«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 8.4 млрд сом төктү

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 8.4 млрд сом төктү

Октябрь айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8.4 млрд сом салык төлөсө, анын 5.5 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 581 млн 399 миң сом төлөгөн, анын ичинен:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду –290 млн 699 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фонду- 174 млн 419 миң сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 116 млн 279 миң сом.

Октябрга карата компанияда 773 кызматкер бар, анын ичинен:

  • башка аймактардан – 189 кызматкер (28%)
  • Талас районунан – 490 кызматкер (72%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – 198 кызматкер (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 29%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен 207 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.

Өндүрүштүк керектөөлөр үчүн пайдаланылган жер үстүндөгү суулар үчүн төлөмдү чогултуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлдү. 2022-жылдын октябрына карата чогултулган каражат 4.5 млн сомдон ашты. Компаниянын маалыматы боюнча, жакын арада бул сумма республиканын бюджетине которулат.

Кошумча окуңуз:

«Альянс Алтын» компаниясы 8 млрд сом өлчөмүндө салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы ИИМге 18 кызматтык унаа белек кылды

«Альянс Алтын» компаниясы 7.6 млрд сом салык төлөдү

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди. 28-февралда Аламүдүн РИИБге Арашан айылында баңгизат табылганы жөнүндө ыкчам билдирүү келип түшкөн. Текшерүү учурунда 18 жаштагы Р.А. аттуу жарандын жанындагы баштыктан салмагы 35 граммды түзгөн психотроптук зат табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын,

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү

Ташкент шаарында  Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медиктердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт – Мамадалиев

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим дарыгерлердин көп жылдан бери көтөрүлүп келген негизги көйгөйлөрүнүн бирин чечүүгө багытталган. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Маселен,

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат

Фейк аккаунттар аркылуу каралоо иштерине каршы мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын каралаган фактылар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Абдиев белгилегендей, жакында кармалган аял эки фейк аккаунт ачып алып, мамлекетке карата жалган