргизүү үчүн арыздарды кабыл алууну улантууда.

Кызыккандар төмөнкү телефондор боюнча кайрылса болот: +996 (312) 300 238, +996 (702) 022 320.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери жууп-тазаланды.