Кыргызстандын тигүүчү фабрикалары россиялык ишканалар менен 10 млрд рублга келишимдерди түзүштү

Кыргызстандын тигүүчү фабрикалары россиялык ишканалар менен 10 млрд рублга келишимдерди түзүштү

Caravan Expo 2022 аталган Россиядагы кыргыз товарларынын жана кызматтарынын биринчи көргөзмөсүнүн жыйынтыгында КР жана РФ ишкерлеринин ортосунда 10 млрд рублга келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу катышуучулардын өз ара кызматташуусу боюнча меморандумдарга кол коюу аземинде көргөзмөнүн уюштуруучусу Темирлан Жуманазаров билдирди.

Көргөзмө учурунда негизинен жеңил өнөр жай тармагына басым жасалды.

Уюштуруучулар Кыргызстандын бүтүндөй экономикасын жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенишкенин, көргөзмөгө келгендердин жана экспоненттердин саны мындан да көп болушуна ишенишкенин Жуманазаров белгилеп айтты.

«Жалпысынан айтканда жыйынтыктар канааттандырарлык болду. «Ламода», Most сыяктуу ири дүкөндөр тармактары жана маркетплейстер менен келишимдер түзүлдү. […] Биз башында келишимдердин жалпы суммасы 1 млрд сомго жетет деп айтканыбыз менен, андан алда канча көбүрөөк болот деп күткөнбүз. Экспонаттардын да, келишимдердин да суммасы 10 млрд рублдан да көп болмок», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда