50 миң доллар инвестиция алуучу акселерациянын жеңүүчүлөрү жарыяланды

50 миң доллар инвестиция алуучу акселерациянын жеңүүчүлөрү жарыяланды

Туруктуу кышкы туризм (WTK) долбоорунун катышуучулары: «Этномир» сувенир дүкөнү, «Дасторкон» кафеси, «А4» муз тебүүчү аянтчасы жана «Жаркыра» тазалоо кызматы 50 миң долларга чейинки инвестицияга сунушталды. Бул тууралуу Accelerate Prosperity демилгесинин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстанда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоору (WTK) Accelerate Prosperity менен биргеликте туризм бизнеси боюнча акселерациялык конкурс өткөрүп, инвестиция ала турган жеңүүчүлөрдү аныктады. Бул акселерация программасы Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, 8 жумага созулду.

Алгач бир ай бою Каракол шаарындагы кышкы жана жыл бою туристтик бизнестин өкүлдөрүнүн арасында акселерацияга катышуу үчүн тандоо өткөрүлдү. Тандалган катышуучуларды жеке бизнес-насаатчылар коштоп, дагы бир ай окутушту.

Акырында катышуучулар инвестициялык комитетке өздөрүнүн бизнес-пландарын сунуштап, тийиштүү экспертизадан өткөндөн кийин эң перспективдүү долбоорлор 50 миң долларга чейинки инвестицияга сунушталды. Жеңүүчүлөр болуп «Этномир» сувенир дүкөнү, «Дасторкон» кафеси, «А4» муз тебүүчү аянтчасы жана «Жаркыра» тазалоо кызматы тандалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан